Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

“Байрактар": Анкарага бизнес, Борбор Азияга баш оору


Азербайжан армиясы алган Түркияда жасалган "Байрактар" дрону
Азербайжан армиясы алган Түркияда жасалган "Байрактар" дрону

Түркия "Байрактар TБ2" дрондорун эми Тажикстанга сата турганы боюнча кабар Кыргызстанда кызуу талкууга түштү.

Буга тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаевдин Жогорку Кеңеште аны кыйыр түрдө ырастаганы негиз берди. Аны бейрасмий маалыматты жайылтканы үчүн сындагандар болду. Бирок бул тастыкталса, чек арада күчтөрдүн тең салмагын бузуп, аскердик чатак ырбаса, ал кыргыз-түрк мамилесин бузуп, түрк дүйнөсүнүн ынтымагын ыдыратышы ыктымал деген божомолдор айтылууда.

Бирок Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Тажикстан “Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учактарын сатып албаганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тажик тарап “Байрактарды” чыгарган түркиялык ишкана менен келишим түзгөн эмес.

“Ишенимдүү маалыматтарга караганда, тажик тарап "Байрактар" учкучсуз учуучу учактарды чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка ушуга окшогон түркиялык өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөндүгүн маалымдайбыз”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК билдирүүсүндө, Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүүдө деп айтылат. Кыргызстан Түркиядан сатып алган учкучсуз учактарды Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтардан улам алганын белгилейт.

Атайын кызмат “кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт” деп билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо социалдык тармактарга чыккан маалыматтарга таянып, Анкара Дүйшөмбүгө "Байрактар” дрондорун сатууну макулдашканы тууралуу палатада маселе көтөрдү. Депутат Анкаранын мындай кадамы эмнеден кабар берет деген суроо койду.

Мирлан Самыйкожо, Жогорку Кеңештин депутаты.
Мирлан Самыйкожо, Жогорку Кеңештин депутаты.

“Кыргызстан Түрк кеңешине мүчөбү? Тажикстанчы? Түркия Тажикстанга “Байрактарды” жөнөттү” деген маалыматтар чыкпадыбы. Ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Бул боюнча бизде аябай тыкыр көз караш болушу керек. Бул жерде аябай чоң маселе бар. Аны жакшы билесиздер. Бул нерсе эмнеден кабар бере турганы боюнча дагы маалымат алышыбыз абзел”.

Депутаттын минтип тынчсызданганы жөн жерден эмес. Анткени, былтыр 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ири куралдуу жаңжал чыгып, андан аскерлер менен жайкын тургундар каза тапкан. Ал эми былтыр жайында Кыргызстан Түркиядан “Байрактар” учаксыз аппараттарын сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Эми Түркия аларды тажик тарапка сатууну макулдашканы боюнча маалымат чыкканы коңшулардын чек ара жаңжалын ырбатпайбы деген суроону жаратты.

21-апрелде Анкарада Тажикстан менен Түркия аскердик кызматташуу тууралуу макулдашууга жетишкени кабарланган. Тажик коргоо министри Шерали Мирзо менен түрк коргоо министри Хулуси Акар алкактык макулдашууга кол койгону гана расмий маалымдалды.

Тажикстан менен Түркиянын коргоо министрлери
Тажикстан менен Түркиянын коргоо министрлери

"Макулдашууда маселе бар"

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев түрк тарап менен такташчу маселе бар экенин айтты.

Жээнбек Кулубаев, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.
Жээнбек Кулубаев, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.

“Биз ал маалыматтарды алдык, азыр элчилике жана башка мамлекеттик органдарга тапшырма берип, тактап жатабыз. Ооба, бул азырынча чын. Бирок аларды канча санда жана качан алынарын тактап жатабыз. Буга чейин түрк тарапка дагы “муну этияттагыла анткени ортобуздагы чек ара көйгөйлөрү чечиле элек, “Байрактарды” бизден башка коңшуларга сатууда абайлап мамиле кылыңыздар” дегенбиз. Бирок алар “бул бизнес, биздин аскердик кызматташтык арта берет” деп айтышкан экен. Азыр толук маалымат алгандан кийин дагы түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, - деди Жээнбек Кулубаев.

Парламентте депутат менен дипломаттын ортосундагы суроо-жоопту мамлекет аралык мамилеге жана улуттук коопсуздукка залал келтирчү орунсуз саясий катачылык катары карагандар да болду.

“Регион” телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов парламентте бул маселени ачык көтөрүү орунсуз болгонун жана ага негиз жоктугун сындады:

“Расмий такталбаган маалыматты парламентте талкуулоо эки тараптуу мамилеге терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Анткени, алар жөнөкөй адамдар эмес. Бийликтин бир бутагындагы кызмат адамдары. Алар маселени тактап туруп анан айтышы керек болчу. Анан эми Тажикстандын Телеграм-каналдарына анонимдүү чыккан маалыматтарды айта берген туура эмес. Түркия менен Тажикстандын расмийлери муну ырасташа элек. Анан азыр дүйнө тынч эмес болуп турган маалда мындай маселеге абдан аяр мамиле кылып, ойлонуп туруп сүйлөш керек эле”.

Ошол эле кезде Түркия бир эле түрк тилдүү мамлекеттер менен чектелбей, бүтүндөй Борбор Азияда негизги геосаясий “оюнчулардын” бири катары таасирин арттырууга кызыкдар экени белгиленди. Мындай жагдайда Анкара Дүйшөмбү менен да аскердик кызматташууну күчөтүп, анын аскердик муктаждыктарын канааттандырууну көздөп жатышы мүмкүн деген пикирлер бар.

Эрдогандын кадамы, Анкаранын ишараты

Ал эми саясий чөйрөдө Түркиянын Тажикстанга да дрондорду сатышы чек арада чыр-чатактардын күчөшүнө түрткү берип, Бишкек менен Анкаранын мамилесин бузушу мүмкүн экени айтылууда.

Бирок талдоочу Маметбек Мырзабаев Анкаранын бул кадамы жөн эместигин, буга Бишкектин позициясы себеп болушу мүмкүн деген пикирде.

“Аталган дрондор Тажикстандын колуна тийсе, анда кыргыз-түрк мамилесинде чукул бурулуш болгонун көрсөтөт. Чынын айтканда, түрктөрдүн азыркы бийликке деле таарынычтары бар. Анкара президент Жапаровдон көп нерсе күткөн. Ал Анкарага жасаган сапарында жана кийин Эрдогандын жардамчысы Бишкекке келгенде бир топ убадаларды берген болушу мүмкүн. Болбосо, Анкара мындай кылмак эмес. Анкаранын күткөн кадамдары жасалган жок. Ошондуктан бул Эрдогандын быйыл июнь айына пландалып жаткан расмий сапарынын алдында кыргыз тарапка бир ишарат болушу ыктымал. Тажик тарапка дрондор берилеби же жокпу мына ошол визитке көз каранды”.

Бул маселе боюнча Түркиянын Бишкектеги элчилигинен маалымат алууга мүмкүн болбоду. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү былтыр 18-декабрда Түркиянын "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарын алып, УКМКнын Чек ара аскерлигинин карамагына тапшырган. Буга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөнү кабарланган.

"Жөн гана бизнес"

Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев ал келишимде тиешелүү шарттар болушу керек эле дейт.

“Түркия бул жерде өзүнүн экономикалык жана саясий кызыкчылыгын биринчи орунга коюп жатат. Биздин кошуна мамлекет менен болгон чек ара чырына байланыштуу абалды пайдаланып, андан пайда көрүүнү көздөгөн тышкы күчтөр көп. Бул боло келген көрүнүш. Ага капа болуунун дагы кажет жок. Башкысы биз өзүбүз эч кимге ишенбей, өз коопсуздугубузду чыңдашыбыз зарыл. Анан Түркияны аябай эле жакын өлкө катары карай бербей, ар бир иште өзүбүздүн шарттарды койгонду үйрөнгөнүбүз дурус. Мына ошол “Байрактарды” сатып алып жатканда анын башка бир белгилүү тарапка сатылышына тыюу салган шарттар келишимге камтылганда анда азыр маселе болмок эмес”.

"Байрактар TБ2" Түркиядагы "Байкар" компаниясы жасап чыккан, чалгын жана абадан сокку уруучу, орточо бийиктикте, узак убакытка уча алган учкучсуз аппарат. Төрт ракета жана сапаттуу видео камералар менен жабдылган бул дрондор 5,5 - 8 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, асманда 24-27 саатка чейин уча алат. Керек учурда сегиз чакырымдык аралыктан бутага сокку урууга жарамдуу экени анын техникалык мүнөздөмөсүндө көрсөтүлгөн. Узундугу 6,5 жана эки канатынынын узундугу 12 метрге чейин жеткен бул дрон 55-155 килограммга чейинки жүктү көтөрө алат.

Дрон Түркиянын "Түрксат" спутник түйүнү аркылуу аралыктан көзөмөлдөнөт жана башкарылат. Анкара анын так баасын ачык жарыялаган эмес. Бирок айрым интернет булактарында бир "Байрактар" кеминде 5 миллион доллар турушу мүмкүн экени белгиленип келет.

"Байкар" компаниясын машина куруу боюнча инженер, октябрь айынын ортосунда көзү өтүп кеткен Өздемир Байрактар 1984-жылы негиздеген. Дрондордун аты бир четинен бул үй-бүлөнүн фамилиясынан алынса, экинчи жагынан "Байрактар" түрк тилинен которгондо "байрак же туу көтөргөн киши" деген маанини берет.

XS
SM
MD
LG