Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Bloomberg Кытай жана Орусия чогуу дрон жасоого киришкенин жазды


Shahed дрону.
Shahed дрону.

Кытайдын жана Орусиянын компаниялары биргелешип Ирандын Shahed согуштук дронуна окшош чабуул коюучу учкучсуз учак моделин иштеп чыгууга киришкенин 2-июлда Bloomberg басылмасы бул тууралуу кабардар болгон европалык аткаминерлерге таянып жазды.

"Компаниялар 2023-жылы ирандык Shahed учкучсуз учагын көчүрүп алуу максатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн жана Орусияга жөнөтүүгө даярдык алкагында быйыл анын тест версиясын иштеп чыгууда", - деп жазды басылма.

Аты-жөнүн атагысы келбеген булактар кытайлык дрондор азырынча Украинага каршы колдонула электигин билдиришти.

«Даярдалып жаткан учкучсуз учак боюнча расмий адамдар эч нерсе айта элек, бирок кытайлык коргоо багытындагы веб сайттар жана бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бул өлкө сыртынан караганда ирандык Shahed 136 дронуна окшогон Sunflower 200 деген аталыштагы чабуул коюучу жанкечти дрон даярдап жатканын маалымдашты», – деп айтылды Bloomberg макаласында.

Батыштагы жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Украинадагы согуш башталгандан бери Кытай Орусияга ар кандай курал-жарак, анын ичинде ракета жөнөтүп жаткан негизги өлкөгө айланды. Мисалы, Financial Times жазгандай, 2023-жылы Орусия импорттогон чиптердин 90% бул өлкөгө Кытайдан барган жана алар ракета, танк, учак жасоодо колдонулууда. Өткөн жылдын соңку кварталында Орусия баллистикалык ракета жасоо үчүн колдонгон станоктордун 70% Кытайдан алган.

Кытай Украинадагы согушту «украин кризиси» деп атайт жана эч кимисине курал-жарак бербегенин билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG