Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

23:30 27.1.2022

“Озоди” чек арадагы атышуудан бир тажикстандык көз жумганын жазды

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазды. Маалыматты Чоркух жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди. Анын айтымында, Обиджон ошол маалда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн жанында жүргөн.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.

Кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону кабарланды.

23:32 27.1.2022

Чек ара жаңжалында кыргызстандык төрт аскер жараат алганы расмий маалымдалды

Саламаттык сактоо министрлиги Баткен облустук саламаттык боюнча координатор Арзыбек Бөрүбековго таянып, 27-январь, түнкү саат 23:00дөн кийин Кыргызстандын төрт аскер жарадар болгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы тапта аларды Көк-Таш айылынан Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына эки “Тез жардам” унаасы менен алып баратышат. Жаракат алгандардын баарына жардыруучу заттын талкаланып, майдаланган бөлүктөрү тийген.

Баткен облусунун бардык ооруканалары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Он “Тез жардам” бригадасы иштеп, керектүү кан жана анын компоненттери даярдалганы айтылды. Кадамжай ооруканасынан Баткенге хирург, реаниматолог, травматолог дарыгерлер барышты. Кызыл-Кыя ооруканасынын дарыгерлер тобу да жиберилген.

00:14 28.1.2022

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, 27-январда "саат 22:18де тажик тараптын демилгеси менен эки мамлекеттин чек ара башчылары экинчи жолу телефондон сүйлөштү".

Маалыматка караганда, Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмоналинин сүйлөшүүсүндө чек арадагы ок атууларды токтотуу тууралуу сөз болду.

"Шаршеев анда тажик тарап ок атууларды токтотпой, чек арага аскердик оор техниканы жана өздүк курамды тартууну улантып жатканын" билдирген.

23:00гө карата тажик аскерлери кыргыз жоокерлеринин позицияларын маал-маалы менен аткылап жатканы маалыматта айтылды. Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында уланып жатканы кабарланды.

Чек ара кызматы билдиргендей, тажик аскерлери Кыргызстандын куралдуу күчтөрү жайгашкан жерди "миномет менен аткылаган, Көчө-Бою аймагында тажик тараптын аткылоосунан кыргызстандык жарандын үйү күйүп кеткен".

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.

Кыргыз тараптан төрт адам жарадар болгону маалымдалды. "Озоди" радиосу тажикстандык жайкын тургун каза болгонун билдирди. Тажикстан расмий маалымат бере элек.

00:15 28.1.2022

УКМКга караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал эмнеден чыкканы боюнча маалымат таратты.

Анда айтылгандай, 27-январда кечки саат 17:50дө Төрт-Көчөгө Тажикстандан жүк ташуучу машинелерге таш жүктөп бир нече адам келген. Алар Баткен-Исфана жолуна ташты түшүрүп, бөгөп салган. Аталган мекеменин басма сөз кызматы бул топту тажик чек арачылары коштоп жүргөнүн кабарлайт.

"Эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсүнөн соң жол кайрадан ачылган. Бирок тажик тарап макулдашууларга карабай, Чыр-Дөбө аттуу жерден Кыргызстандын күч түзүмдөрүн миномет, гранатометтор менен аткылаган. Андан соң тажикстандык күч түзүмдөрү Төрт-Көчө тилкесинде кыргыз аскерлерин аткылашкан. Тажикстандын аскерлеринин бул аракети чагымдын алдын ала даярдалганын далилдейт. Чек арачылардын штаттык комплектине кирбеген минометтордун колдонулушу эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат. Кыргыз тараптын ок атышууну токтотуу талабын аткарбай, электр тогу өткөн зымдарды, кыргыз чек ара заставаларын аткылап жатышат", - деп жазылган Чек ара кызматынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Атышуулар түнкү саат 23:45те дагы деле уланганы маалым болду.

Тажик бийлиги чыр эмнеден чыкканы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG