Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

00:16 28.1.2022

Чек ара кызматы Тажикстан ок атууну токтотпой, аскердик техника жана күчтөрдү тартып жатканын билдирди

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, 27-январда "саат 22:18де тажик тараптын демилгеси менен эки мамлекеттин чек ара башчылары экинчи жолу телефондон сүйлөштү".

Маалыматка караганда, Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмоналинин сүйлөшүүсүндө чек арадагы ок атууларды токтотуу тууралуу сөз болду.

"Шаршеев анда тажик тарап ок атууларды токтотпой, чек арага аскердик оор техниканы жана өздүк курамды тартууну улантып жатканын" билдирген.

23:00гө карата тажик аскерлери кыргыз жоокерлеринин позицияларын маал-маалы менен аткылап жатканы маалыматта айтылды. Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө аймактарында уланып жатканы кабарланды.

Чек ара кызматы билдиргендей, тажик аскерлери Кыргызстандын куралдуу күчтөрү жайгашкан жерди "миномет менен аткылаган, Көчө-Бою аймагында тажик тараптын аткылоосунан кыргызстандык жарандын үйү күйүп кеткен".

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.

00:51 28.1.2022

Лейлектеги бир нече айылдын тургундары эвакуацияланууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам кооптуу аймактардан Максат, Кулунду, Сада айылдарынын тургундары жеке унаалар менен эвакуацияланууда. Бул тууралуу 28-январга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Учурда аталган министрлик кошумча жарандарды кабыл алууга даярдык көрүүдө. Бул үчүн 90дон ашууну куткаруучу тартылды.

Буга чейин жаңжалдан улам Актатыр, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын тургундары көчүрүлүп жатканы кабарланган. Алар Баткен районундагы Рават айылына жайгаштырылып жатат.

Учурда Баткендеги Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режиминде иш алып барууда.

00:58 28.1.2022

Кыргыз тарап Көчө-Бою жана Дахма аймактарында кагылышуу уланып жатканын маалымдады

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдиргендей, 2022-жылдын 27-январында саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу 10 мүнөткө токтогон.

Ок атышпоо маалында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаевдин Тажикстандын Согд облусунун губернатору, ошондой эле тараптардын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

"Бирок, тажик тарап ок атышпоо боюнча эки тараптуу келишимдерди кайрадан бузуп, кыргыз тараптын позицияларын аткылоону улантты.
2022-жылдын 28-январы, саат 00:20га карата, Көчө-Бою жана Дахма аймактарында эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп жатат", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин куралдуу жаңжалда Кыргызстандын төрт аскер жарадар болгонун кабарлады.

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазды. Маалыматты Чорку жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди.

Куралдуу кагылышуу үчүн тараптар бири-бирин айыптап жатышат.

01:08 28.1.2022

Чек ара кызматы тажик аскерлеринин аракетин Согд облусунун губернатору координациялаганын кабарлады

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын хронологиясын жарыялады.

Андагы маалыматка караганда, 27-январда 17:50дө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары таш жүктөлгөн чоң автоунаалар менен келип, Баткен-Исфана жолун торошкон.

Аларды тажикстандык чек ара күчтөрү коштоп жүргөнүн Кыргызстандын расмий органы белгилеп жатат.

Мындан соң эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүп, жол ачылган. Бирок бир аз өтпөй тажик аскерлери Чыр-Дөбө деген жерде кыргыз аскерлерин көздөй минометтон ок чыгарганы кабарланды.

Буга улай Төрт-Көчө аймагында да кыргыз тарапты аткылай баштаган.

"Тажикстандын аскерлеринин аракетин Согд облусунун губернатору координация кылганы чагымдын алдын ала даярдалганын далилдейт. Чек арачылардын штаттык комплектине кирбеген минометтордун колдонулушу эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат"- деп айтылды Чек ара кызматынын маалыматында.

Согд облусунун губернаторуна байланышкан маалыматты Тажикстандын расмий органдары комментарийлей элек. Коңшу өлкө жаңжалга Кыргызстанды күнөөлөп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG