Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:58

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

20:51 27.1.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев билдирди.

Төлөнбаев "атышуу башталды, эки тараптан тең атышып жатышат" деген маалыматты айтуу менен чектелди.

Баткендин Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова да ок атуулар тууралуу кабарды ырастады.


Тажикстандын бийлиги чек арадагы атышуу тууралуу расмий кабар бере элек. Окуянын себеби азырынча белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстандын аскерлери Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады. Чек арадагы абалды "чыңалган" деп баалады.

Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы.

Маалыматка караганда, кечки 17:30дан 18:30га чейин жолду тосуу башталган. Окуя курчуп кетпеш үчүн Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров Төрт-Көчөгө барышкан. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жер кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү. Ал жерден Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.

Баткен менен Лейлекти байланыштырган мурдагы жол Тажикстандын Сурх, Чорку айылдарын аралап өтүп турган. 2007-жылдан кийин Баткен облусунда көз карандысыз жолдорду куруу аракети башталган.

Жаңы жолдун багыты Тажикстандын айылдарын айланып, Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө тилкесинен Лейлек районуна өтүп кетет. 2009-жылы эки тараптуу кабыл алынган протоколдун негизинде Төрт-Көчөнү кесип өткөн жол курулган. Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган учурда бул протоколго кол койгон Адахан Мадумаров ушул күндөрү атайын кызматта сурак берип жатат.


Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин айынан чек арада чыр-чатак байма-бай катталып келет. 2021-жылы жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштери козголгон.

21:03 27.1.2022

Чек ара кызматы: Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө атышуу болуп, тажик тарап миномет, гранатомёт колдонууда

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 27-январь, саат 20.30 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу бойдон турганын маалымдады.

Мекеменин билдирүүсүндө, такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө аймагында Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19.30да кайра ачылган.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстан тарапты көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда жатканын" кабарлады Кыргызстандын Чек ара кызматы.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Мындан башка расмий маалымат бериле элек.

21:18 27.1.2022

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев "Фейсбукта" түз эфирде журналисттердин суроолоруна жооп берген учурда облус жана район жетекчилери менен тийиштүү органдардын өкүлдөрү тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын билдирди.

“Кырдаал оор болуп турган учур. Бизге саат 18:15 чамаларында тажик тарап макулдашуусуз, бизге кабарлабастан Төрт-Көчөнү белгисиз себептерден тосуп салды, эл топтолуп жатат деген маалымат келген. Биз сураштырып маалымат алганда тажик тарап чек арага жакын жерде курулуш иштерин баштаган. Күч түзүмдөрү барып эскертүү берип, “тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салбай, чагымчылдыккка барбай токтотуп тургула” деген эскертүүсүнө баш ийбей уланта баштаган. Ошол жерде жашаган эл жолго чыгып жолду тосуп алган. Абдикарим Алимбаев (президенттин Баткен облусундагы өкүлү - ред.) жерине барып сүйлөшкөндө жол ачылып кыймыл ирээтке келген. Бирок 5-7 мүнөттөн кийин ок атышуулар башталып кеткен. Азыркы учурда облус жетекчиси, район жетекчиси күч түзүмдөрү бардыгы тажик кесиптештери менен сүйлөшүп жатат. Чек ара тилкесине жакын аймактагы жашоочуларды биз чыгарып кетүүгө аркеттерди жасадык. Азыр бизге келген маалыматтар боюнча жаракат алгандар жана башкалар боюнча маалымат жок. Атышуу токтой элек, бир саатка чамалап калды”, - деди ал.

21:26 27.1.2022

"ЗУ (зениттик курал) менен атып атат. Курал менен атып атат. Кайсы жерден атып атканы белгисиз. Көк-Таштын бардык көчөлөрүнө түшүп атат. Үйлөр өрттөлгөн жок. Абал оор эле. Бала-бакыраны башка жерге чыгарып койгонбуз", - деп билдирди Акыл аттуу Көк-Таштын тургуну.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG