Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

21:27 27.1.2022

Бүгүн, 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан айылдардын тургундары көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, кары-картаңдар, аялдар жана балдар убактылуу коопсуз жерге чыгарылууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев билдирди.

Чек ара кызматынын бир аз мурда тараткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу "Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатат".

Кыргыз тарап чек ара жаңжалы тажикстандык жарандар Төрт-Көчө аймагын жаап алгандан кийин тутанганын билдирүүдө.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

22:18 27.1.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалган абалдан улам Баткендеги ооруканалар даярдыктарын күчөтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Чек арадагы ок атышуудан жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

22:35 27.1.2022

Энергетика министрлиги жергиликтүү тургундарга таянып кабарлагандай, тажик тарап электр линияларына ок чыгарып, ал жабыркаган. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Бос, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган.

“Чек арадагы абал туруксуз болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

22:59 27.1.2022

ЖККУнун баш катчысы Кыргызстан менен Тажикстанды ок атышууну токтотууга чакырды

Станислав Зась.
Станислав Зась.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтерин чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу билдирүү ЖККУ расмий сайтына жарыяланды.

Анда айтылгандай, Зась Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен телефондон сүйлөшкөн.

“Чек арадан кайрадан кагылышуу башталганы, ушуга чейин жаракат алгандар бар экени олуттуу кабатырлануу жаратат. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу тиреш дароо токтотулушу керек. Келишпестиктерди үстөлгө олтуруп, тынчтык сүйлөшүүлөр арылуу чечүү зарыл. ЖККУ чатакты чечүү үчүн Кыргызстанга жана Тажикстанга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр. ЖККУнун мүчөлөрү – эки мамлекеттин жетекчилиги тең чек арадагы оор маселени жөнгө салуу үчүн орток пикир табат деп ишенем”,-деп билдирди ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась.

ЖККУга Орусия, Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG