Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

11:21 29.1.2022

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кошумча күчтөрдү артка алып кетүү жараяны аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Чек ара кызматы кадимки режимде иштеп жатат.

Мекеменин 29-январдын саат 10:30га карата берген маалыматына ылайык чек ара аймагында кырдаал туруктуу.

11:21 29.1.2022

Кызыл жарым ай коому Баткендеги чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн Ош, Жалал-Абад шаарларынан кошумча күчтөр тартылып, азык-түлүк, жууркан-төшөк, жеке гигиеналык жана башка керектүү каражаттар жеткирилгенин маалымдоодо.

Мындан тышкары аймакка 600 литр күйүүчү май да жиберилди.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

20:31 28.1.2022

Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү 28-январдагы жолугушууда чек арадагы чырдын себептерин биргеликте иликтөөнү макулдашты.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандан Чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмонали менен Баткен районундагы Достук айылында жолугушту. Эки тараптын делегациясы чек арага тартылган кошумча күчтөрдү, каражаттарды кайра артка алып кетүү жана чырдын себептерин биргелешип иликтөө жөнүндө макулдашты.

"Комиссия түзүүнү чечтик, ал кечээки окуяларды иликтейт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээки окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды кайра алып келүү тууралуу тапшырма берилди. Алар бүгүн кече чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Чек арага жакын алынып келген күч түзүмдөрүн кайра өздөрүнүн бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Чек арада бир гана Чек ара кызматынын жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери гана калат", - деди Ташиев.

Чек ара: тараптар ок атышууну токтотууну макулдашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:42 0:00

19:34 28.1.2022

Баткен: куралдуу жаңжалдан кийинки кырдаал

Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
1/15 Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Ок атышуу учурунда үйүн таштап качып чыккан аял.&nbsp;<br />
<br />
Чек ара жаңжалы, 27-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты.
2/15 Ок атышуу учурунда үйүн таштап качып чыккан аял. 

Чек ара жаңжалы, 27-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Расмий маалыматка караганда, 28-январь саат 14:00гө карата убактылуу көчкөндөрдүн саны 11 миңден ашты. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилди.
3/15 Расмий маалыматка караганда, 28-январь саат 14:00гө карата убактылуу көчкөндөрдүн саны 11 миңден ашты. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилди.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар.&nbsp;
4/15 Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар. 
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылында чек арадагы ок атышуу учурунда эки сарай ичиндеги малы менен өрттөнүп кеткен.&nbsp;
5/15 Көк-Таш айылында чек арадагы ок атышуу учурунда эки сарай ичиндеги малы менен өрттөнүп кеткен. 
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
6/15 Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Октон жабыркаган унаа.
7/15 Октон жабыркаган унаа.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
8/15 Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
9/15 Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылынын тургундарына бекер көмүр таратылууда. 28-январь, 2022-жыл.
10/15 Көк-Таш айылынын тургундарына бекер көмүр таратылууда. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылынын көмүр алуу үчүн келген тургундары.
11/15 Көк-Таш айылынын көмүр алуу үчүн келген тургундары.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Баткендеги көчүрүлгөн тургундарга Кызыл Жарым Ай коому көмөктөшүүдө.
12/15 Баткендеги көчүрүлгөн тургундарга Кызыл Жарым Ай коому көмөктөшүүдө.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Бул Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдун кесилиши.&nbsp;
13/15 Бул Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдун кесилиши. 
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
27-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын жарандары жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта &ndash; Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.&nbsp;
14/15 27-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын жарандары жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. 
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу.
15/15 Учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG