Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

17:20 28.1.2022

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышта үзүлгөн электр чубалгылар оңдолуп, электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик буга чейин электр линиялары тажик тарап ок чыгаргандан кийин жабыркаганынын билдирген. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган. Жарык өчкөн айылдарда "Ошэлектрдин" кызматкерлери иштеди.

17:19 28.1.2022

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге тапшырма берди. Ал 28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрдү.

Кеңешмеде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Ташиев тараптар чек арадагы атышууну биргелешип иликтөө үчүн комиссия түзүүнү, турак-жайын таштай качкан тургундарды кайрадан үйлөрүнө жеткирүүнү, жолдорду ачууну жана чек арадан Чек ара кызматынын жана жергиликтүү ички иштер органдарынын өкүлдөрүнөн башка бардык аскер бөлүктөрүн алып кетүүнү макулдашканын билдирген.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйын соңунда Акылбек Жапаров жабыркагандарга жардам берүү тууралуу чукул тапшырмаларды бергенин маалымдады.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

16:46 28.1.2022

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыкты. Ал чек ара маселесине, өзгөчө Тажикстандын аракетине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында чыкканын "Азаттыкка" билдирди.

"Агрессия токтош керек. Бул маселеге эл аралык уюмдар көңүл бурсун", - дейт укук коргоочу.

15:26 28.1.2022

Чек арадагы жаңжал эки тараптуу иликтене турганын Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде, чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээки окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды кайра алып келүү тууралуу тапшырма берилди. Алар бүгүн кече чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Чек арага жакын алынып келген күч түзүмдөрүн кайра өздөрүнүн бөлүктөрүнө кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Чек арада бир гана Чек ара кызматынын жана коомдук тартипти сактоо үчүн милициянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери гана калат", - деди Ташиев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG