30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” клубунун мурдагы оюнчулары жана Борбор Азиянын ардагер футболчулары ортосунда беттеш өттү. Ал 3:0 эсебинде "Барселонанын" жеңиши менен аяктады. Мунун алдында “Барселона" легендалары Жалал-Абад шаарындагы футбол академиясынын ачылышына катышып, жаш футболчулар менен ойноп, машыгууларды өткөрдү. Кыргызстанга клубдун президенти Жоан Лапорта да келди.
"Барселона" клубунун легендалары Кыргызстанда
![Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келди. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-9ac2-08dba9eae141_w1024_q10_s.jpg)
1
Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келди.
![“Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын беттеши Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-40cd-08dba9eb0245_w1024_q10_s.jpg)
2
“Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын беттеши Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
![Беттеште "Барселона" жеңишке жетти (0:3). Оюндагы голдорду Ривалдо, Хуан Пабло Сорин жана Хавьер Савиола киргизди.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-b719-08dba9eb08c5_w1024_q10_s.jpg)
3
Беттеште "Барселона" жеңишке жетти (0:3). Оюндагы голдорду Ривалдо, Хуан Пабло Сорин жана Хавьер Савиола киргизди.
![Мелдештин башында президент Садыр Жапаров Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарында ойноду.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-9e41-08dba9eae168_w1024_q10_s.jpg)
4
Мелдештин башында президент Садыр Жапаров Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарында ойноду.
![Атактуу футболчу Эдгар Давидс "Барселона" клубунда 2004-жылы ойногон.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-19ea-08dba9eb2353_w1024_q10_s.jpg)
5
Атактуу футболчу Эдгар Давидс "Барселона" клубунда 2004-жылы ойногон.
![Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарын кыргызстандык, казакстандык, өзбекстандык футболчулар түздү. Алардын катарында Талант Самсалиев, Руслан Сыдыков, өзбекстандык футболчусу Сервер Жапаров жана башкалар ойноду. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-1577-08dba9eacc20_w1024_q10_s.jpg)
6
Борбор Азиянын ардагер футболчуларынын катарын кыргызстандык, казакстандык, өзбекстандык футболчулар түздү. Алардын катарында Талант Самсалиев, Руслан Сыдыков, өзбекстандык футболчусу Сервер Жапаров жана башкалар ойноду.
![Бул беттешке билеттер 2000 сомдон 8000 сомго чейин сатылды. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-62d0-08dba9eb3133_w1024_q10_s.jpg)
7
Бул беттешке билеттер 2000 сомдон 8000 сомго чейин сатылды.
![Атактуу футболчу Карлес Пуйоль оюнга "Барселона" клубунун капитаны катары чыкты.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-3b0b-08dba9eacc20_w1024_q10_s.jpg)
8
Атактуу футболчу Карлес Пуйоль оюнга "Барселона" клубунун капитаны катары чыкты.
![Бишкекте өткөн оюнга чейин футболчулар Жалал-Абад шаарындагы "Барселонанын" академиясынын ачылышына катышты. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-b84d-08dba9ec8c5f_w1024_q10_s.jpg)
9
Бишкекте өткөн оюнга чейин футболчулар Жалал-Абад шаарындагы "Барселонанын" академиясынын ачылышына катышты.
![Футболчуларды тосуп алуу учуру.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-c7e0-08dba9ecfc5c_w1024_q10_s.jpg)
10
Футболчуларды тосуп алуу учуру.
![Ривалдо жаш футболчуларга кол тамга берип жатат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-3056-08dba9ed243d_w1024_q10_s.jpg)
11
Ривалдо жаш футболчуларга кол тамга берип жатат.
![Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышында. 29-август, 2023-жыл. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-29b6-08dba93e2e39_w1024_q10_s.jpg)
12
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышында. 29-август, 2023-жыл.
![Жалал-Абад шаарындагы "Барселона" академиясынын ачылышында Карлес Пуйоль менен Ривалдо.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-969b-08dba9ed0957_w1024_q10_s.jpg)
13
Жалал-Абад шаарындагы "Барселона" академиясынын ачылышында Карлес Пуйоль менен Ривалдо.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-1ab6-08dba93e5ef4_w1024_q10_s.jpg)
14
![Садыр Жапаров 29-августта “Барселонанын" президенти, мурдагы жылдыздары менен жолугушуп, алар жаштардын футболго кызыгуусун арттырып, шык берип келерин билдирди.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-80c3-08dba93e5eef_w1024_q10_s.jpg)
15
Садыр Жапаров 29-августта “Барселонанын" президенти, мурдагы жылдыздары менен жолугушуп, алар жаштардын футболго кызыгуусун арттырып, шык берип келерин билдирди.
![“Барселона” академиясынын жабык машыгуу жайы. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-f806-08dba93dc280_w1024_q10_s.jpg)
16
“Барселона” академиясынын жабык машыгуу жайы.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-8a74-08dba93d7849_w1024_q10_s.jpg)
17
![Садыр Жапаров билдиргендей, “Барселона” клубу Бишкек шаарына өз каражатына футбол академиясын ачат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-2aae-08dba93d8d65_w1024_q10_s.jpg)
18
Садыр Жапаров билдиргендей, “Барселона” клубу Бишкек шаарына өз каражатына футбол академиясын ачат.
![ ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-ea0c-08dba93d8d71_w1024_q10_s.jpg)
19
!["Барселона" - 1899-жылы негизделген каталондук футбол клуб. Ал Испания боюнча 77, эл аралык жана европалык 20 титулдун ээси.“Барселона” академиясы жана клубдун Борбор Азиядагы башка франшизалары JalGroup Asia компаниясына таандык. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-0345-08dba93dae5c_w1024_q10_s.jpg)
20
"Барселона" - 1899-жылы негизделген каталондук футбол клуб. Ал Испания боюнча 77, эл аралык жана европалык 20 титулдун ээси.“Барселона” академиясы жана клубдун Борбор Азиядагы башка франшизалары JalGroup Asia компаниясына таандык.