30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” клубунун мурдагы оюнчулары жана Борбор Азиянын ардагер футболчулары ортосунда беттеш өттү. Ал 3:0 эсебинде "Барселонанын" жеңиши менен аяктады. Мунун алдында “Барселона" легендалары Жалал-Абад шаарындагы футбол академиясынын ачылышына катышып, жаш футболчулар менен ойноп, машыгууларды өткөрдү. Кыргызстанга клубдун президенти Жоан Лапорта да келди.
"Барселона" клубунун легендалары Кыргызстанда
![30-августта президент Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f1a8-08dba957833b_w1024_q10_s.jpg)
21
30-августта президент Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды.
![Спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, эки чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника, музей, кафе жана "Барселона" (Barça) бренди менен мейманкана курулат.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-6521-08dba9578332_w1024_q10_s.jpg)
22
Спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, эки чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника, музей, кафе жана "Барселона" (Barça) бренди менен мейманкана курулат.
![Коноктор футболдук академиянын ачылышына катышып, ушул эле күнү Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек" стадионунда көргөзмө оюн өткөрдү. 29-август, 2023-жыл. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-e3fb-08dba9f02a7f_w1024_q10_s.jpg)
23
Коноктор футболдук академиянын ачылышына катышып, ушул эле күнү Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек" стадионунда көргөзмө оюн өткөрдү. 29-август, 2023-жыл.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-761d-08dba9f02a6e_w1024_q10_s.jpg)
24
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-70e5-08dba9f02a6b_w1024_q10_s.jpg)
25
![Жалал-Абад шаарындагы стадиондо өткөн машыгуу. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-292a-08dba9f02a7c_w1024_q10_s.jpg)
26
Жалал-Абад шаарындагы стадиондо өткөн машыгуу.