Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Балыкчы: электрге карыз карыларды үшүттү


"Нафил" карылар үйү.
"Нафил" карылар үйү.

Балыкчы шаарындагы “Нафил” карылар үйүнүн жашоочулары электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калышты. 50 миң сомдон ашып кеткен быйылкы карызды төлөй албаган карылар үйүнүн тургундары жылуураак жерден баш калка, ээси каражат издеп жүрөт.

56 жаштагы Асылбек Бердибеков Кочкор районунан келген. Өзү 2-топтогу майып. “Нафил” карылар үйүндө жашап жатканына беш жылдын жүзү болуп калганын, азыркы жагдай тууралуу айтып берди:

Асылбек Бердибеков.
Асылбек Бердибеков.

- Жарык жок, убагында тамагыбызды иче албай кыйналып жатабыз. Жаткан жерибиз жылуу болчу, электр өчкөндөн бери үшүп жатабыз.

Карылар үйүндө азыр Асылбек Бердибековго окшогон сегиз киши жашайт. Алардын көбү суукка чыдабай жылуу жай издеп, тааныштарына кеткенин айтышты.

Имаратка баш-көз болуп, эки адамдын чайын газга кайнатып, тамагын жасап берип жаткан Ырысгүл Асеинова карылар үйүнүн көйгөйү тууралуу мындай деди:

Ырысгүл Асеинова.
Ырысгүл Асеинова.

- Электр үчүн карызыбыз 50 миң сомдон ашып кетиптир. Директорубуз Элмира Түмөнбаева эжебиз азыр каражат издеп кеткен. Мен анын жардамчысымын. Эки маал тамак жасап, ушул жерде болом. Азыр жабылып калуу коркунучунда турабыз, көрүп атасыңар, муздак. Баса алгандары жакындарыныкына кетип калышкан. Баса албагандары жууркан оронуп жатышат. Бул жерди жаптырбай сактап калсак жакшы болмок.

“Нафил” карылар үйү 2013-жылы Балыкчы шаарынын тургуну Элмира Түмөнбаеванын жеке демилгеси менен ачылган. Балдар ооруканасынын бир ыптасында жайгашкан имаратты карылар үйүнө Балыкчы
шаарынын мэриясы бөлүп берген. Калган уюштуруу иштерине Түмөнбаева жеке каражатын жумшаган.

Азыркы тапта карылар үйү бул баш калкалаш үчүн келгендердин пенсиясынын 30 пайызынын жана кайрымдуулук каражатынын эсебинен жашап жатат.

Карылар үйүнүн негиздөөчүсү жана директору Элмира Түмөнбаеванын телефон аркылуу билдиришинче, карылар үйү жеке менчик болгондуктан мамлекеттен жардам албайт.

Элмира Түмөнбаева.
Элмира Түмөнбаева.

- Пенсиядан отуз пайыз алабыз, калганын өзүбүз каржылайбыз. Тигил жак, бул жактан сурайбыз. Азыр мен Ошто жүрөм. Мамлекет бизге жардам бербейт. Тескерисинче, "коммерциялык" уюм деп салык төлөтөт экен. Мэрияга эки жолу кат жаздым, экөөндө тең "шаардын бюджетинен жеке мекемелерге акча бөлүнбөйт. Биз эч кандай жардам бере албайбыз" деген жооп келди. Социалдык коргоо башкармалыгы да "жардам бере албайбыз" дешти. Жабылып калбайлы деп элден акча чогултуп жүрөм.

Балыкчы шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Камчыбек Дастановдун айтымында, жеке менчик карылар үйүнө колдоо көрсөтүүгө бюджеттен акча каралган эмес:

- Биз республикадан келген акчаны, анан мэриядан келген акчаны эле беребиз. Ал эми биздин өзүбүздө "буларга бергиле, тигилерге жардам бергиле" дегендей акча жок.

Балыкчы шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча
башкы адиси Адилет Калыковдун айтымында, шаар бийлигинин колдоосу менен карылар үйүнүн имараты бар. Былтыркы жыл үчүн электр энергиясынын карызын төлөш үчүн жергиликтүү бюджеттен 37 миң сом бөлүнүп берилген:

Бейөкмөт уюм катары аны ачкандан кийин булар каражаттарын, чыгымдарын өздөрү көтөрөт.

- Бул эженин өзү менен байланышканбыз, түшүндүрүп айтканбыз. Булар өздөрү негиздеген да. Аны ачкандан кийин бейөкмөт уюм катары каражаттарын, чыгымдарын өздөрү көтөрөт. Биз болсо мэрия тараптан мүмкүнчүлүккө жараша жардам көрсөтөбүз жана көрсөтүп келгенбиз.

“Нафил” карылар үйү 2013-жылдан бери республиканын ар кайсы
аймактарынан келген 54 кары адамды кабыл алган. "Кайрылгандардын аягы суюлган жок, бирок шарттын жоктугуна байланыштуу аларды кабыл албай калдык", - деди карылар үйүнүн ээси Элмира Түмөнбаева.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG