Иран менен Кытайдын 25 жылдык мөөнөткө эсептелген талаш-тартыштуу эки тараптуу келишимине 27-мартта кол коюлаары күтүлүүдө.
Келишимдин биротоло чоо-жайы ачыктала элек, бирок ага Ирандын отун-кубат жана инфратүзүм тармактарына Кытайдын капиталдык салымдары камтылаары күтүлүүдө.
Кытай – Ирандын башкы соода өнөктөшү. АКШнын чектөөлөрүнөн улам кескин кыскарган Ирандын чийки заттарын тышка чыгаруу жүрүмүндө Кытай эми негизги базарга айланган.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Сайид Хатибзаде 27-мартта билдиргендей, эки тараптуу келишим "саясий, стратегиялык жана экономикалык" өңүттөрдү өзүнө камтыйт.
Хатибзаденин айтымында, Кытай тараптан келишимге иш сапары менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ваңг И кол коёт. Ал 26-мартта кечке жуук Тегеранга келген.
Ирандын расмий өкүлдөрү бул келишимди Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин 2016-жылдын январь айында Иранга жасаган сапарында сунуш кылган деп билдиришти.
Ирандыктар расмий Тегеран Бээжинге өтө эле көп нерсени тарттырып жибериши мүмкүн деген кооптонуудан улам расмий бийликтер болочокку келишимдин чоо-жайын калайыктан жашырып жатышат деп айыптап чыгышты.
Акыркы жылдары АКШнын Тегеранды бөлүндүдө калтыруу багытындагы кысымынын күчөшүнө байланыштуу Иран бийлиги Кытайга көбүрөөк ыктай баштады. (TT)
Иран менен Кытай 25 жылдык эки тараптуу келишимге кол коюшат

Тектеш