Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

"Пробация менен чыкканыма жаным кейиди, бирок балдарымдын жанындамын". Карасартовага чыккан өкүм, иштин чоо-жайы


Рита Карасартова
Рита Карасартова

18-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча өкүм чыгарды.

Пробация жана айыппул

Бейшемби кечинде чыккан өкүмгө ылайык, Карасартова коюлган айып боюнча күнөөлүү деп табылып, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен беш жылга пробациялык мөөнөт белгиленди, ал эми “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча 50 миң сом айыппул салынды.

"Карасартованы тилкаттын негизинде эркиндикке чыгарышты. Бирок соттун чечимине макул эмеспиз жана жакын арада апелляциялык арыз менен кайрылабыз. Себеби Свердлов райондук сотунда биз берген өтүнүчтөр четке кагылды", — деди "Азаттыкка" анын адвокаты Жаныш Бараков.

Карасартовага айып таккан прокурор аны күнөөлүү деп таап, 10 жылга абакка кесүүнү соттон сураган. Мамлекеттик айыптоочу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен сегиз жыл, “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен үч жыл, экөөнү бириктирип 10 жыл жаза берүүнү өтүнгөнүн адвокаты айткан.

Беш айдан кийин эркиндикке чыккан укук коргоочу Рита Карасартова акталбай, пробация менен бошотулганына ичи кейигенин "Азаттыкка" билдирди. Ал соттун өкүмүнө каршы кийинки инстанцияларга кайрыларын кошумчалады:

"Албетте, ар бир адам жүрөгүндө адилеттүүлүк болот деп, акталууну күтөт экен. Бери дегенде айыппул менен чыгарат го деп ойлогом. Пробация менен беш жыл бергенине жаным кейиди. Бирок балдарымды көрүп, алар мени дайыма эле сыртта күтүп жүрө береби деп маңдайга жазганды көрөбүз деп ойлодум. Бирок мен өзүм укук коргоочу болгондон кийин башкаларга дагы укуктук жол менен абалдан чыгууну көрсөтүшүм керек. Ошондуктан Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазабыз. Анткени мен кайсыл катты илип, эмнеге кармалып калганымды эл деле билет. Ал жерде бийлик басуу дагы, башаламандык уюштуруу дагы жок".

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Рита Карасартова акталат деген үмүттө болгонун, бирок бул иш кайрадан каралышы керектигин белгиледи:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Рита Карасартованын ишинде эч кандай кылмыштык аракет болгон эмес да. Аны Кыргызстандын бардыгы эле көрүп турду. Болгону Тилекмат Куреновдун аманатын социалдык тармактарга жарыялап коюптур. Кылмыштын курамы болбогондон кийин акталат деп эле үмүт болгон. Тилекке каршы, акталган жок, бирок ошондо дагы шарттуу жаза койгонуна сүйүнүп отурабыз. Кандай болбосун, эртеби-кечпи, бул иш кайрадан каралышы керек. Мыйзамдуу, адилеттүү чечим чыгышы керек деп ойлойм. Сөзсүз түрдө кийинки инстанцияга кайрылуу зарыл. Анткени мыйзамдуу кандай жолдор, кандай мүмкүнчүлүктөр болсо, ошонун баарын пайдаланыш керек. Балким прокуратура дагы жаза жумшак болуп калды деп кайрылышы мүмкүн. Анткени алар 10 жыл эркинен ажыратууну сураган".

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова соттун чечими боюнча пикирин билдирип:

"50 000 айыппул, беш жыл пробация эркиндиктин жанында болбогон эле нерсе", - деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Карасартовадан тышкары бул ишке байланыштуу дагы үч адамга айып коюлган. Свердлов райондук сотунун судьясы аларга да ушундай эле чечим чыгарды. Азырынча ал адамдардын аты-жөнү коомчулукка жарыяланган жок.

Сот жараяны жабык өттү

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот жараяндары жабык өтүп келди.

Карасартованы быйыл 14-апрелде кармап кетишкен жана үйү тинтүүгө алынган. Ошондон бери ал Бишкектеги №1 тергөө абагында (расмий аталышы №21 атайын мекеме) камакта отурду.

Укук коргоочу өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаганы менен байланыштырган.

Соттук териштирүүнүн өзү бир топ эреже бузуу менен өтүп жатканын Карасартованын адвокаттары билдирип келишкен. Мисалы, 19-июнь күнгө белгиленген отурум тергөөчү жана прокурор келбегендиктен башка күнгө калган.

Ошол күнү укук коргоочунун кармалышы мыйзамсыз болгону тууралуу арыз, тергөө абагына камалгандан кийин тергөө иштери жүрбөй жатканы боюнча жалпы алты арыз каралмак. Тергөөчүлөрдүн аракетсиздигине нааразылыгын Карасартова да сот залындагы темир тордун артынан журналисттерге айтып үлгүргөн:

"Мени Тилекмат Куренов менен байланыштырып кармашкандан бери эки ай өттү. Андан бери Тилекматтын өзүн да алып келишти. Бирок бир да жолу тергөөчүлөр мени сурашкан жок, эч ким менен бетме-бет келиштирип суроо да болгон жок. Жөн эле сыз, ысык тергөө абагында кармап отуруу - кыйноо менен барабар. Муну "эсине келсин" деп тарбиялоо деп түшүнөбүзбү, билбейм... Мен үчүн бул кыйноого барабар. Азыр күн кандай ысып жатат, билесиздер. Он беш чарчы метр камерада, ысыкта дем жетпей отуруу кыйноого барабар".

Адвокаттардын жана укук коргоочунун тергөө иштерине нааразылыктары боюнча Ички иштер министрлиги маалымат берген эмес.

"Тилекматтын каты боюнча окшойт..."

14-апрелде Чүй милициясы жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен байланышы бар делген, "массалык башаламандык уюштурууга шек саналган" эки адам кармалганын билдирген.

Ушул эле күнү Карасартова Куреновго таандык экени айтылган катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялагандан кийин кармалган. Ал үйүнүн тинтилишин "Тилекматтын каты боюнча окшойт" деп Фейсбукка жазууга үлгүргөн.

Куренов 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти кескин сындап жүрчү. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, ал үчүн Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ошондон бери активист убактылуу башкалкала менен Дубайда жүргөнүн өзү кабарлаган.

Активистти Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы бир жарым жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан.

Карасартова Фейсбукка Куреновдуку деген катты "Аманатын аткарайын" деп жарыялап, ал "Эже, менин акыбалып кыйындап баратат окшойт. Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсо чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым" деп жазганын билдирген.

19-апрелде атайын кызмат Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Бишкекке жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист "конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган" деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө жүргөнүн билдирген. Азыр ал Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда.

Эл аралык реакция

Карасартованын ишине байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келишкен.

Эл аралык Amnesty International укук коргоочунун кармалышын сындап, муну жарандык коомго каршы репрессиянын күч алышы менен байланыштырган.

"Рита Карасартованын камакка алынышы - Кыргызстанда жарандык коомго басымдын күчөгөнүн ачыктап турат. Бул окуя анын саясатка ачык аралашканы менен гана байланыштуу көрүнөт. Эгер ал эркин пикири үчүн гана камакка алынган болсо, аны тез арада жана эч кандай шартсыз бошотуу керек. Кыргызстанда укук коргоочулар басымдарга жана куугунтуктоолорго дуушар болбой, өздөрүнүн маанилүү вазийпасын аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга укуктуу", - деген уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин Карасартованы эркиндикке чыгарып, коюлган айыптарды алып салууга чакырган. Уюмдун Борбор Азия боюнча адиси Сыйнат Султаналиева 50 жаштагы укук коргоочунун ишине “жашыруун” грифи коюлуп, сот отурумдары жабык каралуу алдында турганын айтып, бул саясий иш экенин билдирген.

Өлкөдөгү бир катар журналисттер жана медиа уюмдардын башын кошкон “Кыргызстандын Медиа платформасы” уюму да укук коргоочунун камалышы жана журналисттер менен жарандык коомго басымдын күчөшүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

18-апрелде таратылган кайрылууда платформа укук коргоочунун соңку камалышы жана жарандык коомго күчөп жаткан басымга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Уюм Рита Карасартованын камалышын мыйзамсыз деп эсептерин белгилеп, президентти укук коргоо жана ал сыяктуу өз пикирин эркин билдирген жарандардын укугунун корголушун камсыздоого чакырган.

Рита Карасартова буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камакка алынган. Бирок ал иш боюнча бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан.

“... Бизде адам укугу да сакталат, демократия да бар".

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндигин, адам укугун чектөө жок экенин билдирип келишет. Алар кармалган жана камалган адамдардын ар биринин ишин өзүнчө кароо керектигин айтып, айыптоолордо тиешелүү далилдер бар экенин белгилеп жүрөт.

Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европа парламентинин делегациясы менен жолугушууда буларга токтолгон:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бизде дин эркиндиги да, сөз эркиндиги да бар, адам укугу да сакталат, демократия да бар. Сиздер биздин коңшу өлкөлөр менен эле салыштырып айтып жатасыздар, мен керек болсо Европадагы айрым өлкөлөргө салыштырмалуу да бизде демократия жана сөз эркиндиги жакшы деп айта алам. Журналисттер өз укуктарын жетишинче колдонушат”.

Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк менен жолугушууда Жапаров Кыргызстанда демократиялык башкаруу формасын чыңдоо, укуктук мамлекетти куруу, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, сот жана укук коргоо системасын реформалоо процесстери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын айткан. Ал ошондой эле соңку төрт жылдан бери мыйзамдарды инвентаризациялоо жүрүп жатканын маалымдаган.

“Бул иш-чаралар өлкөнүн мыйзамдык базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аткарылууда. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо боюнча ырааттуу иш алып барууда”, – деген Жапаров.

Шерине

XS
SM
MD
LG