Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Питерде мигрант беш жылга кесилди


Обид Абдыраимов.
Обид Абдыраимов.

Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан кийин камакка алынган, теги кыргызстандык Обид Абдыраимов беш жылга эркинен ажыртылды. Абдыраимов менен бир маалда кармалган Айжигит Айтматовдун туугандары болсо, Айтматов кыргыз жарандыгынан баш тартпаганын айтып, кыргыз өкмөтүнөн жардам сурап жатышат.

Москванын аймактык аскер соту теги кыргызстандык Обид Абдыраимовду беш жылга эркинен ажыратты. Ал Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан кийин кармалган ондон ашык борбор азиялык мигранттын бири.

Обид Абдыраимов.
Обид Абдыраимов.

Тергөө Обид Абдыраимов 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 13-апрелине чейин Санкт-Петербургда белгисиз адамдар менен борбор азиялык келгиндерди Сириядагы согушка катышууга үгүттөп жүргөн деп аныктаган. Ал радикалдуу салафизм идеяларына азгырууну Петербургдагы «Апраксин двор» базарында жана Собордук мечиттин жанында жүргүзгөнү айтылууда.

Обид Абдыраимов өзү 1978-жылы 4-мартта Ош облусунда туулгандыгы айтылат. Анын беш баласы бар, аялы 2015-жылы каза болгон.

Адвокаты Виталий Фоменко Абдыраимов башынан күнөөсүн моюнга алып келгенин айтат:

- Ал Орусиянын жараны. Тергөө маалында бир нече жолу сурак болду. Тергөөдө аны таанып, аны көрсөткөн тарап болду. Үгүт иштерин жүргүзгөнүн Абдыраимов башынан эле танган эмес. Чынчыл адам экен. Башынан моюнга алып, тергөө менен кызматташып келди. Балким, амалдуу болгондо, жыйынтык башкача болмок.

Абдыраимов Орусиянын Кылмыш кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүгү, тактап айтканда, "террордук ишмердүүлүккө көмөктөшкөн" деп соттолду. Бул берене боюнча Орусияда адамды 10-15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

13-апрелде Санкт-Петербургда Обид Абдыраимов менен кошо 32 жаштагы кыргызстандык Айжигит Айтматов дагы кармалган.

Айжигит Айтматов.
Айжигит Айтматов.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ал маалда Обид Абдыраимов менен Айжигит Айтматов 2007-жылы Орусиянын жарандыгын алышканын, андан бери Орусиянын аймагында жашашарын маалымдаган болчу.

Учурда Айтматовдун туугандары Айжигит Айтматов Кыргызстандын жарандыгынан баш тарпаганын айтып, кыргызстандык жарандын укуктарын коргоого кыргыз өкмөтүнөн укуктук жардам сурап жүрүшөт.

Элвира Айтматова агасынын Ош облусунан 2013-жылы алган паспорту 2023-жылга чейин жарактуу экенин айтат. Аны мурунку паспортунун мөөнөтү аяктаган соң алган.

- Агам Москвада автозаводдо ширетүүчү болуп иштечү. Аны 2015-2017-жылдары Санкт-Петербургда адамдарды азгырган деп айыпташууда. Бирок бул убакта ал Питерге бир эле жолу Жаңы жылга келген. Ата-энем менен биз бул жактабыз. Өзүнүн Кыргызстанда аялы жана баласы бар. Ошондуктан Ошко дагы бат-бат каттап турчу. Апрелде Санкт-Петербургга менин туулган күнүмө келе жаткан. Аны вокзалдан кармап кетишкен. Тергөөдө ал үйдө кармалганын, жашаган жерин тинткенде экстремисттик китептер табылганын айтышууда. Мунун баары жалган. Биздин үйдө, Москвада жашаган жеринде тинтүү болгон эмес. Биздин адвокат прокуратурага арыз жазып, эки айдан кийин гана агамды бир жолу суракка алышты. Агам психологиялык кысымга алынып жатат. "Кылмышты жарым-жартылай моюнга ал же дагы кармалган балдардын бирөөсүнө каршы көрсөтмө бер" деп жатышат. Агам буга макул эмес. Ал балдарды тааныбайт, күнөөсү жок. Агам 2006-жылы орус жарандыгын алган. Бул ишке орношууга эле керек болчу. Кыргыз жарандыгынан ал эч качан баш тарткан эмес. Азыр биз кыргыз өкмөтүнөн бул ишке киришип, тергөөнүн жана соттун акыйкат жүрүшүн көзөмөлгө алып, адилет чечим чыгарылып, агамдын акталышын суранабыз. Агам азыр орус жарандыгынан толугу менен баш тарткан арыз жазып жатат.

Айжигит Айтматов.
Айжигит Айтматов.

Азыр Айжигит Айтматов Санкт-Петербургдагы 6-тергөө абагында камакта. Ал дагы Орусиянын Кылмыш кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүгү (террордук ишмердүүлүккө көмөктөшүү) боюнча айыпталууда. Анын адвокатынын шаардык прокуратурага жазган кайрылуусунда сегиз айда тергөө айыпталуучунун террордук ишмердүүлүккө кириптер болгондугун тастыктаган объективдүү далилдерди таппаганы баяндалган. Ошондой эле сегиз айда бир жолу гана сурак жүргүзүлгөн.

Башында Обид Абдыраимов менен Айжигит Айтматов "Питердин метросундагы жардырууга катыштыгы бар" деп шектелип келишкен. Бирок тергөө убагында мындай айып четке чыгарылган.

Петербург метросундагы жардыруу боюнча 11 адам камакта. Алар Аброр жана Акрам Азимов, Сейфулла Хакимов, Дилмурад Муидинов, Содик Ортиков, Азамжон Махмудов, Махамадюсуф Мирзаалимов, Бахрам Эргашев, Ибрагим Эрматов, Шохиста Каримова жана Мухамадюсуп Эрматов. Айыпталуучулардын жарандыгы расмий ачыктала элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG