Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Айгашканын ичти өрттөгөн күйүтү


Кылычбек Айгашканын күлүк жарышта биринчи болуп келишин эңсечү. Чоң жарышта алдыга озуп, сый-урматка, даңкка бөлөнүш үчүн жылкынын табын билип, мыкты суутуш, тапташ керек экен.

Антиш колунан келбегени менен күлүгүн өзгөчө аспиеттеп асырады. Жаны менен бир болуп калган Айгашканы колхоз этке деп тартып алып бригатка ат кылып берди. Кара сөз генийи Ашым Жакыпбековдун “Айгашка” аңгемесиндеги адам жана жаныбар таржымалы.

Үй, эт план

Ушу тапта бир топтор тамшанып эстеп жүргөн эсил кайран социализмдин карапайым калк колундагы бирин-экин малды эт планын толтуруш үчүн тартып алмай жөрөлгөсү бар эле. Кылычбектин Айгашкасы да ошондой оор тагдырга туш келди.
Колхоздор ирденип, элдин турумушу азыноолок оңолуп калган чакта Кылычбек күлүк атка кызыгып, “жылкынын наркы кырк тоок болуп калганда жалгыз саан уюн берип, колхоздон кулундуу бээ алды. Жылкы ферманын кулкунуна бирдеме сала коюп, бээни атайы күлүктүгү менен даңкы чыккан асыл тукум күрөң айгырдын үйүрүнөн тандады. Жээрде чалыш, элик шыйрак, маңдайында татынакай кашкасы бар кулунду “Айгашкам” деп ардактап, аспиеттеп бакты”.

Бышты болгуча ээн-эркин коюп, кабелтең жылкы болуп калганда үйрөтүп, ээр токуп мине баштады. Бир ирет “көкбөрүгө” кирип улакты алып чыккан күлүккө илгиртпей жеткенин көргөндөн кийин быштысына ишеними артты. Күлүктү бузуп аламбы деп чочулап жүрчү эле, бирок өрөпкүп кетип айылындагы бир тойдо быштысын “кемеге байгеге” кошуп жиберди. Сегиз-он чакырым жерге суутулбаган быштысы биринчи келип Кылычбекти аябай таңдантпадыбы. Быштысы күлүк чыгарына айныксыз ишенген ээси жалгыз жарыш менен токтолуп, ал жылы башка мелдештерге кошподу.

Кылычбектин ойлогон ою, дарты жалаң ушул күлүк аты болчу. Жашоо-тирдиги биртоп жакшырып калган айылдаштарынын айрымдары жаңыртып үй сала баштаганда деле ал эски тамын жакшы көрүп курулуш деп малын сатууга кызыкпады. Күлүк аты анын ой-санаасын толук ээлеп, Айгашканын күрт-күрт беде чайнаганын, жем жегенин, сарайдан чыккандан кийин көкүлүн серпип, ооздукту кемирип ойноктоп жүрүп бергенине ыраазы болуп жүрдү.

Согуш бүтөр жылы колхоздо ферма башчысы болуп жүргөндө отуз кой мойнуна түшүп, колундагы малын берип, ортого туугандарын салып камалбай калганы бар. Кийин жылкы ферманын оозун майлап жалгыз уюна колхоздун кулундуу бээсин алмаштырып алган соң жашоо-тирдиги оңолуп, музоолуу уй, койлорун көбөйтүп, эми бээсин үчкө жеткирип бир үйүр жылкы кылсамбы деп калган. Ошентип таттуу кыялга батып жүргөн күндөрүнүн биринде колхоздун майда активи болуп жүргөн уулу Сарыбек үй салалы деп калыптыр. Анысы Кылычбекке жакпады.

“Кылычбек канча мөңкүбөсүн, акыры Сарыбек аны жүгөндөдү: бээни жабагысы менен, тайды, булардын артынан он кой сатты. Түшкөн акчага тактай алып, бир уста таап, терезе, каалгаларын жасатып, кышы менен тамдын тунукеден башка керек-жарактарын бүт даярдады. Жаз алды менен дагы киши жалдап, кыш куйдурду. Жайында дубалын тургуздуруп бүттү. Тунукеге акча жетпей, чатыры жабылбады, кум шыбагы бүтүп, бирок акталбады. Кар түшкөнчө кирип алууга Кылычбектен башкалары бүт шашты.

Кылычбек болсо, жаңы тамга кээде гана, үйдөгүлөргө көрүнбөй келет. Ичи-сыртын айлана карайт. Сакалын экчеп, өзүнчө: “Кудай урган, миң асемдегениң менен бу тамың же сүт бербесе, же байгеге чабылбаса, кур эле заңкайгандан эмне чыгат. Мындан көрө жаман да болсо тиги мал табар эски тамым куттуу эмеспи. Ай, тилазар акмак ушу төрт дубалга ушунча каражат жоготуп... Кайран мал...” – деп күңкүлдөп кейий берет...
Акча жоктугу аз келгенсип, тунукенин табылышы да кыйын эле. Акчаны ойлогондо: атам канча туйласа да, акыры Айгашканы сатам го деп ишенип, Сарыбек тияк-быяктан тунуке иликтеп жүрдү”.

Ал жылы Айгашканы жайлоого колхоздун жылкысына кошуп жиберип ийди эле күзүндө “таскыл жүнү жалтылдап” көкүлүн көккө ыргытып ойноктоп келди. Бир айдан ашуун күлүктүн терин алып ошол жылы Кылычбек Айгашканы чоң байгеге кошту. Көптөн күткөн убакыт келип чаң аралаш күлүктөр дуулдаган көпчүлүк алдына чыга келгенде биринчи атты Айгашка го деген, бирок ал Осмондун Суркоёну экен. Алдыда келген жети атка байге коюлган болчу, ал ирет Кылычбектин күлүгү артта калып, байкуш карынын жылдызы түштү. Ишенген аргымагы топтун артында келгенине сынып турган курбусун жооткотуш үчүнбү саяпкердиги мыкты Осмон деген айылдашы: “Жаныбарды бекер өксүтүпсүң”, деп башын чайкап тим болду.

Кечинде үйдөгүлөр чайга отурганда Сарыбек “кыш келатат, тамга кирип алсак болот эле” деп Кылычбектин жинине тийчү сөзүн баштады. Ошондон жарым ай өтпөй тегеректеги башка бир айылда күлүк чабыш өтүп, анда да Айгашка өксүп байгеге илинбеди. Ансыз да кабагына кар жаап, маанайы чөгүп турган атасын Сарыбектин кекеткени жанына батты. Баласы Айгашканы саталы дейт, атасы андай кепти жууткусу жок. Ата-бала келише албай жүргөн чакта “колхоз элден мал сатып алат экен” деген сөз чыгып калды. Эт планы толбой калганда чарба жетекчилери элден арзан баада мал топтоп, ири малды эт комбинатына айдап калчу эле.

Колхоз чөбү, короо алдындагы беде

Суук кепти Кылычбек баарынан кеч укту, байкуш жылкылардын шору каткан экен. Эч ойсуз бейкапар отурса айылдагы эки курбусу деле чоң жаңылык табышкансып кабарлап атышпайбы.

“Дасторкон жыйналып, колдорго суу куюлуп, алдыга чай келгенде Сарыбек оңдонуп отуруп, тамагын кырына сүйлөдү:

- Жумакемдин азыркы айткандарында чындык бар. Бирок колхоз жеке менчик малдын баарын алат деген туура эмес, аттарды гана сатып алат экен... - Кылычбек уулун селт бир карап алды. Сарыбек аны байкамаксан болуп, сөзүн уланта берди. - Ат жаныбар жем-чөптүн ажалы турбайбы. Азыр элдин баары эле ат багып калыптыр. Ал жакшы го, бирок аттууларга огородуна айдаган беде аздык кылып, колхоздун чөбүнө шерик болушат экен. Анын үстүнө колхоздо жумуш бүтпөй жатса, «көкбөрү» деген балээ башталат. Кыш кирип келатканда иш создугат, айдоо тепселет. Кэзде киши да майып болот. Ушуларды көрүп, бир акылга келели да...

Кылычбек калп десе да сөзү чын чыкканга корстон боло түшкөн Жумагул кийиздин четин ачып, насыбайын түкүрдү да, оозун жеңи менен аарчый чокчо сакалын экчеди:

-Өкмөттүн күйгөнүндөй эле бар анан калса... Кызыталак балдар өлөр-тирилерине карабай чабышат го! Жумушту унутуп коюшту, эрмеги арак менен эле “көкбөрү”. Калкос эмгекти көп берип, жаман көндүрүп койбодубу. Эмне десең, атадан калган иш барбы, бүтөт деп манчыркайт, кызыталактар...

Кылычбек жер тиктеген боюнча мулжуюп унчукпады.

Сарыбектин бул айткандары чынбы, же Айгашка үчүн үчөө башта сүйлөшүп алган митаамдыкпы - кайсынысына ишенерин билбей отурду”.

Ал отурушта бир пикирге келе алышпады. Кылычбек күлүктү союп элге бөлүп бергиси келген эки тууганына, аларды көндүрөт деп чакырткан уулуна баш бербей катуу айтты.

“Айгашканын этин жегиче атаңардын этин жесеңерчи!..”, “эй, атаңдын этин жегир!” деп кызууланган үчөөнүн алдында ачуусун басалбай отурду. Баласына опурулуп: “Мынча эмне адамдын жанын кашайтасың, ыя?! Айгашканын эти эле зарылбы сага! Атаңдын этин жегир, Айгашкага кошуп, мени да сойбойсуңбу! Мынча эмне сен!.. Ушул жалгыз ат сага көп көрүнүп калдыбы? Ыя! Ыя!.. Жүрчү, мен өз колум менен мууздап берейин!..“ – деп ачуусун баса албай калды.

Жылкы алынат экенди уккандан бери Кылычбектин тынчы кетип, уйкусу качып, санаа тартып, катуу күйгүлтүккө түштү. Тааныштарынан сураса көбү андайды укпаганын айтышты. Учурма кептин чын-бышыгын билиш үчүн коңшу айылдагы кызыныкына барып Осмонго учурап калбайбы. Анын Суркоёнунун бутуна жем түшүп аксап калыптыр. Атаандаш саяпкер Айгашканы күздө боло турган чабышка даярдамай болуп, атын ага таштап, күйөө баласынын атын минип үйүнө кайтты.
Күзгү чоң жарышта Айгашканы чапчу баланын боштугунан күлүгү өксүп биринчиликке илинбеди, дагы жакшы, марага үчүнчү болуп келди. Чаң менен терге жуурулган атын көргөндө Кылычбек “айланайын асылым” деп буркурап ыйлап жиберди. Ошондон көп өтпөй колхоз аттарды алары чынга чыкты:

“Кылычбектин айласы ошондо чындап кетти. «Эт планын толтура албай калышат да, элдин менчигине асылышат. Андан көрө өз малын жазгы жутка кырып таштабай жакшылап багышпайбы. Бу жорук ушердеги эле чоңдордун чыгарганы...» - деп туталанды.

Төмөн казак туугандарына барып келди, аерде да менчик аттар ортого өтүп жатыптыр. «Ошоякта колхоз ат алып жатабы?» - деп, Фрунзеде окуп жүргөн ортончу уулуна кат салдырып, аяктан да ошондой эле кабар алды.

«Мына, алда качан айтпадым беле. Чала болот!.. - деп, бир жактан Сарыбек жанын күйгүзөт. - Ушу куру кежирликти таштабайсыңбы. Бер, азыр да кеч эмес, ат этинен түшө элек, союп таштайын».

Кылычбек нары ойлоду, бери ойлоду, акыры колдон кетер болгон соң деп бир эсептен Сарыбектикин да туура көрдү. Бирок Айгашкасынын кызылала болуп союлуп жатканын, учасын өзү мүлжүп отурганын элестеткенде бүткөн бою дүркүрөп, төбө чачы тик турду, аны көргүсү келбеди, андан көрө көрбөйүн да күйбөйүн, колхоз алсын деди...

Колхоз аттарды четинен алып кирди. Аны көргөндө Кылычбек торго түшкөн балыктай тыбырчылады. «Бул эмне кылганы, тоо эли атсыз кантип күн кечирет, жадегенде Айгашкадай күлүктөргө тийбесе боло!» деп ызаланды, туталанды”.

Айгашканы алып калыш үчүн Кылычбек колунан келген аракеттин баарын жасады. Бир түнү из жашырып казак туугандардын арасында бир ай жүрүп келейин деп жолго чыккан. Таң атканда атын откозгону токтоп, “кайда барам, казактарда деле ушундай го” деп кайра арткан тарткан.

Колхоз күлүк деп калтырып койбой Кылычбектин Айгашкасын тартып алды. Ошол күндөн карынын мүнөзү өзгөрдү, терең ойго батып тунжурайт, атынын жүгөнүн, тердигин, ээрин карап үңкүйгөндөн үңкүйөт. Аны жубанткан нерсе күлүк атын колхоз чоңдору этке тапшырбай, ишине минсин деп бригадирге беришкени болду. Бирок кечке жаны тынбаган түйшүктөн бошобогон активдин мингичи тыртайып арыктап, кейпинен кетери түшүнүктүү го.

Анан бир күнү Айгашканы уурдап кетишиптир дешти. Кылычбек кайгыга батты, ниети жаман бирөө күлүк атты союп салса не болот?! Көп өтпөй андай кеп калп болуп чыкты, күлүккө кызыккан бирөө тойго минип кетиптир. Айгашка табылганын укканда Кылычбек: “Алда байкушум...- деп алды. Анан оор үшкүрүнө өзүнчө күңкүлдөдү. – Ошондон көрө ууру эле алып кетсечи...”.
Карынын эсине Айгашканын кулун кези, дүйнө капар асман менен жердин ортосунда учуп-күйүп чуркап жүргөн балтыркан чагы элестеди.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG