Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

Аял кордолгон өлкөнүн келечеги бүдөмүк


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Макаланын автору Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиалар менен кызматташып келет.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Мурдагы, азыркы учурдагы аялдын орду" деген темада бир ТВ каналдагы көрсөтүүгө катышып, өз оюмду толук жеткире албай калганыма абдан бушайман болдум. Көрсөтүүгө катышкан башка адамдар мыкты, үлгүлүү аялдарды айта беришти, мен азыркы учурдагы күнү куру эмес аялдарды өлтүрүү, зордуктоо окуялары болуп жатканын айтып, бирок кандай так, конкреттүү чараларды көрүү боюнча айта албай калганыма ичим чыкпай калган. Жасап жаткан ишим да колуман түштү.

Акыркы күндөрү белгилүү блогер Назира Айтбекованын социалдык тармактарга чыгарып жаткан үрөй учурган окуяларын окуган адамдар кайдыгер калбайт. Мен да ырайымсыз, азап менен кордукка толгон жашоолордун бар экендигин билип, буга чейинки бардык адамдар жөнүндөгү жакшы кыял, элестер чар учкандай жок болду. Көрсө, бардык эле чоң ата, чоң эне, таята, таене, таяке, ага-инилердин эркек балдары үйлөрүнө келген жаш кыздарга жакшы туугандай мамиле кылбай, сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүшөт экен!

Көрсө, өз канынан жаралган кызды зордуктаган зөөкүр ата сөрөйлөр, жээн кыздарды зордуктаган таяке болмуштар, ага сөрөйлөр эл арасында жашап жүрүшөт экен!

Көрсө, өз кызынын зордукталганын билишсе да кызына ишенбеген, таламын талашпаган энелер, баласы зордуктаган жээнин унчукпа деп оозун басып келген таене сөрөйлөр бар экен!

Көрсө, жаш кыздарга, балдарга болгон зордук-зомбулукту куру намыстан улам жашырып, алардын тагдырын талкалаган айбандардын ээн-эркин жүрүп, удулу келген жерден зордук-зомбулуктарын уланта берүүсүнө жол берген кайдыгерлердин көбү да аялдар экен!

Көрсө, көрүп, билип турушса да эч нерсе кылбай, ушундай жашоону кадыресе жашоодой кабыл алгандар арабызда көп экен!

Ал эми акыркы мезгилдеги аялын өлтүрүп көөмп койгон, 16 жолу бычак уруп өлтүрүүгө аракет кылган фактылар айрым аялдардын жашоосу эчак эле тозокко айланганын көрсөтүп турат. Укук коргоо органдары аялдарга кол салуу, өлтүрүү фактысынан кийин гана кылмышкерди кармоо менен алектенип, зордук-зомбулук фактыларын кургак сандар менен көрсөткөн жолго түшүп алды. Атургай, ИИМ министринин акыркы кездеги “милиция кызматкери жумуштан кийин эмне кылса өзү билет” дегендей жообу бир эсе таңгалдырып, деги эле милициянын ичи да таза эместигин билдирип турат. Эгер жаңылбасам, укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер, айрыкча милиционерлер сегиз сааттык жумуш учурунда эле эмес, 24 саат бою милиция кызматкери болуп кала бериши керек. Министрдин мындай сөзүнөн кийин, жалпы эле милиция кызматкерлеринин арасындагы моралдык абал, адеп маселеси кандай экендигин боолголосо болот.

Коомчулукта жаш кыздарга, балдарга, аялдарга карата ырайымсыздык менен жасалып жаткан зордук-зомбулуктар күнүгө айтылып жатканы менен, аларга кулак салып, териштирип, коңгуроо каккан бир дагы мамлекеттик кызматкерди же мамлекеттик уюмдар чыкканын ушу кезге чейин көрүп да, уга да элекмин.

Мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касмамбетов президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк” жөнүндөгү жарлыктары боюнча аймактарда бир топ жыйындарды өткөрүп жүрөт. Бирок күнү куру эмес айтылып жаткан зордук-зомбулуктар, аларды тыюу боюнча чараларды көрүү тууралуу ооз ачканын уга элекмин.

Эчен кылымдардан бери жети ата өтмөйүнчө кан жаңыртпай, улут катары генофондун таза сактап келген кыргыз, эми жанында эле болуп жаткан жийиркеничтүү окуяларга көз жуумп келгенби? Ошондой эле коомчулукта руханий таяныч болуп турган муфтияттын дагы акыркы кездеги окуялар боюнча атайын кайрылуу жасаганы угулган жок. Ал эми коңгуроо кага турган бийлик болсо өзү үчүн “маалыматтык гигиена” түзүп алып, көрсө көрмөксөн, укса укмаксанга салып жатканын көптөн бери байкап келе жатабыз.

Бала кезде сексуалдык зордук-зомбулукту баштан өткөргөн кыздар кийин турмуш курганы менен бактылуу жашай алышпаганы, көп учурда ажырашып кеткени Назира Айтбековага жазылган ар бир катта айтылат. Демек, канча деген аялдар, балдар бактысыз өмүр кечирип жатышат, көпчүлүгү өмүрүнө кол салууну ойлоп жүрүшкөнүн жазышат. Мындай абал жалпы элдин руханий, адеп-ахлак маселесине таасир тийгизбейби?

Эл арасындагы сексуалдык зомбулуктарды ачык айтып, жалпы каршы туруу менен аларды азайтууга, андай кылмыштарды жашырууга болбой тургандыгын айтууга убакыт келмек турсун, өтүп баратат. Айрыкча мечиттерде да сексуалдык зомбулукка каршы чакырыктар жасалса жакшы болот эле. Ушундай кыжалат ойлордун туткунунда отуруп, интернеттен бир көркөм кино көрдүм.

"Бейшемби"

“Бейшемби” аттуу индия киносунда татынакай кыз Нейна балдар бакчасынын тарбиячысы, сүйлөшкөн жигити да кадырлуу адвокат. Нейна күтүүсүз жерден бала бакчадагы балдарды барымтага алып, адегенде 50 миллион акча, андан кийин Индиянын премьер-министри гана сүйлөшүүгө келүүсүн талап кылат. Премьер-министр сүйлөшүүгө келген соң, Нейна: “Сексуалдык зордуктоо үчүн өлүм жазасын киргизиңиз!” деп талап кылат. Өспүрүм кезде тарткан кордугунан эмгиче кутула албай келгендигин, акыры бийликтин, коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн ушундай кадамга баргандыгын ачык айтат.

“Ушул кезге чейин жигитимдин колу тийген сайын жаман болом, анын жамандык кылбай турганын эстеген соң гана өзүмө келем. Биздин коомдо бул маселени көтөрсөң эч ким укмак түгүл көңүл да бурбайт, бирок балдарды барымтага алып, көңүл бура тургандай айтсаң гана угат”,- дейт.

Акыры 50 миллион акча жалаң сексуалдык зордуктун азабын тарткандардын эсебине которулуп, Нейна барымтага алган балдар бошотулуп, өзүн түрмөгө кесишет. Түрмөдө да мугалим болуп иштеп жүрүп, бейшемби күнү сексуалдык зордуктоо жасагандарга өлүм жазасын караган мыйзам кабыл алынганын билет.

Буга чейин Индияда адамдын акылына сыйбай турган сексуалдык зордук-зомбулук абдан күчөп кеткени белгилүү. Ошондуктан Индияда 12 жашка чейинки жаш кыздар, балдарды зордуктагандарга өлүм жазасы 2018-жылы гана кабыл алынган. Ал эми 16 жашка чейинкилерди зордуктагандарды 10, 20 жылга эркиндиктен ажыратыла турган катаал мыйзам иштей баштаган.

Бизде да бир күнү жанына таш баткан нейналар чыкпасын десек, жаш кыздарга, балдарга, аялдарга сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөндөргө кескин чараларды көрүү зарыл.

XS
SM
MD
LG