Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Авторитаризм орногон жерде адам бааланбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аким Кожев.
Аким Кожев.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

“Келечектеги фашисттер өздөрүн антифашисттер деп атайт”. (Уинстон Черчилль)

"…эгерде америкалык демократия тынчтык жолу менен өлкөбүздүн жарандарынын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн күнү-түнү аракет кылган жандуу күч катары өз өнүгүүсүн токтотсо, албетте, бизде да фашизмдин таасири күчөмөк”. (Франклин Рузвельт).

Дүйнөдө 9-ноябрь фашизмге жана расизмге каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет.

Жакынкы мезгилден бери бир гана Орусияда эмес, ага тилектеш өлкөлөрдө да авторитаризм күчөп жатат. Сөз эркиндигине, өз оюн эркин айткан кишилерге болуп көрбөгөндөй басым-кысым күчөдү. Каяша кылып, бийликке сын айткандар дароо "эл душманына" айланууда.

"Түбөлүк падыша" болууну көздөгөн кожоюну үчүн баарын курмандыкка чалууга даяр турган жан-жөкөрлөрү жана ажылдак жарчылары (б.а. жүздөгөн фейк фабрикасы) кожоюндун "ийгилигин көрө албай жаткан" "чагымчы-бузукуларды" төө бастыга алып, күч түзүмдөрү мыйзамсыз эле камап салууга өткөнү кимди болбосун ойлондурбайт койбойт. Кантип эле алар адамзат миңдеген жылдар бою не бир азап-тозок менен жетишкен демократияны (тагыраагы, эл бийлигин) күм-жам кылып, береги эле 19-20-кылымдарда пенде баласы араң кутулган падышанын, монархтын, хандын чексиз бийлигин кайра тирилткиси келип жатсын? Алардын кылган-эткен иштерине, жүргүзгөн үгүтүнө баам салсак, кожоюндарын (мисалы, Путинди) эч бир кем-кетиги жок, кынтыксыз ыйык затка, мындайча айтканда, жер бетиндеги Кудайга айландыргысы бар.

Эгерде Чыңгыз Айтматовдун сөзүн колдонуп айтсак, бүгүнкүнүн өкүмдары бүгүнкүнүн ырайымсыз кудайына айланганы чын. Учурдагы "падыша-кудайлардын" бири Францияны 77 жыл башкарып, "мамлекет – бул менмин!" деген чуулгандуу сөзү менен тарыхта калган король Людовик XIVчүдөн да ашып түшүп, "дүйнө, аалам – бул менмин!" десе эч таң калбай эле коюш керек. Пушкиндин балыкчысынын алжыган кемпириндей, алар да бүт жер жүзүнө, ай-ааламга үстөмдүк кылгысы келет. Жан бүткөндүн баарысын жеке өзүнө баш ийдирип, түбөлүк кул кылууну самагандар чыгып жатат. Жада калса андай эсирген заалимдердин тизгинин тартууга БУУ өңдүү эл аралык абройлуу уюмдардын да алы жетпей калды.

Азыр Орусия Путиндин жумса жумурусунда, ачса алаканында. Кааласа бар кылат, кааласа жок кылат. Ага эч ким бут тосуп, каяша кыла албайт. Себеби, бүт мамлекеттик машина (сот, прокуратура, укук коргоо органдары, ж.б.) жалгыз Путин жана путинчилер үчүн гана кызмат кылат. Учурда Орусияда абсолюттук авторитаризм толук орногондугун ушундан эле билсек болот. Эми эч кандай демократия, жеке адамдын укугу, сөз эркиндиги, адилеттик, калыстык тууралуу кеп кылуунун кереги жок.

Эң коркунучтуусу, авторитардык режимде карапайым адамдын тагдыры, өмүрү, жеке кызыкчылыктары такыр унутулат. Башкача айтканда, анын өмүрү сокур тыйынча да бааланбайт. Путиндин ойрон фантазиясы үчүн жашабай жатып садага чабылган орусиялык миңдеген жаш жигиттердин тагдыры мунун айкын мисалы. "Жаңы кудайдын" тынчын алган же ага "акарат кылып" кадыр-баркына доо кетиген "бузукуларды" жок кылса дүйнө кемип калбайт. Андай "эл бузарлардын" барынан-жогу.

Бүгүн Путинди Жер шарынын "куткаруучусу" санап жаткандардын баары ушинтип ойлойт. Бир-эки киши эмне болуп калыптыр, Путиндин Кадыров сыяктуу фанаттары "куткаруучусуна" жагуу жана анын ишенимин актоо үчүн атүгүл жүздөгөн адамдарды да курмандыкка чалуудан кайра тартпайт.

Адамзат Экинчи дүйнөлүк согушта Гитлердин өлүмү менен кутулдук деп кубанган фашизм деген ажыдаар бүгүн кайра баш көтөрө баштаганын угуп-көрүп жатабыз. Италиялык даанышман Умберто Эко "түбөлүк фашизмдин" (ал ур-фашизм деп да атайт) 14 белгисин бөлүп көрсөткөн. Айрымдарына токтоло кетели:

  • Ксенофобия ("өз" жана "бөтөндөр" же "биздикилер" жана "биздики эместер").
  • Улутчулдук менен кутум идеясы. Жарандардын мекенчилдик сезимине өлкөгө же мамлекетке (бийликке) "тышкы" же "ички душмандар" коркунуч туудуруп жаткандыгын жар салып таасир этүү.
  • Колдобогондорду (каршыларды) чыккынчылар катары саноо. Фашизм пикирлердин көп түрдүүлүгүнө жол койбойт. Анткени фашисттердин чындыгы бирөө болгону үчүн, ким ага ишенбесе же шек санаса – чыккынчы жана душман.
  • Согушту даңазалоо.
  • Күчтү жана бийликти даңазалоо.
  • Тандалма популизм. Түпкүлүгүндө фашизм – көпчүлүктүн көңүлүн кыжаалат кылган көйгөйлөрдөн жөнөкөй жооптор менен алаксыткан популистик идеология. Мисалы, мигранттар жакпайбы? Мигранттар кетсин! Гезит мекенчил эмес ойлорду жазып жатабы, дароо жабылсын! …Еврейлердин кутуму тажаттыбы? Еврейлер концлагерге айдалсын! (Эко буларды фашисттик Германиянын мисалында жазып жатат – А.К.)

Умерто Эконун пикиринде, фашисттер мунун баарын дайыма "элдин эрки" боюнча жасап жаткандай түр көрсөтөт. Өзүнүн өлөсө популизмине таянып, ур-фашизм качан болсо "чириген парламенттик демократияны" күнөөлөйт. Байма-бай парламентти талап, үрүп турат.

Парламент мындан ары "элдин үнүн" угузууга жарамсыз деп, анын мыйзамдуулугуна шек келтирген саясатчылардын баары түбөлүк фашизмдин сасыткы саркындылары экендиги анык дейт ал.
Акыйкатта италиялык философтун фашизм тууралуу айткандары учурдагы путиндик режимдин эле эмес, дүйнөдө авторитаризмге ыктап жаткан баардык өлкөлөрдүн чыныгы жүзүн чагылдырат. Тактап айтканда, авторитаризм менен фашизм теңшерик, экөөнүн теги, тамыры бир.
Авторитаризмдин дагы бир коркунучтуу жагы эркин басма сөзгө толук тыюу салынгандыктан, кайсы өлкөдө болбосун калптын казаны кайнайт.

Элдин башын айландырган калптар мамлекеттик маалымат каражаттарында эле айтылбастан, жогорку бийлик төбөлдөрүнө да жасалма отчёттор бериле баштайт. Мисалы, тоталитаризмдин "классикалык үлгүсү" болгон СССРдин тушунда Орто Азияда пахтанын планы көбүнчө көз боёмочулук менен толтурулуп турган экен. Ал эми "жүзүнө жүз элүү, эки жүзгө" чейин төл алгандар жөнүндө айтпай эле коёлу.

Ошентип, төмөнкү кызматтагылар жогорку баскычтагыларга, алар андан жогору тургандарга (мисалы, премьер-министр же президентке чейин) иш жүзүндө тескерисинче болсо да баары "сүткөл-майкөл" экенин айтып маалымат берет. Антпесе өзүн күнөөлөп, иштен айдайт. Түбөлүк кылы кыйшайбастай көрүнгөн Советтер Союзунун кыйрашынын бирден-бир себеби да ушул болгон.

Португалияны дээрлик кырк жылга жакын өзүм билемдик менен башкарган дагы бир заалим падыша Антониу Салазар өлөрүнө эки жыл калганда инсульт алып, бийлик жүргүзүүгө акыл-парасаты жетпей калат. Анын ордун тымызын алмаштырып, жаңы өлкө башчыны шайлашат.

Бирок өлгөнгө чейин анын иштен алынганын угузушпайт. Аны дарылап караган дабагер-медайымдарга да өлкөдөгү болуп жаткан өзгөрүштөр тууралуу ага ооз ачпоого, аны мурдагы макамы менен атоого катуу тапшырык берилет. Атүгүл бир нуска гезит жалаң жакшы маалыматтарды жазып, күн сайын Салазар үчүн атайын басылып турат. Эң кызыгы, ага министрлер байма-бай "отчёт" берип, жада калса кез-кезде өкмөт мүчөлөрүн чогултуп "кеңешме" да өткөрүп турган экен. Канкор диктатордун "көңүлү" үчүн ойнолгон мындай шоу туура эки жылга, ал кайтыш болгонго дейре созулупур. Эми мындай акылга сыйбаган жорук авторитардык режим өкүм сүргөн өлкөлөрдө гана болушу мүмкүн.

2002-жылы Аксыда эл нааразы болуп көтөрүлгөндө, райондогу айрым мектептер да жабылып калган. Бул тууралуу маалыматты ошол кездеги билим берүү министри Камила Шаршекеева эки айдан кийин гана уккан экен. Ошондо ал: "Мектептердин жабылганына эки ай болуптур, мага эмне үчүн айткан жоксуңар?!" – деп кол алдында иштегендерге ачууланыптыр. Алар: "Биз сизди укса керек деп ойлоптурбуз, "Азаттык" күн сайын маалымат берип жатпайбы", – деп жооп беришиптир. Министр "өйдө" жактын "бузукуларды укпагыла" деген тыюусуна макул болгону үчүн катуу өкүнгөн экен…

Көрдүңүзбү: эркин, альтернативдүү маалымат булагы буулган коомдо чындыктын жолу тосулат. Бул эң ириде бийликтин өзүнө чоң зыян алып келет. Эгерде Аксыдагы элдин нааразылыгы жөнүндө Аскар Акаевге өз убагында туура маалымат жеткиришкенде, балким, окуя мынчалык курчуп, адам каны төгүлмөк эмес. Мүмкүн, революция да болмок эмес.
Өз кожоюндарынын тынчын алгысы келбей же жеке кызыкчылыгы үчүн маалыматты бурмалагандар же жаап-жашыргандар бийликти сындагандарга караганда (мейли каргап-шилеп, сөксө дагы) канчалык зыяндуу экендигин ушундан эле билсек болот.

Бүтпөгөн кландык согуштардан алсырап, жок болуп кетүү коркунучуна туш болгон Жапонияны өзүнүн даанышмандыгы, көрөгөчтүгү, кайталангыс лидерлик таланты менен бириктирип, аз убакытта күчтүү мамлекетке айландырган Тоётоми Хидэёси эл башкарам десеңер силерге каяша кылып, талашып-тартышкандардын кеңешин уккула деп нускоо калтырган экен. Эң башкысы, кошоматчы жүгүртөктөрдөн алыс болгула деп насыят кылыптыр. Таң калычтуусу, Хидэёси кырчылдашып, кан төгүшүп жүргөн душмандарын да колго түшкөндө кечирип, алардын иш билги жөндөмдүүлөрүнө мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызматтарды ишенип тапшырган экен.

XS
SM
MD
LG