Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Австрия соту украиналык олигархты АКШга берген жок


Дмитрий Фирташ Венадагы сот жараянында. 30-апрель, 2015
Дмитрий Фирташ Венадагы сот жараянында. 30-апрель, 2015

30-апрелде Австриянын соту украиналык бизнесмен Дмитрий Фирташты өткөрүп берүү жөнүндөгү АКШнын суранычын канааттандырган жок.

Фирташ аны тоо-кен өндүрүшүнө лицензия алуу үчүн индиялык чиновниктер менен жең ичинен сүйлөшүп, коррупцияга аралашкан деген америкалыктардын айыптоосу саясий жүйөдөн улам жасалды деп жаткан.

49 жаштагы Дмитрий Фирташ Украинанын эң таасирлүү олигархтарынын бири. Ал газ жеткирип жана химия өнөр жайында бизнес кылып байыган, президент Виктор Януковичти Орусияга жылт бергенге чейин колдоп жүргөн.

Олигарх-миллиардерди Австрия соту 2014-жылы, Украинадагы саясий кризистен улам Батыш жана Орусия арасындагы мамиле өтө курчуп турган кезде АКШ бийликтеринин талабы боюнча камакка алган. Бирок май айында 125 миллион евро (140 миллион доллар) күрөө төлөгөн соң коё берилген.

Кошмо Штаттардын соту Дмитрий Фирташтын 2006-жылдан берки ишмердигин иликтеп көрүп, ал Индияда титан кенин жана башка минералдык байлыктарды иштетүүгө лицензия алуу үчүн өкмөттүк кызматкерлер менен купуя сүйлөшүп, кол акы бергенге аракет кылган деп тапкан. Чикагонун соттор коллегиясы Индия парламентинин мүчөсүн жана башка төрт адамды да жогорудагыдай жүйө менен айыптаган.

Венадагы сотко кызыл жагоо тагынып келген миллиардер Чикагонун гранд жюриси ага койгон күнөөнү "чындыкка коошпогон калп" деп атады. Ал эми АКШ бийликтерин Януковичтин саясий душманы Юлия Тимошенконун таасирине алданды деп жемеледи.

Фирташтын адвокаттары АКШнын дипломаттык почтасынын жарыкка чыгып кеткен маалыматына шилтеп, бизнесмен Орусиянын "Газпром" концерни менен Украинага газ ташуучу орток фирма түзгөнү үчүн гана шектелүүдө деп чыгышты. Ал, адвокаттардын сөзүнө караганда, болгону эки арадагы газдын наркы боюнча талашты жөндөөгө калыс арачылык кылган экен.

Тимошенко 2009-жылы премьер-министр учурунда Москва менен газ келишимине кол коюп, Фирташты кирешелүү тармактан сүрүп чыккан. 2010-жылкы президенттик шайлоодо Янукович бийлик башына келгенден бир жылдан соң Тимошенко газ келишимин түзүүдө кызмат абалын бейчеки колдонгон деп, жети жылга эркинен ажыратылган.

Австриялык судья Кристоф Бауэр 12 саатка созулган жараяндан кийинки корутунду сөзүндө Фирташтын күнөөсүн тастыктаган айныгыс далилдер менен АКШ бийликтери сотту камсыздай албаганын билдирди.

Сот чечимине ылайык, украиналык миллиардер-олигарх Австриядан тыш өлкөлөргө чыга берсе болот. Бирок зарылдык болсо сот адвокаттар аркылуу Фирташ менен токтоосуз байланышат. Ал эми 140 миллион доллар күрөө пул арада боло калчу капилет маселелер биротоло жөндөлүп бүтмөйүнчө, украиналык миллиардерге кайтарылбайт.

XS
SM
MD
LG