Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Москвада мигрант бөйрөгүнөн ажырады


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Москвада полиция кызматкери өзбек жаранына ок атып, мигрант бөйрөгүнөн жарадар болду.

24 жаштагы Атхамбек 21-мартта Москванын Новогиреево райондук ооруканасына оор жарадар болуп түшкөн. Ага полиция кызматкери ок аткан. Мунун айынан өзбекстандык мигрант бөйрөгүнөн ажырады.

Атхамбек эч негизсиз полициянын кол салуусуна кабылганын айтууда.

- Мен каршылык көрсөткөн жокмун. Алардын колунда тапача бар болчу. Каршылык кылсам, колго же бутка атмак да. Эч нерсе уурдаган да эмесмин. Москвада батирлерди ремонт кылам. Ак эмгегим менен акча табам.

Бөйрөгүнөн ажыраган Атхамбекти ооруканадан кийин тергөө камагына чыгарып кетишкен. Полиция Атхамбекти жана башка эки өзбекстандыкты "унаанын аккумуляторун уурдашты" деп айыптап келет.

Атхамбек болсо адвокаты менен өзүнүн күнөөсүздүгүн жана полиция кызматкеринин мыйзамсыз иш-аракетин далилдөөгө аракет кылууда.

Адвокаты Шухрат Хамракулов полиция кызматкери эскертүүсүз ок атканын белгиледи.

- Менин түшүнгөнүм боюнча полиция аны кармап жатканда аткан. Бирок азыр муну тастыктоочу эч кандай далил жок. Ок Атхамбектин бөйрөгүн талкалаган, ага операция жасап, бөйрөгүн алып салышты. Полиция кызматкери ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан, ал куралды мыйзамсыз колдонгон. Мен Перовский райондук тергөө комитети бул ишти кылдат иликтеп, күнөөлүүлөр жазасын алат деп үмүт кылам.

Новогиреево районундагы ИИМ бөлүмү "Азаттыктын" өзбек кызматына бул иш боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Ооруканадан кийин камакка алынган Атхамбекке жана башка эки өзбекстандыкка уурулук боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Өткөн айдын башында Москванын четиндеги Солнечногорск районунда полициянын эки кызматкери өзбекстандык мигранттардын жашаган жерине кирип барып, мигранттарды сабаган видео Интернетке тараган. Кийин бул өзбекстандык мигранттарга «полицияга каршылык көрсөтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG