Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:57

Мигранттарга чип тагуу сунушталды


Орус тилинен экзамен тапшырган мигранттар
Орус тилинен экзамен тапшырган мигранттар

Орусияда Мамдуманын депутаты мигранттарга чип тагууну сунуш кылууда.

Мамдуманын депутаты Максим Иванов мындай демилгени жарандык коомду өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында көтөргөнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Депутат бул демилгеге каршы сын жазгандарга:

«Эшикте XXI кылым.Чип – бул колдогу электрондук билерик. Ал жакта бардык маалымат сакталат. Ким келди, кимди ишке чакырышты? Кандын тобу, оорулар жана башкалар катталат. Азыр мигранттар жанына толтура документ алып жүрүшү керек. Документтерин жоготуп алса, атайын кабылдагычка түшүп жатышат. Менин оюмча бул жакшы болот. Миграциялык көзөмөлгө салууга да, мигранттардын өзүнө да» деп жооп берген.

Орусиядагы эл өкүлдөрү Ивановдун идеясын ар кандай кабыл алышты.

Виталий Милонов чипке каршы, бирок мигранттарга көзөмөлдү күчөтүүнүн башка жол табыш керек деген ойдо.

- Менин мышыгымда, итимде чип бар. Бирок адамдарга чип койбош керек. Мен кошулам, адамдарды азыр өлкөгө киргизип жаткандай киргизбеш керек, чектөө коюш керек. Жакында кул сатуучулар сыяктуу мөөр басабыз. Бирок чип койбойбуз.

Дагы бир депутат Вячеслав Вегнер Ивановдун сунушун күлкү кылды. «Бүгүн Мамдумадагы кызматташым бизге ишке келген мигранттарга чип коюну сунуш кылганын окудум. Эмне үчүн жалаң эле мигранттарга? Келгиле анда, бардыгына чип кое баштайлы, менин аялым менин кимге барып жүргөнүмдү билип турсун» деген Вегнер.

Иванов өз демилгесин талкуулаш үчүн бир катар уюмдарга кат жөнөткөнүн айткан. Москвадагы мигранттардын профсоюзунун башчысы Ренат Каримов анын катын алган.

- Биз катты алдык. Жакында жооп беребиз. Идея натыйжалуу эмес. Адам бул дүйнөгө эркин төрөлөт. Бирок өкмөт ага ар кандай кагаздарды тага баштайт. Адамдарга чип тагуу гумандуулукка жатпайт. Экинчиден, "чипте мигранттын оорулары катталат" дейт. Мигрант патент алаарда медициналык текшерүүдөн өтөт, чек арадан өткөндө аны эч ким текшербейт. Мындайча айтканда, чип бул маселени чечпейт. Бул идея колдоо таппайт деп ишенгим келет. Миграция боюнча көйгөйлүү маселе толтура. Ошол эле мигранттарды каттоо маселеси. Орусиялыктар мигранттарды жашаган жери боюнча каттабай, федералдык мыйзамды аткарбай жатышат. Мамдумада ушуну ойлошсо болмок.

Валентина Чупик
Валентина Чупик

Ал эми укук коргоочу Валентина Чупик миграциялык документтерди электрондоштуруу идеясын Мамдума мигранттарды мазакташ үчүн колдонуп жатат деген оюн бөлүштү.

- Бул идеянын көтөрүлүшү кадимки улутчулдук. Концлагердеги адамдарга номур койгондой эле. Бирок чындыгында, көп жылдардан бери укук коргоочулар жана адистер "мигранттарга атайын электрондук социалдык карта бериш керек" деп сунуш кылып келатабыз. Анда миграциялык каттоосу, патенти жана башка документтери толук болот. Мунун базасы ачык болуп, мигранттар өздөрү да, башкалар да текшере алгыдай болууга тийиш. Анда мигранттарга көзөмөл салуучу эч нерсе болбошу керек. Бирок алар мындай жакшы идеяны мигранттарды дагы бир жолу мазактоо катары колдонуп жатышпайбы.

Екатеринбургдагы укук коргоочу Вячеслав Башков Ивановдун "Фейсбуктагы" баракчасына «Орусиянын аймагында чет өлкөлүктөрдүн укуктары орусиялыктардын укуктарынан эч айырмаланбайт, бул Баш мыйзам» деген пикирин жазган.

Ал арада «Единая Россия» фракциясы эмгек мигранттарына чип тагуу сунушу фракция жыйынында каралса, аны колдобой тургандыгын билдирди. Фракция алгач мигранттардын документтерин электрондоштуруу зарыл экенин айткан.

Орусияда мигранттарга көзөмөлдөөчү электрондук билериктерди тагуу демилгеси мындан беш жыл мурун Коомдук палатада да көтөрүлгөн болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG