Украин парламенти - Жогорку рада Юлия Свириденко жетектеген өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Свириденко буга чейин биринчи вице-премьер жана экономика министринин кызматын аркалаган.
Жогорку радада добуш берүүнүн алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский сүйлөдү.
14-июнда Зеленский Свириденкого өкмөттү жетектеп, анын ишин "олуттуу жаңылоону сунуш кылганын" айткан.
"Украинанын экономикалык кубатын бекемдөө, украиналыктарды колдоо программасын кеңейтүү жана курал-жарак чыгарган өзүбүздүн өндүрүштү кеңейтүү тууралуу так чараларды талкууладык. Ушул максатта Украинанын аткаруу бийлигинин трансформациялоо системасын баштайбыз. Юлия Свириденкого өкмөттү башкарууну жана олуттуу жаңылоону сунуш кылдым. Жакын арада жаңы өкмөттүн аракеттеринин программасын күтөм", - деп Зеленский жазган.
Юлия Свириденко АКШ менен Украинаны кайра калыбына келтирүү боюнча инвестициялык фонд түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жетектеген. Бул фонд Украинанын сейрек кездешүүчү кендеринен түшкөн кирешенин эсебинен каржыланат, аны Киев менен Вашингтон бирдей башкарат.
Мурдагы өкмөт башчы Денис Шмыгаль коргоо министри болуп дайындалды. Бейшембиде Зеленский мурдагы юстиция минстри Ольга Стефанишинаны АКШ менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындады. Вашингтон менен анын талапкерлигин элчинин кызматына макулдашуу жүрүп жатканын дагы Зеленский телегам -каналына жазды.
Украин медиасы мурдагы коргоо министри Рустем Умеров "тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө көңүл бурарын" кабарлады. Ал буга чейин эки жолу Стамбулда өткөн орус-украин сүйлөшүүлөрүнө Киевдин делегациясын жетектеп барган.
Шерине