Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Атамбаевдин үйүнө куралчан күч кызматтары келди


Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жолугушуулардын биринде.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жолугушуулардын биринде.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгени кабарланууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары жүргөнүн журналист Мирбек Айтикеевдин "Фейсбуктагы" түз эфиринен көрүүгө болот. Ал көрсөткөн түз эфирде куралдын атылган үнү дагы угулду. Айрым маалыматтарда бир канча кишиге желим ок тийген. Атамбаев азырынча үйүндө экени кабарланууда.

Окуя болгон жерде депутат Ирина Карамушкина да жүргөнүн көрүүгө болот.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да жазды.

Атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары Алмазбек Атамбаев өз үйүндө адаттагыдай эле эл менен жолугушууга чыкканда келишкен.

Партиянын юристи, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Касымбеков аскерлердин тепкисинде калганын айтты. Ал бети-башы шишиген абалда түз эфирде сүйлөдү. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да жараат алды. Дагы бир адам колунан, бири бутунан жараат алган. Атамбаевдин тарапкерлери аларга ок тийгенин билдирип жатышат.

24.kg агенттиги кабарчысы да желим октон жараат алганын жазды.

Окуя болуп жаткан жерге "Тез жардам" кызматы келди.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG