Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:32

Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Апрель" телеканалын лицензиясынан ажыратуу тууралуу прокуратуранын өтүнүчү менен каралып жаткан соттук отурум 7-июлга жылды. 4-июлга дайындалган жарыш сөз болбой калды.

Сотко катышкан кабарчыбыздын маалыматына караганда, буга прокуратура сотко келтирген баштапкы өтүнүчүн өзгөртүп, “Апрель” телеканалын юридикалык жак катары жоюуну соттон өтүнгөнү себеп болду. Телеканалдын адвокаты доо арыз жарым-жартылай өзгөрүп кеткенин жүйө кылып, жарыш сөзгө даярданууга убакыт алды.

Апрель айынын соңунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “Апрелдин” “Не жаңылык” берүүсүндө терс маанайдагы жаңылыктар камтылып, бийликтин кадыр-баркына доо кетирет деп тапкан. Анын негизинде прокуратура телеканалдын лицензиясын жокко чыгарып, социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу арызы менен сотко кайрылган.

Эл аралык уюмдар соңку эки жылда Кыргызстанда журналисттерге жана жарандык активисттерге бийлик тарабынан куугунтук күчөгөнүн белгилешкен.

Amnesty International уюму Кыргызстанда жарандык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана укук коргоочуларга кысым күчөгөнүн билдирген.(ZKo/AiB)


Шерине

XS
SM
MD
LG