Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Ак-Талаа районунун акими кызматынан бошотулду


Ак-Талаа районундагы айылдардын бири
Ак-Талаа районундагы айылдардын бири

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 4-июль күнү президенттин маалыматтык саясат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аким өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

Жумадилла Жапаров бул кызматка 2021-жылы, май айында дайындалган.

Быйыл жазында Министрлер кабинетинин коллегиялык жыйынында айрым министрликтердин, жергиликтүү бийликтердин иши сынга алынган. Министрлер кабинетинин сунушу менен бир нече министрдин орун басарлары кызматтан алынып, айрымдарына сөгүш берилген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG