Ишти караган Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлүү деп таап, аны 11 жыл, эки айга эркинен ажыратты.
Атамбаевге чыккан биринчи өкүм
Коомчулуктун көңүл борборунда турган иш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов 23-июнда чечим чыгарды.
Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон иштер боюнча биринчи өкүм болуп калды. Башынан эле жабык өтүп келаткан сот жараянында өкүм окулган учурду журналисттерге фото жана видеого тартууга уруксат берилди. Каипов сотто чечиминин жыйынтыктоочу гана бөлүгүн окуду.
«Атамбаев Алмазбек Шаршенович Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (ред: 43-берене «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү», 2-бөлүгү «Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан топ же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат») жана Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү (ред: 319-берене «Коррупция» 2-бөлүгү «Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган же оор кесепеттерге алып келген ошол эле жосун») менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл, эки айга эркинен ажыратылсын. II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратылсын. Жаза өтөө мөөнөтү 2019-жылдын 9-августунан тартып эсептелсин».
Судья бул иште шек саналган дагы үч кишини күнөөлүү деп тапты.
Индира Жолдубаева - 2015-2018-жылдары баш прокурор болгон. 2013-жылы президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген. Ага ошол учурдагы ишине байланыштуу иш козголгон. Сот аны 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен күнөөлүү деп таап, 5 млн. сом айып салып, класстык чини жана ардактуу наамынан ажыратты.
Абдухалим Раимжанов - Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси. Судья Раимжановду Жазык кодексинин 348-беренеси («Кылмышты жаап-жашыруу») менен күнөөлүү деп тапты. Жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берилген жок.
Калыбек Качкыналиев - Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси. Сот аны Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү») жана Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен күнөөлүү деп эсептейт. Судья Эмилбек Каипов Качкыналиевдин жазасын жеңилдетип эки жылга кести. Ал 2019-жылы кармалып андан бери жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп койгондуктан сот залынан бошотулду.
Жактоочулардын жүйөсү
Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары райондук соттун чечимине макул эмес экенин айтып, Атамбаевдин өзү менен кеңешкенден кийин кийинки инстанцияга арыздануу боюнча маселени карап көрүшө турганын билдиришти. Анын адвокаты Сергей Слесарев өкүм боюнча мындай комментарий берди.
«Бир сөз менен айтканда, соттордун алдына «Алмазбек Атамбаевди соттош керек» деген тапшырма коюлган. Сот системасы аны аткарды. Башкы максат ушул болчу. Өзүңөр уккандай 11 жыл, эки ай жаза мөөнөтүн берип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратты. Эң башкысы муну сот деп айтууга да оозум барбай турат».
Алмазбек Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президенттин жана анын жакындарынын мүлкүн мамлекетке алууну мыйзамсыз деп эсептейт.
«Алмазбек Шаршеновичтин өмүр бою тапкан мүлкү тартылып алынды. Андан тышкары конфискация жолу менен балдарынын да мүлкү мамлекетке чегерилди. Мыйзам боюнча кылмыш жолу менен гана алынган же ошол кылмышта курал катары колдонулган мүлк гана конфискация болушу мүмкүн. Сот мамлекетке алган объекттердин кылмыш ишине эч кандай тиешеси жок. Анын үстүнө коррупция болгон эмес. Биз башында эле айтканбыз. Негизги максат ар кандай жүйөлөр менен Алмазбек Шаршеновичти камоо болчу».
Сот Алмазбек Атамбаевдин жана жакындарынын мүлкүн конфискация кылды:
- Toyota Land Cruiser 200 автоунаасы, 2000-жылы чыккан;
- Mitsubishi Pajero автоунаасы, 1997-жылы чыккан;
- Toyota Land Cruiser 200 автоунаасы, 1998-жылы чыккан;
- MAN автоунаасы, 1993-жылы чыккан;
- BMW X-53 автоунаасы, 2011-жылы чыккан;
- Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы эки жер тилкеси;
- Ысык-Көл облусунда курорттук аймактагы жер тилкеси;
- Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы жайыт;
- Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы жер тилеси;
- Кой-Таш айылындагы көп жылдык бак тигилген аймак;
- Кой-Таш айылындагы ден соолукту чыңдоочу жай;
- Арашан айылындагы турак жай;
- Арашан айылындагы көп жылдык бак тигилген аймак;
- "Медиа Форум" ачык акционердик коому;
- Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү эки жер тилкеси;
- Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү имарат;
- "Форум" илимий-өндүрүштүк фирмасы" ачык акционердик коому;
- Чолпон-Ата шаарындагы бүтө элек эки объекти;
- Ысык-Көл районундагы эки жер тилкеси;
- "Апрель ТВ" ЖЧКсы;
- "Апрель" ЖЧКсы;
- "Канал Ди" ЖЧКсы;
- "Кыргызавтомаш" ишканалар ассоциациясы;
- Акциялар, банк ячейкалары, Кыргызстандын бардык аймактарында ачылган эсептер.
Прокурорлордун пикири
17-июндагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди, Индира Жолдубаеваны «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 15 жылга кесүүнү соттон өтүнгөн. Раимжановду жана Качкыналиевди 13 жылдан түрмөгө кесүүнү сураган.
Иш жүзүндө Атамбаев абакка кесилип, калгандары айып жана башка жаза менен чектелди. Соттун өкүмү тууралуу прокурор Медер Абдышевдин оюн сурадык.
«Биз биринчи өкүмдү алышыбыз керек. Өзүңөр уккандай сотто иштин жыйынтыктоочу гана бөлүгү окулбадыбы. Мамлекеттик айыптоо өкүмдүн толук көчүрмөсүн алгандан кийин бир жыйынтыкка келебиз. Сот эмненин негизинде мындай чечим чыгарганын өкүмдү толук окубай туруп айта албайбыз».
«Саясий чечим»
Бул Кыргызстандын тарыхында мурдагы мамлекет башчысы өлкө ичинде кармалып, соттолгон биринчи иш болуп калды. Буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга соттолуп, ага издөө жарыяланган.
Алмазбек Атамбаевдин бийлик менен тиреши Батукаевдин иши боюнча тергөөгө күбө катары келүүдөн баш тарткандан кийин күчөгөн. Акыр-аягы Атамбаевден экс-президент деген макамды алуу жана Кой-Таш окуясы менен аяктады.
Атамбаевди колдогон саясатчылардын бири, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков мурдагы президентке чыккан сот өкүмүн «саясий чечим» деп атады.
«Биздин билишибиз боюнча Алмазбек Шаршеновичке бир да киши түздөн-түз каршы көрсөтмө бербептир. Бул саясий чечимге окшоп калды. Сот адилеттүү болгонуна ишенбейм. Мурдагы президенттер кылган күнөөсүн билип өлкөдөн качып кетишти. Буга эл да, эки революция да баасын берди. Чет өлкөгө кетип калууга бул кишиде деле мүмкүнчүлүк болгон. Бирок «мен чыгып кетсем, күнөөнү мойнума алган болом» деп Кыргызстанда калды. Москвага учак менен кеткенде деле «ушул жерде кал» деген сөздөр болгон деп жатышат. Алмазбек Шаршенович «камалсам да өлкөдө болом» деп айткан экен».
Жаза жеңилби?
Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш ишинде жалпы 19 кишиге айып коюлган.
Бул иште шек саналган мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер Ирина Цопова баштаган 13 киши тергөө менен кызматташканы үчүн иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков Батукаевдин иши боюнча сот айыпталуучуларга жеңил жаза берди деген пикирде. Ал тергөө менен кызматташкан адамдарды да сындады.
«Азиз Батукаев убагында кыргыздын бир топ балдарынын кулагын кескен, Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Акматбаевди жардамчысы менен жана эки полковникти өлтүргөн. Ушундай кылмышкерди качыруу коррупция эле эмес чыккынчылык. Бул иште, Алмазбек Атамбаев, Бусурманкул Табалдиев, Шамил Атаханов, Индира Жолдубаева, Аида Салянова жана Зарылбек Рысалиев ишти уюштуруучулар болуп эсептелет. Калган дарыгерлер, жетекчинин орун басарлары аткаруучулар. Бул иш боюнча сот акча алып туруп анан ушундай чечим чыгарды деп эсептейм. Өкүм кыргыз элин шылдыңдоого барабар. Мен Алмазбек Атамбаев 15 жыл, Индира Жолдубаева жок дегенде 11 жыл, Калыбек Качкыналиев бери жагы эле 10 жыл жана Абдухалим Раимжановдун ден соолугу начар болгондуктан 7-8 жыл жаза алат деп ойлогом. Коррупцияга шек саналгандар айып менен кутулуп жатса, мал уурдаган, майда кылмыш жасагандардын баарын түрмөдөн чыгарыш керек. Ал эми тергөө менен кызматташууга макул болгон 10дон ашык киши болсо эми 300 миң сом айып төлөп кутулуп кетет».
Чечен тектүү Азиз Батукаев 1966-жылы Чүйдүн Токмок шаарында төрөлгөн. Анын аты 1990-жылдары эле криминалдык чөйрөдө атала баштаган. Батукаев 2006-жылы маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Ал түрмөдөн 2021-жылдын орто ченинде чыгышы керек эле.
Бирок 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.
Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.
Алмазбек Атамбаев баштаган анын ондон ашык тарапташына Кой-Таш окуясы боюнча да Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адам өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.