Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон төрт адамга байланыштуу соттук иште материалдарды изилдөө башталды. Шектүүлөрдүн жактоочулары сот мыйзам бузуу менен өтүп жатканын айтышууда.
13 кишинин иши сотко өттү
Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинде айып тагылган 13 кишинин материалы Бишкектин Свердлов райондук сотуна жиберилип, сот аны карай баштаган. Адатта буга окшогон чуулгандуу иштер сотко өткөндө башкы көзөмөл органы маалымат берчү. Бирок бул жолу эч кандай кабар деле болгон эмес.
"Азаттык" 10-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы менен байланышканда мекеменин расмий өкүлү Наргиза Куватова иш Свердлов райондук сотуна жиберилгенин жана анын карала баштаганын айтты:
«Жалпы 19 кишинин үстүнөн жазык иши жүргүзүлгөн. Анын ичинен төрт адамдын иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. 14 киши тергөө менен кызматташууга макул болгон. Тергөө аяктагандан кийин алардын арасынан 13 адамдын иши сотко кеткен. Али Касымов деген адвокаттын үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Дагы бирөө издөөдө».
Иши сотко жаңы өткөндөрдүн арасында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев жана Ирина Цопова баштаган бир катар дарыгерлер бар. Алар тергөө менен кызматташканы үчүн иши өзүнчө иликтенди.
Баш-аягы 14 киши тергөө менен кызматташууга макул болсо, алардын 13нүн иши сотко кетти. Батукаевдин мурдагы адвокаты Али Касымовдун гана иши дагы деле тергелип жатат. УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев болсо издөөдө жүрөт.
Тергөө менен кызматташтык жана кызыкчылык
Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши былтыр октябрь айында сотко өткөн.
Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев тергөө менен кызматташууга макул болгон адамдардын иши сотко кеч жиберилгенин айтып жатат. Анын сөзүнө караганда, тергөөчүлөр күч органдары менен кызматташкан адамдар сотто көрсөтмөсүн өзгөртүп жибербесин деп ишти атайын кармап турушкан.
«Тергөө менен кызматташкан адамдардын иши иликтөө бүтөрү менен эле сотко жиберилген жок. Бул - мыйзам бузуу. Качан гана алар сотко келип тергөөдө берген көрсөтмөсүн кайталап айткандан кийин гана иш сотко өтүп жатат. Тергөөчүлөр болсо аларга басым кылып ишти кармап турду. Анын үстүнө көпчүлүгү тергөө менен убактылуу кармоочу жайда отурганда келишим түздү. Ирина Цопова деген дарыгер абакта жатканда буту сынгандан кийин тергөө менен кызматташууга барды. Аида Салянова болсо тергөө абагында 72 күн жаткан соң гана тергөө менен кызматташуу боюнча келишим түздү. Баарына тең эле басым болгон. Бул жерде бир гана максат Атамбаевди камаш керек болчу. Эгерде айып тагылган 19 кишинин 18и тергөө менен кызматташам десе тергөөчүлөр макул болмок».
Алмазбек Атамбаев баш болгон төрт шектүүнүн ишин Бишкектин Биринчи май райондук соту териштирип жатса, тергөө менен кызматташкан 13 адамдын ишин Свердлов райондук соту карай баштады.
Акыркы учурларда Кыргызстанда чиновниктердин аты аталып коомчулуктун көңүл борборунда турган чуулгандуу иштерде тергөө менен кызматташып, үй камагына чыгып кеткен окялар болгон.
Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев тергөө менен кызматташуу деген жаңы түшүнүк тууралуу пикири менен бөлүштү:
«Көбүнчө резонанс жараткан, саясий боёгу бар иштерде адамдар тергөө менен кызматташып кетүүдө. Бул жерде тергөө менен кызматташып жаткан адамдын да кызыкчылыгы турат. Саясий боёгу бар иш болсо анын айланасындагылардын да баарынын саясий кызыкчылыгы болушу мүмкүн да. Ошол эле ишти тергеп жаткан орган да, тергөө менен кызматташкан адам да кызыкдар».
Төрт кишинин иши боюнча сот аяктап калды
Ал тапта Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште коррупцияга шек саналып жаткан Алмазбек Атамбаевдин, Индира Жолдубаеванын, Калыбек Качкыналиевдин жана Абдухалим Раимжановдун иши боюнча сотто көрсөтмөлөрдү угуу аяктады.
Буга чейинки жараяндарда дарыгерлер, Батукаев жазасын өтөп жаткан жеринен чыгып кеткен Нарындагы абактын кызматкерлери, Жаза аткаруу кызматынын жумушчулары, ошол кездеги башкы прокурор жана бул ишке тиешеси бар мамлекеттик органдын жетекчилери көрсөтмө берди. Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жактоочусу Алия Турумбекова соттук иштин жүрүшү тууралуу буларга токтолду:
«Кылмыш иши боюнча сотто материалдарды изилдөө башталды. Прокурорлор менен адвокаттар даяр болгон болсо жакын арада жарыш сөз башталат. Материалдагы бир том «купуя сыр камтылган» деп табылгандыктан сот жабык өтүп жатат. Бирок 3-июнда "Дело №" басылмасына ал томдогу бардык маалыматтар жарыяланып кетти. Маалымат алардын колуна кантип тийгени белгисиз. Кандай болгондо деле журналисттер абадан алып жазышпайт да. Аларга бирөөлөр маалымат берип жатышат. Мен муну кайсы бир деңгээлде сотко басым деп эсептейм».
Батукаевдин иши - эгемен Кыргызстандын тарыхында эң чуулгандуу жана көлөмдүү да иштердин бири. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) буга чейин берген маалыматына ылайык, кылмыш ишинин материалдарынын жалпы көлөмү эле 451 томго чыккан. Бул иш боюнча Алмазбек Атамбаевдин суракка келүүдөн баш тартышы акыры Кой-Таш окуяларына алып келген. Батукаев абактан чыгарылып кеткен жылы акыйкатчы болуп турган Турсунбек Акун кылмыш иши тууралуу сотто көрсөтмө берип чыкты.
«Убагында депутаттык комиссиянын корутундусу менен бул ишке 22 адам күнөөлүү деп табылган. Анын ичинен 21 кишиге чара көрүү тууралуу өкмөткө сунуш берилген. Өкмөт алардын бирин да жумуштан алган эмес. Акыйкатчы институту парламенттик орган болгондуктан мен гана жумуштан кеткем. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дейт. Азыр эми иш туура тергелип, туура иштер болуп жатат».
Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча соттук отурумдарга катышкан жок. Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.