Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:30

Вакил абый: Дүйнөнүн түркүн түсүн сактайлы


Татарстандын Эл артиси Нажиба Ихсанованын портрети.
Татарстандын Эл артиси Нажиба Ихсанованын портрети.

Вакил Шайхетдинов башкырстандык cүрөткер. Ал Капей-Кобау айылын, анын жаратылышын жайы-кышы сүрөткө түшүрөт жана дүйнөнү ар кыл өңдөгү талаа гүлдөрүндөй кабыл алат. Ошого адамдарды да өң-түсүнө, ишенимине карап бөлбөйт.

Вакил абыйдын* киндиги Капей – Кубово (башкырча Кәпәй-Кобау) менен төрөлгөндө эле туташып калган. Капей-Кобау Башкырстандын байтакты Өфөдөн (Уфа) 130 чакырым батыштагы дүпүйгөн чоң кыштак.

Художниктин Өфөдө үйү жана Орусиянын Сүрөтчүлөр союзу берген өнөрканасы бар. “Бирок шаарда кычырыган кышта гана жашайм“,- деп баштады сөздү Башкырстан Республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү, 68 жаштагы Вакил ажы Шайхетдинов.

- Эмне үчүн? Себеби, айылда туулган үйүмдө жашайм. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Өзүм чоңойгон үйдү дал өзүндөй сактап калдым: жаңыладым, жанына өзүмө өнөркана курдум. 30 сотых жери, бардык шарты бар. Мага айылда жашаган жагат. Менин үйдө төрөлгөн себебим, биздин кыштакта төрөт үйү жок болчу. Мен өзүмдү ушул жерге программаланып койгом деп эсептейм. Ушу жерде биринчи жолу абадан дем алгам. Ушу жерде биринчи жолу жердин бетинен жылаңаяк баскам. Менин организмим ушу жерге абдан мыкты ыңгайлашкан деп түшүнөм.

"Май айы". Капей-Кобау. В. Шайхетдинов.
"Май айы". Капей-Кобау. В. Шайхетдинов.

Негизи, кыштактын четиндеги токойдо жана айдың талаада этюд тартып жүрүп, өзүмдүн балалыгымды эстейм. Көк жайык талаалар, бак-дарактар, дөңсө-тоолор мени бала кезимден билгендей сезилет. Чынында эле ушундай. Мен көркөм окуу жайда, институтта окуп жүргөндө балалыгым өткөн айылымды унутуп, кол үзгөн жокмун. Балалыгым менен жашап жүрдүм.

Вакил абый киндик каны тамган Капей-Кобау айылын жана анын тегерегиндеги бөксөлөрдү, колот-жылгаларды, бадал-токойлорду, кыйырсыз талааларды 12 ай талбай тартат. Бирок элетти ашыкча көркөмдөбөйт, идиллияга айлантпайт. Жаратылыштын жыл мезгилине жараша өзгөрүлмө мүнөзүн полотного дал өзүндөй берет.

Жалпылап, Вакил абыйдын пейзаждарын эки топко бириктирүү мүмкүн. Алсак, “Батыш шамалы”, “Үшүк”, “Кыштын акыркы күндөрү”, “Чоң Устөбөнүн тегерегиндеги дөңсөөлөр” сыяктуу картиналарында табият табышмактуу жана сүрдүү телмирет. “Капей-Кобау. Май айы” деген пейзажда асман түнөрүп, шамал дарактарды термелтип, чөптөрдүн башы шамалга жапырт кыңаят. Жоолуктай жердеги былтыркы чөптөр тегерегин каптап келаткан тулаңдын жанында бозоруп мистейет. Сиз да бул сүрөттөрдү көргөндө суукту сезип, аргасыз кымтынасыз.

"Келин Тоо". Вакил Шайхетдинов.
"Келин Тоо". Вакил Шайхетдинов.

Ал эми жан-жаныбарга кучагын жайып, жарык маанай мээрман табиятты сүрөткер “Кош кайың”, “Жаздын бир күнү”, “Күн карамалар”, “Сирень”, Кандракөл”, “Өткөн жылдын жаңырыгы” деген эмгектеринде табиятты импрессионисттердей кулпунтуп даңазалайт. Бирок, пейзаж фотосүрөттөй жансыз эмес. Тирүү. Дем алып турат.

"Мен өз стилимди реализм деп атаар элем", - деп улантты кебин Вакил ажы.

- Сүрөттөрүмдө табияттын кээде сүрдүү болуп калган себеби мындай. Пейзажды жаратылыштын өзүндөй же фотоаппарат менен тарткандай кылып тартса болот. Мен пейзажда жаратылыштын маңыз-мазмунун, учурдагы абалын бергенге умтулам. Мен сүрөт тартып отурам... Муздак шамал согуп жатат... Аба ным тартып, мен жылбай отура берип үшүп калсам, мунун баарын картинада көрүүчүгө жеткирүү керек. Ошон үчүн мен табиятты фотографиядай кылып же терезеден карап тартпайм. Мен пейзажды тарткан жеримде болушум керек. Ошондо мени менен табият ортосунда чыныгы диалог болот.

Капай - Кобанын ажарына тойбогон Вакил абый
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:56 0:00
Түз линк

Сүрөткер өз картиналарында бир тууган айылы Кәпәй-Кобауну жана анын жака белиндеги ажайып дүйнөнүн ажарын ачып, көрөрманды туулган жерине жетелейт, ата журтун сүйүүгө, баалай билгенге үндөйт.

“Адамды өз башатына кайтаруу керек”

- Башатына кайтаруу деген... Мисалы, динди алалы. Кудай бизди топурактан жасаган. Туурабы? Илимий жактан карасак да кишинин денеси жерде бар химиялык элементтерден турат. Демек биздин башатыбыз - бул биз жашаган жер. Мен жерди да киши сыңары жакшы-жаманды бирдей сезген тирүү жанмын деп билем.

Вакил Шайхетдинов Капей-Кобау айылындагы үйүндө.
Вакил Шайхетдинов Капей-Кобау айылындагы үйүндө.

​Вакил абый мекенчил инсан катары башкыр жана татар элинин тарыхын үңүлүп окуп, бул канаатташ эки тилге өтө аяр мамиле кылат. Ушул себептүү башкырлардын элдик эпосу “Урал-баатырга” бир нече эмгегин арнаган.

Анын ишениминде, тарыхты жалаң төш баатырлар менен кыйды төбөлдөр жасабайт, эл таламын туйган заади күчтүү залкарлар жасайт. Ошого башкыр элинин улуттук баатыры, Салават Юлаевди көркөм адабиятта жана искусстводо баатыр кылып бир беткей көргөзгөнгө макул эмес. Ал тарткан портретте Салават апызды түбөлүк жаш, эрки майтарылбаган кабылан жана биздин замандашыбыз деп туясыз. Эмне үчүн?

- Бул эмгегим башкыр элинин улуттук баатыры Салават Юлаевдин 250 жылдыгына арналып тартылган. Менин улутум татар, башкыр жеринде жашайм. Башкыр элин урматтайм, сыйлайм, жакшы көрөм. Салават Юлаевди баатыр деп тааныйм. Лекин, көркөм адабияттарда жана полотнолордо Салават Юлаевди көбүнесе жоокер катары көрсөтүшкөнү мага көп жакпайт. Ар бир жоокер жанына күч келсе адамдарды өлтүрөт. Бул күнөө. Мен Салават Юлаевди эл жаратман акын ирети кабыл алышын жана билүүсүн кааладым. Ошон үчүн өз картинамда Салават Юлаевди кадыресе жашоонун шартына ынанган адам катары көрсөткүм келди. Ошого сүрөткө ыйык Курандын “Салават“ сүрөөсүн араб арибинде жазып койдум.

Башкыр элинин улуттук баатыры Салават Юлаевдин портрети.
Башкыр элинин улуттук баатыры Салават Юлаевдин портрети.

​Вакил Шайхетдиновдун эмгектерин коңшулаш Татарстанда да жакшы билишет. Казандагы улуттук маданий борбордогу “Түрк дүйнөсү“ монументалдык панносунун авторлорунун бири. Художниктин көрүнүктүү татар зиялылары: айтылуу философ - улама Шибагутдин Маржани, жазуучу Туфан Миннуллин, мамлекеттик ишмер Минтемир Шаймиевдин жана башкалардын портреттери өзүнчө сөзгө арзыйт.

Татарстандын мурдагы президенти Минтемир Шаймиевди художник мартабалуу функционер жана жаратман кылып көрсөтөт. Акыркы эмгегинин жаралыш тарыхы жөнүндө сураганымда:

- Мен Минтемир Шаймиевдин портретин ал президент кезде тартайын деп ойлодум. Бирок туура көрбөдүм. Адамдар мен жөнүндө ар кандай ойлоп калышы мүмкүн эле. Ошого Шаймиев президенттик кызматтан кетип, байыркы булгарлардын тарыхын изилдей баштаганда, портретин тарттым. Мен аны мурдагы коммунисттик ишмер кылып да көрсөткүм келди. Ал себеби жаман ишмерлерге кирбейт. Коммунизмдин идеясы негизи жакшы да. Аны биз танбайбыз. Мен Шаймиев менен эч качан жүзмө жүз сүйлөшкөн эмесмин. Ал Казан шаарындагы Кремлди калыбына келтирип, дүйнөдөгү татарлар үчүн кубаттуу борборго айлантты. Мунун өзү жакшы эмеспи. Анын биздин байыркы Булгариянын тарыхын калыбына келтирүүгө бел байлап киришкени аябай сонун иш. Минтемир Шаймиевдин жогоруда мен атаган эки иши, анын өз өмүрүндө татар эли үчүн жасаган эң үлкөн эмгеги деп ойлойм.

Татарстан Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Вакил Шайхетдинов үчүн биринчи кезекте каарманынын кызматы эмес, анын эл-жери үчүн жасаган эмгеги, руханий дүйнөсү, адамдык насил-наркы баалуу. Мисалы, Орусиянын жогорку муфтийи, көрүнүктүү диний жана коомдук ишмер Талгат Тажудин жанын көк таштай өйүгөн чоң ойдун кучагына термелтип тартылган. Анын жүйөсүн живописчи мындай деп түшүндүрдү:

- Талгат Тажудин жөнүндө анын бет алдында туруп көп жакшы сөздөрдү айта алам. Социалдык желелерде аны каралаган ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Ага карабай, Талгат Тажудинди нукура философ, нукура мусулман аалымы деп билем. Ал Ибрагим пайгамбар (Абрамий) башатындагы диндерде: мусулманчылыкта, иудаизмде, христиандарда - Кудай бирөө деп далилдейт. Буга мен Талгат Тажудин менен баарлашканда ишендим. Ал муну менен Жер бетиндеги элдин чоң бөлүгүн тынчтыкка жана ынтымакка үндөйт. Бирок анын оюн тегерегиндегилер дайыма эле түшүнө беришпейт. Бул нерсе, албетте, аны тынчсыздандырат, ойго салат. Мен сүрөттө ушундай адамды көрсөткүм келди.

Россиянын баш муфтийи Талгат Тажуддиндин портрети.
Россиянын баш муфтийи Талгат Тажуддиндин портрети.

Вакил ажы өз полотнолорунда дин темасына көп кайрылат. 1996-жылы ажыга барып келгенден кийин Абрамий диндерге арналган “Икърар” деген түрмөктү тарта баштайт. “Диндердин жаралышы” деген картинасы Давиддин жылдызы, крест жана жарым ай кат-кат болуп, бири-бирин толуктап турат. Сүрөткө “Маалым болгондой, иудей, христиан жана мусулман диндеринин тамыры бир. Бул сүрөттө үч диндин алмазын түзчү символикалык белгилер чогуу тартылган” деп жазып койгон автор өзү.

Береги үч динди “бир атанын үч баласындай” бирдиктүү кароо себебин сураганымда, такыба динзар жана сүрөткер дүйнөнү эгем жараткандай көп кырдуу кабыл аларын, ошон үчүн адамдарды дини же өңү боюнча бөлбөсүн айтты:

- Бизде мусулмандарда Жараткан тарабынан вохий болуп түшкөн Куран бар. Өзүн мусулман дегендердин баары үчүн Куран - алардын моралдык кодекси болушу керек жана мусулмандар Куранга ылайык жашашы керек. Ошон үчүн мен адамдарды «ак» жана «кара» деп бөлө албайм. Себеби, биз көчөгө чыксак, дүйнө көп боёктүү, көп түрдүү экенин көрөбүз. Дүйнө кара же ак эмес. Жан-жаныбарлар, айлана-чөйрө - баарынын өңү ар түрдүү. Асман көпкөк, жалбырактар жашыл, жер кара же күрөң жана башка толгон-токой өңдөр. Ошон үчүн биз дүйнөнү көп кырдуу кылып сакташыбыз керек. Ошого биз дүйнөнү кандай кабыл алсак, Жер жүзүндөгү бардык адамдарды, бардык аврамий диндерди, бардык улуттарды дал ошондой кабыл алышыбыз абзел.

"Диндердин жаралышы" картинасы. В. Шайхутдинов
"Диндердин жаралышы" картинасы. В. Шайхутдинов

Капей-Кобау айылын дүйнөнүн киндигиндей көргөн Вакил абыйдын жогорудагы сөзүн өздөрүн такыба деп санаган бардык эле пенделер макул көрбөс. Бирок ким да болсо пейзажисттин сүрөттөрүн көрүп, туулган жерин эстеп, анын тунук булактары, тоосу жана жашыл бетегеси көз алдында тасмадай чимирилери талашсыз..

Баса, орус жазуучулары Лев Толстой, Михаил Шолохов, чех сүрөткери Йошка Упрх да өмүрүн өз айылдарында өткөрүп, ысымдарын дүйнөгө дүңгүрөткөн өлбөс чыгармаларды жаратышкан.

------------

Абый- башкыр жана татар тилдеринде ага деген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG