Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Еревандын Кремлге таарынычы, Бишкек алчу сабак


Владимир Путин менен Никол Пашинян. Москва. 25-май, 2023-жыл
Владимир Путин менен Никол Пашинян. Москва. 25-май, 2023-жыл

Москва жана ЖККУ Тоолуу Карабак маселесинде так позициясын билдирбегенине расмий Ереван нааразы. Ушул айдын башында Армениянын өкмөт башчысы коопсуздукту толугу менен бир өлкөгө – Орусияга байлап салуу стратегиялык ката болгонун моюнуна алган.

Кыргызстан бул катадан кандай сабак алышы керек? Украинада согуш жүрүп жаткан чакта Москва коопсуздукту камсыздоочу күч болуп бере алабы? Армения коопсуздук чөйрөсүндө жаңы гарант издеп жатабы? Ереван Орусия баштаган ЖККУдан чыгышы мүмкүнбү?

Бул теманы “Биз жана дүйнө” теле берүүсүндө талкуулаганбыз. Биздин суроолорубузга армениялык саясат таануучу Рубен Меграбян жана коопсуздук боюнча эксперт Орозбек Молдалиев жооп берди.

- Рубен мырза, сиздин пикириңизде, АКШ менен биргелешкен машыгуу өткөрүү менен Армения коопсуздукту кепилдеген башка тарапты издеп жатабы? Муну өкмөт башчы Пашиняндын италиялык La Repubblica гезитине берген интервьюсуна байланыштуу сурап жатам.

Рубен Меграбян
Рубен Меграбян

- Пашинян ал маегинде Армения эгемендикке жеткенден бери жүргүзүп келаткан багыты, коопсуздук саясаты стратегиялык ката болгонун айтты. Себеби, андай саясаттын жыйынтыгында бир тараптуу түрдө Орусиядан көз каранды болуп калдык. Мен бир жагдайга өзгөчө көңүл бурат элем.

Пашинян тигил же бул окуялардын айланасында ой жүгүрткөн, пикирин өзү каалагандай айткан мен өңдүү саясат талдоочу эмес экенин унутпоо зарыл. Пашинян - саясатчы, болгондо да өлкөнүн эң жогорку кызматын ээлеген адам. Анын сөздөрүн ошол стратегиялык катаны оңдоо процессин баштоо ниетин жарыя айтканы деп чечмелесе болот. Анткени, коопсуздук чөйрөсүндөгү стратегиялык ката армян мамлекеттүүлүгүнө туруктуу жаралган коркунуч бар дегенди билдирет. Албетте, андайга биз жол бере албайбыз.

- Рубен мырза, Орусия Армениянын америкалыктар менен машыгуусунан тышкары дагы бир нече кадамын “достукка жатпайт” деп баалабадыбы. Москваны өзгөчө кыжырданткан аракеттерге токтолосузбу?

- Армян премьеринин жубайы Анан Акопян Киевге барып келди. Албетте, бул сапарга Москва терс мамилесин билдирди. Алар муну кастык кадамы деп сыпатташты. Кечирип койгула, Армения дипломатиялык алакалары бар мамлекеттерге сапарларын качантан бери Москва менен макулдашып, уруксат сурап турушу керек? Бул биринчиден. Экинчиден, Украина - Армения үчүн абдан маанилүү өлкө. Армян диаспорасынын саны жагынан Украина дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Ал жакта жарым миллион армян жашайт. Анан Орусия "бизге Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын келсе болобу?" деп уруксат сурабайт да. Айтайын дегеним, Армения чечимдерин ички муктаждыктарына, зарылдыктарына жараша, өз алдынча кабыл алат. Мамлекеттер аралык мамилелерде Москванын билдирүүлөрү уят иш болуп эсептелет. Азербайжан менен тынчтык келишимине жетишүүгө Орусия тоскоол болуп жатканын көрүүдөбүз. Атүгүл Орусия жаңжалдын дипломатиялык жол менен жөнгө салынышына кызыкдар эмес. Бул чыр чечилмейинче Орусия биздин аймакта бүгүнкү абалда кала берет. Орусия өзүнүн нео-империялык доктринасын ишке ашырууда. Ага ылайык, алар мурдагы СССРдин бүтүндөй аймагын орус жерлери деп эсептешет. Мурунку таасирин калыбына келтирүү ниетин айтып жатышат. Баса, Украинадагы согуш мына ушундай ойдон улам келип чыккан. Жаңжал аркылуу болобу, мейли, эмне болсо да ал жерден кетпейли дешет. Орусиянын башка сунуштай турган эч нерсеси жок. Өзү башаламандыкты жаратып коёт, ошондой кырдаалга жеткирет, анан куткарабыз деп келишет. Рахмат, бизди антип куткарбай эле койгула. Кереги жок.

- Орозбек мырза, Пашинян коопсуздукту камсыздоону толугу менен бир өлкөгө байлап салуу стратегиялык ката болгонун моюнуна алды. ЖККУга мүчө болгон калган мамлекеттерде, мисалы, Кыргызстанда да коопсуздук чөйрөсүндө ушундай эле көйгөй бар деп айтса болобу?

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

- Бизде дагы ушундай көйгөйлөр бар. Мисалы, 1990-жылдардагы окуяларды алалы. Бизге "Өзбекстан Ислам кыймылы" уюму (экстремисттик уюм) кол салып, Тажикстандын аймагындагы Каратегин өрөөнүнөн Жума Наманганинин согушчандары кирип келгенде, ошол кезде ЖККУнун өкүлдөрү Ошко келди, штаб ачышты, картаны илип коюп, ошондон башка бизге сезилерлик жардам берилген эмес. Анын дагы бир топ маселелери бар, эфирден айтпай турган өңүттөрү дагы бар. Ошол кезде биздин көп аскер адамдарыбыз, жоокерлер “бизге ушундай шериктештин кереги барбы?” деп айтышкан. Бизге жардам абдан кеч келген. Айта кете турган нерсе, ЖККУ мүчөлөрүнүн ичинен Армения ошондо бизге жакшы жардам берген. Казакстан аябай моралдык колдоосун көрсөтүп атты. ЖККУга мүчө эмес Өзбекстан көп жардам берген да, мисалы, качкындарыбызга колдоо көрсөткөн. Ошондо эле биздин бир топ аскер кызматкерлери айткан, “ушул ЖККУ ийкемдүү эмес уюм экен” деп. Ошон үчүн бул ойлонто турган маселе. Биз Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), БУУ бар деп эле жүрөбүз. Алар кыймылдап, урушпагыла дегенге чейин Кыргызстан эмне болуп кетебиз? Биз ойлоно турган маселе бул.

- Ойлонгондо эмне кылыш керек? Бир диверсификация болуш керекпи коопсуздук чөйрөсүндө?

- Мунун атайын иштетилген шарттары бар өзүнүн. Улуттун кызыкчылыгын, элибиздин коопсуздугун камсыз кылуу биринчи орунда турат. "Ошону кантип камсыз кылабыз? Кандай кылып чечебиз?" деген маселенин үстүнөн иштешибиз керек. (Украинадагы согуштан улам) Орусиянын азыр колу бош эмес. Колу бош болгон күндө дагы Тажикстан менен маселеде көрдүк. Мындайда ортомчулукка деле жарабай, башка нерсе кылат экен. "Анда биз кандай кылсак? Ким менен союздаш болсок? Ким ушундай абал жаралганда коопсуздугубузга кепил болуп бере алат?" деген суроонун үстүнөн мамлекеттин жетекчилери дагы, эксперттер дагы, баарыбыз ойлонушубуз керек. Биз дагы Арменияга окшогон кичинекей мамлекетпиз.

- Рубен мырза, Москва Арменияны өз орбитасында кармап калуу үчүн аракет көрөбү? Орусиянын басым кылуу үчүн кандай рычагдары бар?

- Албетте, Орусия Арменияга азыр деле басым-кысым көргөзүп келет. Болгондо да ал күчөп баратат. Бирок бул бизди тандап алган багыттан тайдырбайт, бут тосо албайт. Себеби, ЖККУ өзүнүн де-юре өнөктөшүнүн алдында алган аскердик-саясий милдеттенмелерин аткарууга жөндөмдүү эмес, аткарууну каалабаган уюм.

Орусиянын бейпилдик контингенти. 13-ноябрь, 2020-жыл
Орусиянын бейпилдик контингенти. 13-ноябрь, 2020-жыл

Биринчиден, Орусия Тоолуу Карабак жаңжалында өзүнүн позициясын өзгөртөрүн, Азербайжан тарапты жактай турганын айтып, көптөн бери эле коркутуп жүрөт. Мында корко турган эч нерсе жок. Анткени, Орусия ансыз да Баку тарапта болуп келатканын бир нече жолу далилдеген.

Экинчиден, газ маселеси бар. Москва бул жагынан өзүнө альтернатива жок деп ойлойт. Жок, андай эмес. Жаныбызда газга бай Иран турат. Газ кууру да турат, аны кеңейтүү зарыл. Адистердин айтымында, ага сегиз айдай убакыт кетет.

Үчүнчүдөн, Орусияда эң чоң армян диаспорасы жашайт. Ошолор ар кандай кысымга, басмырлоого туш болушу мүмкүн. Же 2008-жылы Грузиянын мисалында көргөндөй, грузиндердей кылып кубалап чыгып, рыногун жаап салат. Анда деле бизге эч нерсе болбойт, башка рынокторго – Европа, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азияга кете беребиз.

Орусиянын Арменияны 5-колоннанын (сырткы күчтөргө тымызын көмөктөшкөн адамдардын) жардамы менен өлкөнү ичинен туруксуздаштыруу мүмкүнчүлүгү да бар. Ошол 5-колоннаны Орусия дайыма колдонуп келет. Мындан 10 жыл мурун алар өздөрүн маанилүү фактор кылып көргөзүп келсе, азыр коомдон бөлүнүп чыккан маргиналдарга айланган. Андайларды алыстан эле тааныса болот. - ЖККУдан чыгуу сценарийи канчалык реалдуу? - ЖККУнун бизге кереги жок деген жалпы саясий консенсус пайда болду. Уюм баалуулуктарыбызга, максаттарыбызга жана кызыкчылыктарыбызга ылайык сырткы дүйнө менен мамиле түзүүгө тоскоол болууда. Ошол кызыкчылыктар, максаттар жана баалуулуктардын Орусияга эч кандай тиешеси жок экенине көңүл буруп койгула. Андыктан Армения ЖККУга де-факто катышпай калды. Менимче, ыңгайлуу саясий учурду тандап, муну расмийлештирүү керек.

- Орозбек мырза, Армениянын мындай аракеттерин эске алганда, ЖККУ башынан кризис кечирип жатат деп айтууга негиз барбы?

Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун машыгуусунда. Беларус, сентябрь, 2023-жыл
Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун машыгуусунда. Беларус, сентябрь, 2023-жыл

- ЖККУ деле, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) деле көбүнчө саясий уюмдар. Орусиянын кызыкчылыгы үчүн эле түзүлгөн уюмдар. Мына, ЕАЭБди караңыз, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында машинелер, апыртып айтсак, Аламүдүн базарына чейин тизилип калат. ЕАЭБ деген - ЖККУ сыяктуу эле иштебеген уюм. Мунун иштей турган механизмдерин жөнгө салып, баарын тартипке салуу зарыл. Мына, Европа Биримдигинин даяр мисалы турат. Беш тепкичтүү кадам менен келип, азыркы Еврошаркетке чейин жетти. Биз, андан азыраак эле мамлекеттербиз, бири-бирибизди жакшы билебиз, муну жөнгө салган кызыкдар тараптар гана жок болуп атпайбы. Кайта ушундай ортодо талаш-тартыштар көп болсо, биз бирикпей турсак, бөлүп-жарып, өзүнүн саясатын жүргүзүү учун түзүлгөн уюмдар экенин, анын башында ким турганын элдин баары эле билет. Мына, мисалы, Шанхай кызматташтык уюму менен КМШны салыштырып көрүңүз. КМШдан улам бир мамлекет чыгам дейт. Азыр Армения ЖККУдан чыгабыз деген маанайда жүрөт. Ал эми ШКУга кирели, мүчө бололу деген мамлекеттер көп, уюм кеңейүүдө. Уюмдун таасири ушундан билинет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG