Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:38

Беткапты бекер тиккен армян ыктыярчылары


Армения, Ереван. 20-март, 2020-жыл.
Армения, Ереван. 20-март, 2020-жыл.

Армениянын жөнөкөй ишкерлери демилгени колго алып, бири элге бекер беткап тиксе, бири дарыгерлерди акысыз ысык тамак менен камсыз кылып жатат. Ал эми башка ыктыярчылар жакыр үй-бүлөлөргө тамак-аш ташый башташты.

Армениянын Эчмеадзин шаарында коронавируска чалдыккан алгачкы адам аныкталары менен шаарча дароо карантинге алынды.

Ошол күндөн тарта жергиликтүү ишкер Армен Абраамян өз үйүндө беткап чыгаруучу цех уюштуруп салды. Азыр кошуналары жана туугандары иштеген цехтен күн сайын 3,5 миң беткап чыгарылып, элге бекер таратылып жатат.

«Шаардагы дарыканаларда коргонуучу каражаттар түгөнүп калды, - дейт ал. - Анан мен беткап чыгарып, элге бекер таратууну чечтим. Мага кошуналарым менен туугандарымдан сырткары таптакыр бейтааныш адамдар да өз ыктыяры менен келип жардамдашып жатат. Биз жергиликтүү оорукана менен да кызматташып жатабыз. Беткаптар тигилип бүткөндөн кийин аны стерилизация кылдырып, анан элге бекер таратып жатабыз».

Беткап чыгарыш үчүн керектүү кездеме, жип, электр энергиясы сыяктуу чыгымдарды Армен өзү сыяктуу эле шаардыктардын ден соолугуна кайдыгер карабаган достору менен төлөп жатат.

«Беткаптарды тигип бүткөндөн кийин четине «Акысыз» деген мөөр басып чыгабыз. Ал мөөр муну сатканга эч кимдин акысы жок дегенди билдирет», - деп түшүндүрдү ыктыярчы.

Ал эми коронавирустун айынан жумушсуз, кирешесиз отуруп калгандарды колдоону «Мээримдүү эне» кайрымдуулук фонду колго алган. Фонддун уюштуруучусу Марина Адулян колунда бар адамдардан каражат топтоп, күн сайын жүздөгөн килограмм тамак-аш каражаттарын муктаж үй-бүлөлөргө таратып келет.

«Макарон, күрүч, тоок эти, май, чай, памперс сыяктуу эң керектүү каражаттарды азыр акчасы жок калган жарандарга таратып жатабыз», - деди ал.

«Мээримдүү эне» фондунун негиздөөчүсү Марина жардамдын көлөмү күн сайын арбып жатканын айтат. Бирок ошого жараша ал жардамга муктаждардын көбөйүп жатканын моюнга алды. Маселен, алгачкы күндөрү жардамга муктаж 75 үй-бүлө катталса, азыр алардын саны 300 түтүнгө жеткен.

«Адамдар саат сайын бирдеме көтөрүп келип жатышат, - дейт фонддун башчысы. - Ар кандай уюмдар же жөн эле жарандар макарон, май же чай алып келишүүдө. Бизге демөөрчүлүк кылгандардын арасында ошол өзү алып келген макарон өзү үчүн маанилүү адамдар да бар. Бир адамга бере турган тамак-аш баштыгынын орточо салмагы 12-13 килограмм болуп жатат».

Арменияда карантинге байланыштуу жабылган ресторандар да ишин толук токтотуп салышкан эмес. Алар коронавируска чалдыккан бейтаптарды айыктырууга аракеттенип аткан Еревандагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгерлерин бекер тамактандырып турууну колго алышкан.

«40 кишини даяр тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыз кылып туруу - кыйла жоопкерчиликтүү маселе. Ресторандын башкы ашпозчусу тамактарды биринчи жана экинчи кылып даярдагандан кийин биз аны жылуу бойдон ооруканага жеткирип беребиз», - деди алардын бир өкүлү.

Армениялык ишкерлер өлкөдө коронавирус илдети токтогонго чейин дарыгерлерди бекер тамак-аш менен камсыз кылууну уланта беришмекчи.

Учурда Арменияда коронавируска чалдыккандардын саны 265 адамга жетти. Өлкөдө 16-марттан тарта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG