Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

"Ар-намыстын" элегинен депутаттын агасы өттү


“Ар-намыс” фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматына башчы боло турган адамды тандады.

16 талапкердин ичинен “Өнүгүү” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин агасы Аскар Төрөбаев көпчүлүк добуш алды.
Фракция жыйынында дал ушул талапкер ар бир депутатка 5 миң доллардан бериптир деген имиштер тарап жатканы айтылган. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев тандоо учурунда талапкерлердин арасында айрым депутаттардын жакындары бар экенин, алтооно кылмыш иши козголгонун айтып, жыйындан чыгып кетти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Эрлан Сапарбаев фракция лидери Феликс Кулов менен тил табыша албай кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

“Ар-намыс” фракциясы 21-февралда Мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болом деген 16 кишинин талапкерлигин карап, алардын программаларын укту. Жыйынтыгында “Өнүгүү” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин бир тууган агасы Аскар Төрөбаев көпчүлүк добушту алды. Аны 22 депутаттын 14ү колдоду. "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу бул тандоо тууралуу "Азаттыкка" мындай деди:

- Көпчүлүк добушту Аскар Төрөбаев, экинчи орунду Султан Алчикенов, үчүнчүнү Болот Берикбаев алды. Алар да мыкты программалары менен чыкты. Кулов өзүнүн иш бөлмөсүндө Төрөбаевге "иштей албасаң, алты айдан кийин кетесиң" деп айтты. Мен дагы программасы жакшы талапкерлерди орун басарлыкка ал деп сунуштадым.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине "Ар-намыстын" депутаттары: Нуркамил Мадалиев өзү, Абдрахман Маматалиевдин баласы, Каныбек Осмоналиевдин иниси, "атажуртчу" депутат Азамат Арапбаевдин агасы талапкер болуп катталып, кийин кайра жетекчиликке баруудан баш тартышты. Мындан сырткары талапкер катары эне-бала Чылабаева Айнагүл менен Мамаев Рахатбек, “Асаба” партиясынын өкүлү Салмоорбек Дыйканов, Мамлекеттик мүлк министрлигинин мурдагы жетекчиси Дайыр Кенекеев жана башкалар катышкан.

Жыйында бул талапкерлердин алтооно мурда-кийин кылмыш иши козголгону айтылып, Каныбек Иманалиев аларды тизмеден чыгарууну сунуштады. Бирок демилге колдоо тапкан жок. Эл өкүлү жыйындан чыгып кеткен себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Биз сунуштаган Эмил Алиев бул тармакта коррупция бар экенин айтып, кызматтан кеткен. Андан кийин Эрлан Сапарбаевди билесиздер. “Ар-намыс” фракциясы эки жолу катары менен уят болдук. Үчүнчү жолу “Ар-намыстан” көрсөткөнүбүз туура болбой калат. Ошондуктан бул кызматка өкмөт өзү тандасын, ал “Ар-намыстын” алдында бул тармакты кантип реформалай турганы боюнча суроолорго жооп берсин деп сунуштагам. Ал эми азыркы талапкерлер арасында депутаттардын туугандары, мурда кылмыш иши козголгондор бар. Бул фракциянын аброюна шек келтирет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Эрлан Сапарбаев фракциянын лидери Феликс Кулов менен жаңжалдан улам кызматтан кеткен. Көпчүлүк коалициянын келишимине ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы “Ар- намыс” фракциясына тийген.

Талапкерлерди тандоо маалында депутаттар "Аскар Төрөбаев ар бир фракциядагы эл өкүлүнө беш миң доллардан берди" деген ушак тараганын да айтышты. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева мындай деп билдирди:

- Бул суроону аталган талапкерге Феликс Кулов да узатты. Төрөбаев маалымат такталса, кызматтан кетем деп билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы майлуу-сүттүү, ошол эле учурда коррупциялашкан мекеме катары эсептелип келет. Атайын сурамжылоолордо да коррупция күч деген тармактардын алдыңкы сабында болгон. Ошого карабай, бул кызматты эңсегендер арбын. 2010-жылдан бери эле Каттоо кызматында үч жетекчи алмашкан. Эл өкүлү Каныбек Иманалиев бул кызматка көптөр акча жасоо үчүн келет деп белгиледи:

- Баары Мамлекеттик каттоо кызматын акча жасай турган коррупциялык уюк кылып алган. Көбү аны реформа кылайын дебей, андан тамактанайын деп баратат. Биз ага табакташ болбошубуз керек.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Азиз Батукаевге, бозгундагы казак банкири, оппозиционер Мухтар Аблязовго паспорттор мыйзамсыз берилгени белгилүү болгон. Адам өлтүрүүгө шектелген орусиялык жаран Ян Лебедовго паспорт жасады деп шектелген эки кызматкерге буга чейин ички процедураларды бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланган. Ушундан улам "Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков жаңы жетекчи тармакта катуу реформа жүргүзүшү керек деп эсептейт:

- Каттоо кызматы толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө алынып, реформа жүрүшү керек. Ошондой эле мамлекет ар бир жарандын, кыргызстандыктардын маалыматтык коопсуздугуна кепилдик бериши зарыл. Конституцияда квота деген түшүнүк жок. Тилекке каршы, фракциялар министрликтерди ич ара бөлүшүп алып портфель сатууда.

Башка фракцияларга караганда “Ар-намыс” өкмөттөгү өз кадрларын көбүрөөк чакыртып алат. Буга чейин фракция Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Эрлан Сапарабевди, Айыл чарба министри Чынгысбек Узакбаевди, вице-премьер-министр Акылбек Жапаровду, дагы бир вице-премьер Гүлнара Асымбекованы иши канаттандырарлык эмес деп чакыртып алган. Эми жаңы тандалган Төрөбаевдин талапкерлиги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге сунушталат.

XS
SM
MD
LG