Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Апрель окуясы: Бакиев сотко онлайн катышуу ниетин билдирди


Курманбек Бакиев (солдо) иниси Жаныш Бакиев (оңдо) менен. Жалал-Абад. Апрель айы, 2010-жыл.
Курманбек Бакиев (солдо) иниси Жаныш Бакиев (оңдо) менен. Жалал-Абад. Апрель айы, 2010-жыл.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев өзүнө каршы козголгон кылмыш иштерине байланыштуу сот жараяндарына онлайн катышууга даяр экенин билдирди. Анын соңку маеги Бакиевдердин акталышы тууралуу талаш-талкууну кайра козгоду.

Буга чейин президент Садыр Жапаров дооматтар тууралуу комментарий берип жатып, "12 жылда эл Бакиевдерди унутту" деп билдирген.

Курманбек Бакиев ушул аптада "Жаңы Ордо" басылмасына курган маегинде бийликтен кулаган учурун кенен-чонон сүрөттөп айтып берген.

Атайын Беларуска барган журналист Бекен Назаралиев мурдагы президентте тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүгө даярдыгын сураганда, ага оң жооп кайтарган. Ал сот жараяндары онлайн өтсө ага катышарын айткан.

"Мен канча убакыттан бери эле, эл аралык кайсыл сот болсо да катышууга даярмын. Өзүмдүн ар-намысым үчүн президент Бакиев деген фамилиямдын тарых барактарында, элибиздин алдында таза бойдон калышы үчүн баарына даярмын. Бизден кийин да менин неберелерим “Бакиев” деген фамилия менен баштарын бийик көтөрүп жүрүшүн каалайм. Мен чындыктан качпаган адаммын. Мен ошол чындык, акыйкаттык дегенге азыр суусап турганымды айта кетейин. Менин үстүмдөн чыккан соттун чечимдерин ушул убакка чейин көрө элекмин. Болбосо, Кыргызстандын жетекчилиги менин кай жерде жашап жатканымды билет. Минск шаарында резиденцияда жашап жатам. “Курманбек Салиевич, сизге момундай иш боюнча күнөөлөрдү коюп жатабыз. Эмне дейсиз?” деген адам жок. Азыркы учурда өлкө башчылары бири-бири менен жолуга алышпай, чоң жыйындарга катыша албай онлайн аркылуу сүйлөшүп жаткан учур. Ал эми биздин соттук териштирүүлөрдү Лондон сотундай өткөрө алышпайт бекен? Каалашса болмок. Лондон соту өткөрдү го. Макул дешсе кана, мен аларга ыраазы болот элем", - деген Бакиев.

Расмий бийлик өкүлдөрү Бакиевдин сотко катышуу ниети тууралуу азырынча үн ката элек.

Президент Садыр Жапаров май айында "Кабар" маалымат агенттигиндеги маегинде Бакиевдер тууралуу учкай сөз кылган.

Ал актоо тууралуу дооматтарга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы коргоо министри, экс-депутат Исмаил Исаковдун атын атаган.

"Бакиевдерди актаганы жатат деген айрым чагымчылардын сөзүнө көңүл бурбай эле койгула. Бакиевдерди эл унутканына 12 жыл болду. Алмазбек Атамбаев менен Исмаил Исаков эле унута албай койду. Бакиев дайыма мокочо болуп, экөөнүн түшүнө кирип турат окшойт".

"Азаттык" буга байланыштуу Исмаил Исаковдон комментарий алды. Ал Садыр Жапаровдун "эл Бакиевдерди унутту" деген сөзүн сынга алды.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

"Курманбек Бакиевдин эң жакшы көргөн кадрлары бүгүнкү күндө бийликке келди, бийликтин бардык бутагында отурат. Ошол эле Акылбек Жапаров 2010-жылы "бийликке нааразы болгондорду басабыз" деп Конгантиев менен Таласка барып, эмне болгонун билесиңер да. Азыр ал экинчи адам болуп отурат. Бакиев Бекен Назаралиевге маек бериптир, ал жерде өзүн аппак кылып көрсөтүптүр. Эч бир күнөөсү жоктой, эч нерсеге тиешеси жоктой сүйлөптүр. Анын балдарынын, инилеринин кылмыштары тууралуу дегеле сөз кылбаптыр. "Биз акпыз, керек болсо сотко онлайн катышабыз" дептир. Бүгүнкү соттор бийликке көз каранды. Садыр Жапаровдун тушундагы сот бийлигин, аткаруу бийлигин, мыйзам чыгаруу бийлигин көрүп жатпайбызбы. Бирок эл аны келтирбейт. Бийлик ушуну унутуп жатат. Алар элдин маанайын, каршылыгын билишпейт. Элдин ыйы-муңу унутулган жок. 2010-жылдын Июнь окуясын ушулар чыгарган. Бул комиссиялардын документтеринде далилденген. Анда "Бакиев жана анын тарапташтары тутанткан" деп такталган нерселерди булар жокко чыгарганы жатат. Бирок булардын аракеттери ишке ашпайт. Элди аткан, бийликти жеке менчигине айландырган адамдарды актоого болбойт, алар мыйзам чегинде жазасын алышы керек, керек болсо келип түрмөгө отурушу керек. Эл аларды унутабы? Ошол окко учкан балдардын ата-энелери унутабы? Бакиевдин тушунда киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун, Геннадий Павлюктун туугандары унутабы? Мен башкаларын айтпай эле коеюн", - деди Исаков.

Жогорку Кеңештеги "Ишеним" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов 2009-2010-жылдагы парламенттеги бийликчил "Ак жол" фракциясынын лидери болгон. Ал Бакиевге сотто сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк берилиши керек деп эсептейт.

Улугбек Ормонов.
Улугбек Ормонов.

"Мурдагы президент Аскар Акаев деле келип, көрсөтмө берип, бүт маселеге жооп бербедиби. Биз президенттерин кууган өлкө болуп калбаш үчүн соттук териштирүүнү аягына чыгарып, эгер катышып, көрсөтмө берсе, көрсөтмөсүн алышыбыз керек. Апрель окуялары боюнча көп сөз бар да. Ошондуктан тактап коюш ашыкча болбойт деген ойдомун”, - деди Ормонов.

Өткөн айда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дагы Бакиевдерге байланыштуу дооматтарга жооп кайтарган.

“Новые лица” басылмасына курган маегинде бул маселени эл гана чечет деп билдирген.

“Реабилитация кылгысы келсе, эл гана качандыр бир кезде кыла алат. Бийлик эмес. Бийликтин бакиевдерди, атамбаевдерди, акаевдерди же жээнбековдорду, отунбаеваларды реабилитация кылуу ою жок. Биз бир эле саясий күчтүн же саясий кландын багыты боюнча иштебейбиз. Бир да бийлик аны жасабайт. Жасаса да эл жасай алат. Качандыр бир убакта. Бакиевди да, Атамбаевди да реабилитация кылууга эл гана укуктуу”, - деп жооп берген.

Деген менен мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев бийлик өкүлдөрүнүн айтканына ишенбей турат.

"Азыркы бийликтин айтканы башка, кылганы башка болуп жатпайбы. Биз ушул бийлик келгенден бери эле "Булар Бакиевдерди алып келгени калды" деп айтып келебиз. Мына эми азыр ошол жакты көздөй бараткандай. Ошол кандуу окуяга байланыштуу каза тапкандардын саны 160тан ашты. Ошол окуяда жараат алгандар четинен ооруп, айыга албай ден соолугунан ажырады. Азыркы бийлик "биз бийликке келдик, айтканыбыз айткан, дегенибиз деген" дегендей ишарат кылып жаткандай. Бул маек деле жөн жеринен алынбагандай... Акаевди деле актап койбодубу. Бул бийликке Атамбаев жана анын командасы эле жолтоо болуп жаткандай ишарат кылып жатат".

Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектей баштаган Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин кулатылган.

Бакиев жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Ал Кыргызстанда бир нече кылмышка айыпталып, сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, тун уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган.

Мындан сырткары мурдагы президенттин дагы бир иниси Акмат Бакиев 2010-жылдан соң камалып, кийин абактан качып кеткен.

"Азаттыктын" архиви: Апрель окуясынын унутулган каармандары

Апрель окуясы: унутулган каармандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:36 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG