Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:39

Ооганстан: АКШ коопсуздук үчүн учактарды тартты


АКШнын аскер базасына жакын жердеги өткөрүү-көзөмөл пунктун кайтарып турган ооган аскерлери. 29-апрель, 2021-жыл.
АКШнын аскер базасына жакын жердеги өткөрүү-көзөмөл пунктун кайтарып турган ооган аскерлери. 29-апрель, 2021-жыл.

Кошмо Штаттар Ооганстандан аскерлерин коопсуз чыгарып кетүү үчүн 12 кошумча бомбалоочу учактарды тартууда.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 6-майда журналисттерге америкалык жана коалициялык күчтөрдү коопсуз чыгарып кетүү үчүн кошумча аскердик учактар тартылганын билдирди.

"Биз коопсуздук боюнча ооган өнөктөштөрүбүз менен жаңы, эки тараптуу алакага өтүп жатабыз. Ага ылайык, жалпы максаттарыбызга жаңы, ар башка жолдор менен жетүүнүн үстүндө иштейбиз", - деген Остин эл аралык күчтөр түз чабуулга кабылбаганын кошумчалады.

Пентагондогу штабдардын биргелешкен комитеттеринин төрагасы Марк Милли ар кандай күтүлбөгөн окуялардын алдын алуу максатында "B-52" үлгүсүндөгү алты бомбалоочу учак жана "F-18" үлгүсүндөгү аскердик учактар тартылганын билдирди.

Остин менен Миллинин бул билдирүүсү Ооганстандын бардык аймактарында талибдер өкмөттүн аскерлерине жана базасына чабуулун күчөткөн маалда айтылды.

Генерал Миллинин айтуусуна караганда, "Талибан" кыймылынын жоочулары ооган өкмөтүнүн объекттерине күнүнө 80-120 жолудан чабуул коюшат.

"Америкалык күчтөр чыгарыла баштагандан бери АКШ жана коалиция күчтөрүнө эч кандай кол салуу болгон жок. Былтыр да мындай учурлар катталган эмес".

Өткөн айда Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Ооганстандагы 2500 америкалык аскерди жана келишим менен иштеген 16 миң жаранды чыгарып кетүүнү буйруду.

АКШнын коргоо министри Ллой Остин. 6-май, 2021-жыл.
АКШнын коргоо министри Ллой Остин. 6-май, 2021-жыл.

Вашингтон өз аскерлерин Ооганстанга 2001-жылдын 11-сентябрдагы террордук чабуулдан кийин талибдерди бийликтен кетирип, "Ал-Каида" экстремисттик тобун жок кылуу максатында киргизген.

Байден аскерлерин толугу менен террордук кол салуунун 20 жылдык датасына чейин чыгарып кетерин жарыялаган.

Остин менен Милли мындан ары деле ооган коопсуздук күчтөрү менен тыгыз кызматташууну уланта турганын билдиришти. АКШнын коргоо министри кошумчалагандай, Вашингтон жүздөгөн чакырым алыс жайгашкан кемелери жана базалары аркылуу аскердик колдоо көрсөтүүнү жана каржылоону улантат.

"Биздин колдообуз менен ооган коопсуздук күчтөрү эффективдүү болоруна ишенебиз. Алардын мүмкүнчүлүктөрү жогору. Албетте, бул алар үчүн сыноо болорун билебиз", - деди Ллойд Остин.

Ооган аба-аскер күчтөрү чет элдик техникалык адистерге аябай көз каранды.

6-майда "Талибан" кыймылы Ооганстандагы дамбаны жана ооган армиясынын эки базасын басып алган.

Аргандаб деген аталыш менен белгилүү Дахла дамбасы Кандагар провинциясында жайгашкан. Кандагар шаарын таза суу менен камсыздаган дамба бир нече айга уланган салгылашуудан кийин талибдердин көзөмөлүнө өттү. Бул маалыматты талибдер да, өкмөт да ырастады.

Ошол эле учурда "Талибан" кыймылы Баглан провинциясындагы өкмөткө караштуу эки аскердик базаны басып алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG