Кошмо Штаттардагы Кыргыз диaспорасынын катчысы Кубат Кубаналиев.
Америкадагы журтташтар жаңы президент Жо Байден Кыргызстанды жана башка мусулман мамлекеттерин тезирээк “кара тизмеден” чыгарышын күтөт. АКШдагы Кыргыз диаспорасынын катчысы Кубат Кубаналиев менен маек.
- АКШнын президенти Жо Байден ант берип, кызматка расмий киришти. Байдендин бийлигинен Кошмо Штаттардагы кыргыздар эмнени күтүп жатат?
- Бул жолку инаугурация мурдагылардан өзгөчө өттү. Буга биринчиден коронавирус пандемиясы, экинчиден, шайлоодон кийинки талаш-тартыштар түрткү болду. Мурда инаугурацияга эки жүз миңдей адам топтолуп, күбө болушчу эле. Бул жолу үч миңдей эле адам чакыртылды. Биз түз ободо көрдүк.
Ушул мамлекетте жашап, суусун ичип жаткандан кийин бул жактагы окуялар бизди дагы көңүлкош калтырбайт. 6-январда Капитолийдин алдында болгон окуялардан кийин бийлик тынч алмашып, эч кандай ызы-чуу чыкпаса экен деп тилеп отурдук. Кудай жалгап, андай эч нерсе болгон жок. Коопсуздукту Вашингтондун өзүндө эле 25 миңдей аскер камсыздап турду.
Америкалыктардын жаңы үмүтү Байденде
1/19АКШнын 46-президенти катары ант бергенден кийин Жо Байденди жубайы Жилл Байден куттуктап жатат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
2/19АКШнын 45-президенти Дональд Трамп жубайы Мелания менен Ак үйдөн чыгып кетип жаткан учуру.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
3/19Инаугурациядан кийин Вашингтондогу Линкольн мемориалындагы "Американы майрамдоо" иш-чарасы учурунда атылган салют.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
4/19Жо Байден жана биринчи айым Жилл Байден инаугурациядан кийин Ак үйдөн салют көрүп жатышат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
5/19Инаугурациядан кийинки Ак үйдөгү маанай.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
6/19Байдендин тарапташтары инаугурациядан кийин Вашингтондун көчөлөрүндө майрамдап жатышат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
7/19Вице-президент Камала Харрис жана аны күйөөсү Дуглас Эмхофф инаугурациядан кийинки салтанаттуу кечеде.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
8/19АКШнын президенти Жо Байден жана анын жубайы Жилл, жаңы шайланган вице-президент Камала Харрис күйөсү Дуглас Эмхофф менен.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
9/19Луизиана штатындагы үй-бүлө Жо Байдендин инаугурациясын сыналгындан көрүп отурган учуру.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
10/19Жо Байден ант берип жатат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
11/19Камала Харрис вице-президентикке киришүү антын берди.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
12/1978 жаштагы Байден 20-январда түшкө жуук ант берди. Бул жөрөлгө маалында ал XIX кылымга таандык үйбүлөлүк Библияга колун койду. Ошентип, АКШнын президенти катары ант берген жашы эң улгайган саясатчы болуп калды.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
13/19Ырчы Лэди Гага ант берүү аземинде АКШнын гимнин ырдады.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
14/19АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишел Обама, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш жана АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси Жо Байдендин инаугурациясына келишти.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
15/19АКШнын президенти Жо Байден Капитолийдин тепкичинде туруп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин, 20-январда, мурдагы президент Дональд Трамптын бир катар саясий демилгелерин жокко чыгарып, иммиграция, климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы менен күрөшүү маселелери боюнча бир катар жарлыктарга дароо кол койду.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
16/19Жо Байдендин инаугурациясынан кийинки Колорадо штатында бир катар жарандар ынды каралардын укугун коргоого чакырып жүрүшкө чыкты.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
17/19Жаңы президент Жо Байден элге кайрылуу жасап жатат.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
18/19Гондурастык мигрант чач тарачта отуруп Байдендин ант берүү аземин көрүп жаткан учуру. Мексика.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
19/19АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жаңы президент Жо Байденди куттуктап жатат. Алар коронавирус шартындагы ишараны жасап, колдорун тийгизишти.
АКШ тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй талаш-тартыш менен коштолгон президенттик шайлоодон кийин демократ Жо Байден 20-январда Капитолийдин тепкичинде туруп, 46-президент катары ант берди.
Артка
Алдыга
Америка дагы бир жолу дүйнөгө өзүнүн өрнөгүн көрсөтө алды. Кандай гана талаш-тартыш, түшүнбөстүк болбосун баары убагында, өз нугунда өттү. Анын үстүнө вице-президенттикке бир кездеги мигранттардын кызы Камала Харристин келиши дагы сүйүндүрдү, биздин балдар дагы ушундай жогорку даражалуу кызматка жете алат экен турбайбы деген үмүт жаратты.
Байден ар кандай улуттун өкүлдөрүнөн турган команда түзөрү күтүлүп жатат. Мындай курам менен алар баарына тегиз карап, башкача, мыкты форматта иштейт деген үмүт бар.
- Былтыр жыл башында Трамп бир катар мусулман мамлекеттерин, анын ичинде Кыргызстанды да «кара тизмеге» киргизген. Байден дал ошол буйрукту жокко чыгарды. Бул кабар силерди сүйүндүрсө керек?
- Албетте, сүйүндүрүп жатат. Биометрикалык паспорттордун шылтоосу менен биз да бул “кара тизмеге” кирип калганбыз. Мен билгенден бир жыл аралыгында кыргызстандык дипломаттар, анын ичинде бул жактагы элчилик, өкмөт маселени жоюу үчүн бир катар аракеттерди көрдү. Трамптын буйругу грин-карта утуп алган мекендештерибизге, бул жактан бизге деле жакындарыбызды чакырууга тоскоолдук жараткан. Ошол себептүү Байдендин чектөөлөрдү жокко чыгарганы, бир эле кыргызстандыктарга эмес, башка мусулман мамлекеттерине дагы жакшы болот эле.
- Байден кызматка киришери менен коронавирус пандемиясына каршы жигердүү күрөшүүгө, апааттын аякташын тездетүүгө убада берип келет. Америкадагы кыргызстандыктар бул жаатта бийликтен кандай колдоого ээ болду жана эмнени күтөсүңөр?
- Пандемия башталгандан бери эле Америка бийлиги салык төлөөчүлөрдүн баарына колдоо көрсөтүп келет. Жеке биздин үй-бүлөнү алсак, эки жолу ар бир адам 600 доллардан жөлөк пул алды. Башкаларга дагы тапкан кирешесине жараша бөлүндү. Ишсиз калгандарга да өзүнчө төлөп берилди. Мындан ары да колдоолор күтүлүп жатканын жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуп жатабыз. Эң негизгиси Байдендин администрациясы бул көйгөй менен өзү айткандай жакшылап күрөшүп, анын аякташына өбөлгө түзсө жакшы болмок. Баарыбыз эле мурдагы жашоонун калыбына келишин каалайбыз.
- Кыргызстанда да жакында президенттик шайлоо өттү. Саналуу күндөрдөн кийин бизде да жаңы президент ант берет. Мына ушул жаатта Кыргызстан Америкадан кандай үлгү алса болот?
- Пикир келишпестиктерди, талаш-тартыштарды артка калтырып, мыйзам чегинде иштөө жаатында үлгү алса болот деп ойлойм. Өзүңүздөр көргөндөй эле Америкада 6-январда болгон тополоңдон кийин көп өтпөй дароо баары өз калыбына келип, Конгресс жыйынын улантып кетти. Бул жакта мыйзам сааттай иштейт. Ага шарт түзгөн система бар. Ушулардын баары Кыргызстанда да болушун каалайт элем.
"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.