Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШ Конгресси Жо Байдендин жеңишин биротоло бекитти


АКШ Конгрессинин кош жыйыны. Вашингтон, 7-январь, 2021-жыл.
АКШ Конгрессинин кош жыйыны. Вашингтон, 7-январь, 2021-жыл.

Демократ Жо Байден 20-январда Кошмо Штаттардын 46-президенти катары ант бермекчи. Конгресстин кош палатасы 7-январга караган түнү президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Отурум президент Доналд Трамптын жаалданган тарапташтары Капитолийге кирип барганда убактылуу үзгүлтүккө учураган.

7-январга караган түнү жыйынын уланткан америкалык мыйзам чыгаруучулар Шайлоочулар коллегиясы чыгарган жыйынтыкты бекитишти. Санактарга ылайык, Байден 306 добуш, атаандашы Трамп 232 добуш алган. Жыйынтыкка каршы бир нече сунушту Сенат да, Өкүлдөр Палатасы да четке кагышты.

«Бүгүн биздин демократияга иренжиткен чабуул болду. Бирок ал окуя бизди Жо Байден менен Камала Харристин шайлануусун бекитүү милдетибизден кармап калбайт. Ошон үчүн Конгресс Капитолийге кайтып келди. Биз максатыбызга жетебиз. Өлкөбүзгө гана эмес, бүт дүйнөгө вазийпабызды аткарууга эч нерсе тоскоол боло албай турганын, Конституциянын, Америка элинин алдындагы милдетибизди урматтай турганыбызды көргөзөбүз», - деп билдирди Өкүлдөр Палатасынын төрайымы, демократ Нэнси Пелоси.

Капитолий, 6-январь, 2021-жыл.
Капитолий, 6-январь, 2021-жыл.

6-январда президент Доналд Трамптын жаалданган жактоочулары шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүүнү талап кылып, Конгресс жайгашкан Капитолийдеги жыйындар залына чейин кирип барып, тополоң салышкан, тартип коргоочулар менен кармашкан. Полиция мыйзам чыгаруучуларды шашылыш эвакуациялап, кирип келгендерди үч саат бою имараттан чыгаруу менен алпурушту.

Вашингтон шаарынын полициясы ок тийген бир аял кийин ооруканада көз жумганын билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, ал Трампты колдоо жүрүшүнүн катышуучусу, АКШ Аба күчтөрүнүн ардагери болчу. Полиция массалык башаламандыкта түрдүү себептерден дагы үч киши өлгөнүн, 52 киши кармалганын кошумчалады.

Федералдык иликтөө бюросу агенттер Капитолийде эки жардыргыч жабдыкты зыянсыздандырышканын маалымдады. Конгрессмендер 6-январда кечки саат сегизде кайрадан чогулуп, жыйынды улантышты. Бирок Трамптын тарапташтырынын жосунсуз жоругу, зордук-зомбулук мыйзам чыгаруучулардын маанайын чөктүрбөй койгон жок.

Сессияга төрагалык кылган вице-президент, республикачы Майк Пенс жыйынтыктоочу сөзүндө: «Биздин Капитолийде башаламандык уюштургандар, силер жеңген жоксуңар», - деп айтты.

Республикачыл сенаторлордун тобу ал окуядан кийин да бир катар штаттарда шайлоонун жыйынтыгына каршылыгын билдирүү планынан баш тартышкан жок. Бирок алардын айрым партиялаштары зордукчул аракеттерден кийин баштапкы пикирин өзгөртүп, алардын сунуштарына каршы добуш беришти.

Ошентип Байдендин кызматка расмий киришүүсүнө толук жол ачылды. Себеби Өкүлдөр Палатасында демократтар көпчүлүктү түзөт.

Вице-президент Майк Пенс шайлоонун жыйынтыгы бекитилгенден кийин. Вашингтон, 7-январь, 2021-жыл.
Вице-президент Майк Пенс шайлоонун жыйынтыгы бекитилгенден кийин. Вашингтон, 7-январь, 2021-жыл.

Эки партиянын тең мүчөлөрү тополоңду терең айыпташты. Республикачы сенатор Митт Румни тополоң үчүн түздөн-түз президент Трамп күнөөлүү деп билдирди:

«Биз өзүнүн керт башын гана ойлогон кишинин, эки айдан бери калп сөздөрүнө сугарылып келаткан колдоочуларынын айынан чогулуп отурабыз. Бүгүн ал аларды ушундай аракеттерге көкүттү. Бул деген - Кошмо Штаттардын президенти өзү шыкакчы болгон козголоң».

Шайлоочулар коллегиясынын добуштары саналып бүткөндөн кийин, 7-январдын алгачкы сааттарында Трамп өзү жарыялаган билдирүүсүндө шайлоо бурмаланганы тууралуу жүйөөсүз дооматын кайталап, бирок ошол эле маалда бийликти 20-январда Байденге өткөрүп берүүгө убада берди.

Былтыр 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо атаандашы, демократ Байден жеңгени менен Трамп ошондон бери жыйынтыктарды тааныбастыгын айтып, курулай доомат артып келатат. Соттордун көбү Трамптын штабынын арыздарын четке кагышкан.

Ал ортодо «Твиттер» жана «Фейсбук» коомдук тармактары Трамптын баракчаларын эреже бузду деп убактылуу жабышты. Андан тышкары президенттин айрым посттору тополоңду шыкакташы ыктымал деген жүйөө менен өчүрүлдү.

АКШдагы демократияга сыноо

Дүйнө лидерлери 6-январдагы Капитолийдеги зордук-зомбулукту айыптап, демократияга болуп көрбөгөндөй көлөкө түшкөнүн белгилеп жатышат. Эл аралык коомчулук президент Трампты АКШда салтка айланган жөрөлгөнү сактап, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө үндөөдө.

Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел Капитолийдеги тополоңду «америкалык демократияга кол салуу» деп баалап, «дүйнөнүн алдында америкалык демократия курчоодо калгандай көрүндү», - деп сыпаттады.

Франциянын презденти Эммануэл Макрон кыйын кырдаалда жалпы америкалыктарга өз колдоосун билдирди. «Биз жакшы доспуз. Бүгүн Колумбия округунда, Вашингтондо болуп жаткан окуялар - бул Америка эмес. Биз демократияга, Америка демократиясынын күчүнө ишенебиз», - деди ал.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун зордук-зомбулук менен баш-аламандыкты «демократиянын душмандары» деп айыптады.

«Конгрессте болгон окуя - уят» – деди британ премьер-министри Борис Жонсон. «АКШ дүйнөдө демократияга үндөсө, эми өзүндө бийликти тынч жана тартип менен өткөрүп берүү маанилүү болуп турат».

Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон: «АКШда бийлик эл шайлаган жаңы администрацияга тынч жол менен өтөт деп ишенерибизди билдиребиз. Америка - Австралиянын жакын досу жана дүйнөдөгү эң улуу демократиялык мамлекет», – деп сыпаттады.

АКШнын жакын өнөктөш коңшусу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Вашингтондогу окуяларга «терең тынчсызданып, көңүлү чөгүп» жатканын айтты. «Зордук-зомбулук элдин эркин баса албайт. АКШда демократияны колдоо керек жана ошондой болот», - деп Трюдо жазды.

Кошмо Штаттарды авторитаризмге ооду деп бир нече жолу айыптаган Түркия Вашинтондогу окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

«АКШда эмне болуп жатканына талбай көз салып жатабыз. Бардык маселе мыйзамдын жана демократиянын чегинде чечилет деп ишенебиз», - деп түрк парламентинин спикери Мустафа Шентоп «Твиттерге» жазды.

АКШнын жакын өнөктөшү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Капитолийде болгон тоз-тополоңдун күнөөкөрлөрү «жоопко тартылышы керек» экенин белгиледи. «Мыйзамсыздык жана зомбулук - америкалыктар менен израилдиктер туу туткан баалуулуктарга каршы келет», - деди ал.

Соңку маалда Вашингтон менен катуу тирешип турган Ирандын президенти Хасан Роухани Батыш демократиясын сындады. “Биз Кошмо Штаттарда күбө болгон окуя биринчи кезекте Батыштагы демократия - морт, анын түркүгү алсыз экенин көрсөттү. Ал өлкөлөр жетишкен илимий-технологиялык прогресске карабай популизм жайылганын айгинеледи”, - деди Роухани.

Кремль азырынча расмий билдирүү жасай элек. Орусиялык дипломаттар эл аралык коомчулуктан айырмаланган турумду ээлешкендей. Орус тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Мария Захарова америкалык бир журналисттин «Кошмо Штаттар мындан ары дүйнөнүн башка бөлүгүнө «демократиянын үлгүсүбүз» деп айта албайт», -деп жазганын өз «Фейсбук» баракчасына чыгарды.

Борбордук Азия өлкөлөрү азырынча алыскы АКШдагы окуяларга байланыштуу үн ката элек.

Кыргызстандыктар интернеттеги коомдук барактарда Вашингтондогу окуя менен былтыр 5-6-октябрда Бишкекте болгон баш-аламандыкты теңеп салыштырып, сүрөттөрдөн коллаж жасап, тамаша-шакабага айлантып, эрмектеп жатышканын байкаса болот.

Ал эми АКШдагы кыргыз диаспорасынын кыйла бөлүгүнүн оюн илимпоз жана блогер Камит Савай "Фейсбукта" мындайча билдирди: "Биз жашаган шаардагы абалды сурап тынчсызданган досторго чоң рахмат айткым келет!!! Бар болуңуздар, силер да тынч болгула!!! Сиэтлде абал жакшы. Байден Президент боло турган болуп бекитилди. Бир күн тополоң болгон менен система иштеп атат, иштей берет. Бардыгы жайында. Ишенем, Америка демократияны коргоп калат".

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG