Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Ооган президентинин өнөктөшүнө чабуул коюлду


Куралчан адамдар Амрулла Салех жетектеген “Жашылдар багыты” кыймылы жайгашкан төрт кабаттуу имаратка чабуул койгон.
Куралчан адамдар Амрулла Салех жетектеген “Жашылдар багыты” кыймылы жайгашкан төрт кабаттуу имаратка чабуул койгон.

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин өнөктөшү Амрулла Салихтин кеңсесинде бомба жарылып, анын артынан болгон атышууда кеминде 20 киши мүрт кетти.

Бул Ооганстанда президенттик шайлоонун расмий өнөктүгү башталган биринчи күнгө туш келди. 28-сентябрда боло турган шайлоого 17 талапкер ат салышууда.

Өкмөттүн 29-июлдагы билдирүүсүндө айтылгандай, Кабулдагы чабуулда 20 киши көз жумду.

Саламаттык сактоо министрлигинин мааалыматына караганда, каза тапкан жайкын тургандардын бири аял болгон.

28-сентябрда өтө турган президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүнүн биринчи күнү болгон кандуу калабада дагы беш киши, анын ичинде президент Ашраф Ганинин өнөктөшү, вице-президенттикке талапкер жана мурдагы ички иштер министри Амрулла Салих да жараат алды.

Куралчан адамдар Амрулла Салих жетектеген “Жашылдар багыты” кыймылы жайгашкан төрт кабаттуу имаратка чабуул койгон. Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахминин маалымдашынча, алгач имаратта бомба жарылган, андан кийин куралчан адамдар кирип барып, атышуу башталган. Коопсуздук күчтөрү согушкерлер менен алты саат кармашып, үч жоочуну жок кылган жана имараттагы 40 кишини куткарган.

Рахими Амрулла Салихке бомбанын чачырандысы тийгенин, бирок уруш жүрүп жаткан кезде имараттан аман-эсен чыгарып кетишкенин кошумчалады. Кийин жарыяланган сүрөттөрдө оң колу канаган Салих жан сакчыларынын курчоосунда турганын көрүүгө болот.

Ооганстандын президенти, экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого катышып жаткан Ашраф Гани окуя боюнча «Твиттерге» билдирүү жазды.

«Ооган жергесинин чыныгы уулу жана менин президенттик шайлоо командамдагы биринчи вице-президенттикке талапкер Амрулла Салих мамлекеттин душмандары тарабынан коюлган чабуулга кабылды. Кудайга шүгүр, бул чабуул максатына жеткен жок» деди Ашраф Гани.

Биринчи вице-президенттикке талапкер Амрулла Салих (ортодо) жана президент Ашраф Гани (солдо).
Биринчи вице-президенттикке талапкер Амрулла Салих (ортодо) жана президент Ашраф Гани (солдо).

Кезинде согушкерлердин антисоветтик командири болгон Ахмад Шах Масуддун мурдагы өнөктөшү Салих “Талибан" кыймылынын жана башка исламчыл топтордун келишкис душманы катары белгилүү.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 28-июлда Кабулдагы митингде эки айлык шайлоо өнөктүгүн расмий баштап жатып, эми “бейпилдик орнойт жана талибдер менен сүйлөшүү өтөт” деген ырастоосунан кийин бир нече сааттан соң жасалган бул чабуул үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

Экинчи президенттик мөөнөткө ат салышып жаткан Гани менен бирге шайлоого дагы 17 талапкер катышып жатат. Шайлоо өнөктүгү Ооганстанда дээрлик күн сайын адам өмүрүн алган чабуулдар болуп жаткан кезде башталды.

28-июлда “Талибан” кыймылы ооган министринин өкмөт менен талибдердин ортосундагы эки жуманын ичинде түз сүйлөшүү баштала турганын айткан билдирүүсүн четке какты.

“Талибандын” Катардагы кеңсесинин өкүлү Сухаил Шахин алар ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө АКШ менен чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруу тууралуу макулдашууга жетишкенден кийин гана барарын айтты.

Кыймылдын башка бир өкүлү Забихулла Мужахид да Ооганстандын өкмөтү менен согушкерлердин ортосунда жолугушуу тууралуу эч кандай макулдашуу болбогонун билдирди. Ал да АКШ менен макулдашууга жетишкенден кийин гана оогандардын өз ара сүйлөшүүсүнө ачык болуша турганын билдирип, ошол эле кезде ага өкмөт мүчөлөрү расмий эмес, жеке тарап катары гана катыша аларын эскертти.

27-июлда тынчтык иштери боюнча министр Абдул Салам Рахими журналисттерге 15 кишиден турган өкмөттүк делегация талибдер менен сүйлөшүүгө даярданып жатканын кабарлаган.

“Биз баары менен кызматташып жатабыз жана жакынкы мезгилде биринчи жолугушуу Европанын бир өлкөсүндө өтөрүнө үмүт артып турам” деп билдирген Абдул Салам Рахими.

АКШ Ооганстан боюнча атайын чабарманы Халилзад 28-июлда Кабулдагы сапарын улантты. Ал жакында Катардын борбору Дохага келип, Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотуу максатын көздөгөн америкалык расмий адамдар менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүүнүн сегизинчи айлампасына катышмакчы.

Залмай Халилзад (солдо) Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен.
Залмай Халилзад (солдо) Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен.

28-июлда “Талибандын” атын атагысы келбеген өкүлү “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн курамына дагы жаңы төрт киши кошулуп, алардын атынан жалпы 19 киши катышмакчы.

Өткөн жумаларда Вашингтон да, “Талибан” да тынчтык макулдашуусуна жетишүү аракетинде оң жылыштар болгонун билдирген.

Талибдер Ашраф Гани баштаган ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып, аны “мыйзамсыз” жана “АКШнын кол баласы” деп келе жатат.

“Талибдер” Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт же таасири күчтүү деп айтылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG