Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Төрөтканага кол салуу Кабулдун чыдамын түгөттү


Төрөт үйүнө коюлган чабуулдан кийин ымыркайлар эвакуацияланды. Кабул, 12-май, 2020-жыл.
Төрөт үйүнө коюлган чабуулдан кийин ымыркайлар эвакуацияланды. Кабул, 12-май, 2020-жыл.

Ооган президенти Ашраф Гани коопсуздук күчтөрүнө «Талибан» кыймылынын жана башка уюмдардын жоочуларына чабуул коюуга буйрук берди.

Анын алдында Кабул жана Нангархар провинциясында кол салуудан кеминде бейкүнө 40 киши мерт болгон.

12-майдагы телекайрылуусунда ооган президенти «Талибанды» жана «Ислам мамлекети» экстремисттик тобун ал күнкү жана башка кыянат иштер үчүн айыптады. Гани жоочуларга каршы операцияларды жандантуу өлкөнү, элди, инфратүзүмдү коргош үчүн зарыл экенин белгиледи:

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

«Биздин жана эл аралык коомчулуктун чакырыктарына карабай «Талибан» зомбулугун улантып, кол салуусун күчөттү. Коомдук жайлардагы коопсуздукту камсыз кылуу, талиб согушкерлеринин жана башка террордук уюмдардын чабуулдарын, алар жараткан коркунучтун алдын алуу максатында ооган коопсуздук күчтөрүнө коргонуу режиминен чыгып, душманга чабуул коюуга буйрук бердим».

Эртеси «Талибан» кыймылы шейшемби күнкү кол салууга тиешеси жок экенин, бирок өкмөттүк күчтөрү чабуул койсо, анын мизин кайтарууга даяр турганын билдирди.

12-майда полициянын униформасын кийген куралчан адамдар Кабулда шииттер байырлаган райондогу оорукана менен төрөт үйүнө кирип барып граната ыргытып, ок атканда 16 киши, анын ичинде эки жаңы төрөлгөн ымыркай өлгөн. Ал медициналык жайдагы төрөткана менен энени жана баланы коргоо клиникасын «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык кайрымдуулук уюму иштетет.

Маалыматтарга караганда, коопсуздук аскерлери кол салган бардык үч кишини атып өлтүрүштү.

Ошол эле шейшемби күнү Нангархар провинциясында жанкечти полиция кызматкеринин тажиясына чогулган элди бутага алып өзүн-өзү жардырып жибергенде бери дегенде 24 киши каза тапкан, 68 киши жарадар болгон.

Ал окуя үчүн «Ислам мамлекети» террордук уюму жоопкерчилик алды.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы соңку чабуулдарды кескин айыптаган билдирүү таратты. Майк Помпео төрөт үйүнө коюлган чабуулду «эне-баланы ырайымсыз өлтүрүү» деп атады жана кол салуу мусулмандар үчүн ыйык Орозо айында, коронавирус пандемиясы күчөп турган кезде болгонун белгиледи.

«Бейкүнөө адамдарга кол салуу кечиримсиз. Бирок төрөт үйүндө ымыркайлар менен энелерге кол салуу - бул жырткычтык», - деп айтылат мамкатчынын билдирүүсүндө.

Февралда Вашингтон жана «Талибандын» өкүлдөрү тынчтык келишимине кол коюп, документ 18 жылдан берки согушту токтотуш үчүн Кабул өкмөтү менен кыймыл ортосундагы түз сүйлөшүүлөргө жол ачкан. Бирок акыркы жумаларда зомбулук күч алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы, Европа Биримдиги, бир катар укук коргоочу эл аралык уюмдар Кабулда жана Нангархар провинциясындагы кол салууларды кескин айыпташты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG