Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:28

Ооганстан: тынчтыктын баасы кымбат


“Талибан” менен болуп келе жаткан 17 жылдык согушту токтотууну талап кылган активисттердин жүрүшү. Кабул, 18-июнь, 2018-жыл
“Талибан” менен болуп келе жаткан 17 жылдык согушту токтотууну талап кылган активисттердин жүрүшү. Кабул, 18-июнь, 2018-жыл

Ооган президенти Ашраф Гани Орозо айттагы "Талибан" кыймылы менен шартташкан ок атышууну токтотуу тууралуу кыска мөөнөттүк элдешүүнү дагы он күнгө узартууну сунуштады. Бирок согушкер топ андан баш тартты.

Ал эми ушул дем алыш күндөрү “Ислам мамлекети” тобунун жанкечтилеринин кош жардыруусунан ондогон адамдын өмүрү кыйылды. Ооганстандагы адам өмүрүн алган ири чабуулдарды “Талибандын” жана “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери жасап келет.

17-июнда Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын борбору Жалалабад шаарында болгон жардыруудан кеминде 18 адам өлдү. Губернатордун кеңсесинен алыс эмес жердеги бул окуядан 49 киши жараат алган. Жардыруу оогандыктар Орозо айттын жана “Талибан” менен ок атышпоо тууралуу макулдашуунун үчүнчү күнүн белгилеп жаткан учурда болгон. Жанкечтинин кол салуусу болгон кезде ооган коопсуздук күчтөрү менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү жолугуп жаткан:

- Мен ушул райондо ок атышууну токтотуудан кийин "Талибан" менен болот деген жолугушууну күтүп тургам. Мен буга абдан кубанып жаткам, ошол кезде жарылуу болду. Андан ары эмне болгонун билбейм, - деди окуяга күбө болгон Рахимулла деген жигит.

Бул жардырууга эч бир топ жоопкерчилик алган жок. Ошентсе да аны "Ислам мамлекети" террордук тобу жасады деген маалыматтар чыгып жатат. Анткени бир күн мурда 36 адамдын өмүрүн алган Нангархар провинциясындагы ушундай эле кол салууну "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери жасаганы белгилүү болгон.

Ооганстан.
Ооганстан.

Ооган президенти Ашраф Гани 7-июнда Орозо айт майрамына байланыштуу 12-20-июнь күндөрү "Талибан" менен ок атышууну токтотуу чечимин жарыялаган. “Талибан” болсо үч гана күнгө, 15-июндан 17-июнга чейин элдешүүгө макул болгон. Ооган өкмөтү ал ок атышпоо шартына "Ислам мамлекети" тобун кошкон эмес. "Ислам мамлекети", “Ал-Каида” жана башка эл аралык террорчуларга каршы күрөш уланып жатат.

17-июнда президент Ашраф Гани “Талибан” менен ок атышпоо шарты дагы 10 күнгө узартыларын жарыялады.

- Ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуунун башкы максаты тынчтык орнотуу, согушууга эч кандай зарылчылык жок. Биз көйгөйлөрдү чогуу чечүүбүз керек. Ооганстандын өкмөтүнүн, талибдердин жана элдин динге жана саясатка байланыштуу бири-бири менен жаңжалдашууга, бул урушту улантуусуна эч кандай негиз жок.

Ашраф Гани 15-июнда айт намазы учурунда сүйлөп жатат. Кабул
Ашраф Гани 15-июнда айт намазы учурунда сүйлөп жатат. Кабул

Ашраф Гани видео кайрылуусунда талибдердин талаптарын, анын ичинде өлкөдө чет элдик аскерлер болбошу керек дегенди да талкуулоого даяр экенин билдирди. Ал “коопсуздук күчтөрүнө коргонуучу позицияларда гана тургула” деп буйрук бердим деди.

Бирок ок атышпоо режиминин мөөнөтүн узартуу сунушунан “Талибандын” согушкерлери баш тартканы кабарланууда. Бул тууралуу “Франс Пресс” маалымат агенттиги талибдердин өкүлү Забихулла Мужахеддин сөзүнө таянуу менен маалымдады. Мужахеддин айтымында, атышууну токтотуу режими жекшембинин кечинде бүттү жана операциялар кайрадан жандана баштайт.

16-июнда, айттын жана ок атышууну токтотуу тууралуу оозеки шарттын экинчи күнү куралсыз талибдер менен ооган коопсуздук күчтөрү жолугуп, бири-бирине кучак жайып, учурашып жатканы тартылган видео жарыяланган. "Рейтер" агенттиги болсо 15-июнда өлкөнүн ички иштер министри Вайс Ахмад Бармак да “Талибандын” согушкерлери менен жолукканын жазган. Согушкерлер менен ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү башка жерлерде да жолугушканы тууралуу кабарлар чыкты.

Нангархар провинциясынын губернатору "Талибандын" өкүлдөрү менен жолугушууда. 16-июнь, 2018-жыл
Нангархар провинциясынын губернатору "Талибандын" өкүлдөрү менен жолугушууда. 16-июнь, 2018-жыл

Ооган өкмөтүнүн ок атышууну токтотууну дагы он күнгө узартуу демилгесине байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирүү таратты. Анда тынчтык макулдашуусуна жана саясий туруктуулукка жетүү үчүн Вашингтон ооган өкмөтү, талибдер, ошондой эле Ооганстандын бүткүл эли менен иштешүүгө даяр деп айтылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы да Ганинин тынчтык келишимин узартуу чечимин кубаттады.

Ал арада Ооганстандагы “Талибан” менен болуп келе жаткан 17 жылдык согушту токтотууну талап кылган активисттердин жүрүшү Кабулда аяктады. Жүрүштү ондой адам бир ай мурун Лашкаргах провинциясынан баштаган. Аларга жолдон дагы кырктай киши кошулган. "Биз тынчтыкты каалайбыз!", "Согуш токтосун!" деген ураандарды чакырган активисттер жалпы 700 чакырымдай жол баскан.

Тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары. 18-июнь, 2018-жыл
Тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары. 18-июнь, 2018-жыл

Соңку бир нече ай ичинде Ооганстанда “Талибан” кыймылы жана “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жергиликтүү бөлүмү уюштурган чабуулдардан жүздөгөн адамдар курман болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG