Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

"Талибандын" туткундары бошотулду


Талиптердин абактарынан бошотулгандар. 31-май, 2018-жыл.
Талиптердин абактарынан бошотулгандар. 31-май, 2018-жыл.

Ооганстанда “Талибан” кыймылына караштуу абактардан жүздөн ашуун киши бошотулду. Коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы өлкө түштүгүндөгү Гилменд провинциясында 31-майда өттү.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү өткөргөн атайын операциянын алкагында 31-майда “Талибан” кыймылына караштуу абактан жүздөн ашуун киши бошотулду. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар.

Операция өлкө түштүгүндөгү Гилменд провинциясында өткөн. Армиянын өкүлү Абдул Кадир Бахадзай Каджаки районунда жайгашкан абактан 103 киши бошотулуп, кагылышуудан төрт жоочу жок кылынганын тактады.

“Талибан” кыймылы бул окуя боюнча комментарий бере элек. Тандалма аскер бөлүгүнүн өкүлү Жавид Салем бошотулгандар бир жылдан бери абакта камалып турганын маалымдады. Алардын көбү карапайым адамдар экени, арасында беш аял, эки бала жана үч полиция кызматкери болгону кабарланды.

Аларды талиптер ар кандай себептер, маселен полиция жана ооган коопсуздук күчтөрү менен менен кызматташканы үчүн темир торго камаган. Армия өкүлү билдиргендей, абактагыларды начар шарттарда кармап, тамак-аш бербей, кыйноого алышкан.

Гилменд провинциясынын башчысы Омар Звак бошотулгандар азырынча ооган күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин билдирди.

Абакта бошотулгандардын арасында аялдар жана балдар да бар. 31-май, 2018-жыл.
Абакта бошотулгандардын арасында аялдар жана балдар да бар. 31-май, 2018-жыл.

Ооганстанда чабуулдар уланууда

Атайын күчтөрдүн операциясы апрель айында “Талибан” кыймылы жазгы чабуулдарын баштаганын жарыялап, полиция бекеттерине, район жана провинциялардын баш калааларына чабуулун күчөткөн маалда өткөрүлдү.

30-майда жоочулар өлкө түндүгүндөгү Тахар провинциясындагы Дашти Кала районунун администрациясын жети сааттык кармаштан кийин өз карамагына алышканын провинциянын губернатору билдирди.

Бирок көп өтпөй, бир нече саатка созулган салгылашуудан кийин администрация согушкерлерден тазаланганы маалым болду. Ал кармашта коопсуздук күчтөрүнүн төрт мүчөсү курман болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Ошол эле күнү баш калаа Кабулдагы Ички иштер министрлигине жасалган чабуулдан бир полициячы, алты жай тургун мерт болду. Чабуул койгондордун баары жок кылынганын министрликтин маалымат катчысы Нажиб Даниш билдирди:

- Чабуул койгондор Ооганстандын Ички иштер министрлигинин ичине кирүүнү каалашкан. Ондой киши жок кылынып, алардын ичинен экөө өзүн жардырып жиберүүгө үлгүрүшкөн. Алардын баары аскер формачан болушкан.

Бул чабуул үчүн “Ислам мамлекети” радикал уюму жоопкерчиликти өз мойнуна алды.

30-майда өлкө чыгышындагы Логар провинциясында да полиция бекетине чабуул жасалды. Анда жанкечти уюштурган жардыруу кеминде үч офицердин өмүрүн кыйганы кабарланды.

Кол салуу үчүн “Талибан” кыймылы жоопкерчилик алды. Ал эми Ооганстандын түштүгү да бул күнү тынч болгон жок. Кандагар провинциясындагы жардыруудан үч жай тургун өлүп, он чакты адам жарадар болгонун жергиликтүү бийлик өкүлү билдирди. Жарадарлардын ичинен алты адамдын абалы оор экени маалымдалды. Бул чабуул үчүн эч бир топ жоопкерчиликти мойнуна алган жок.

Соңку бир нече ай ичинде “Талибан” кыймылы жана “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жергиликтүү бөлүмү уюштурган чабуулдардан жүздөгөн адамдар курман болду.

Кабулдагы Ички иштер министрлигинин алдындагы коопсуздук күчтөрү. 30-май, 2018-жыл.
Кабулдагы Ички иштер министрлигинин алдындагы коопсуздук күчтөрү. 30-май, 2018-жыл.

"Талибан" менен тынч сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аракети уланууда

Чабуулдар тынбай жатканына карабай «Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтү «сахна артында» сүйлөшүү аракетин көрүп жатышканын Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Жон Николсон билдирди. Ал кыймылдын жогорку жана орто деңгээлдеги лидерлери менен оогандар ортосунда сүйлөшүү болуп жатканын кошумчалап, процесс чындап иш жүзүнө ашмайынча диалогго катышып жаткандардын атын атабай турууну туура көрдү.

“Тынчтык процессине кызыкдар тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр үчүн бир нече каналдар ачылды”,- деди Николсон. Генерал “Талибан” кыймылынын ичинде да согушту токтотуу боюнча катуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Генерал Жон Николсон Кандагарда.17-апрель, 2018-жыл.
Генерал Жон Николсон Кандагарда.17-апрель, 2018-жыл.

Быйыл жыл башында ооган президенти Ашраф Гани талиптерге саясий партия түзүүгө уруксат берерин айтып, эгер алар тынчтык сүйлөшүүлөрүнө көнө турган болсо, санкцияларды алуу боюнча иш жүргүзүүгө да убада берген.

Ашраф Гани бул үчүн "Талибан" эч кандай шарт койбошу керектигин да белгилеген. Бирок "Талибан" Кабул менен түз сүйлөшүүгө каршы. Анын башчылары тынчтык сүйлөшүүсүн өздөрү “чет өлкөлүк баскынчы күчтөр” деп атаган АКШ менен гана жүргүзүшөрүн билдиришкен.

Вашингтон болсо, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн ооган өкмөтү башкы ролду ойношу керектигин билдирип келет жана талиптердин Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу талабын четке каккан. Апрель айынын башында талиптер жазгы чабуулдарын баштаганын жарыялашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG