Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33

Ооганстан Пакистан гезиттерине дарбазаны жапты


Кабылда сатылчу айрым гезиттер
Кабылда сатылчу айрым гезиттер

21-сентябрдан тарта Ооганстанда Пакистандын бардык гезиттерин сатууга тыйуу салынды.

Ооган өкмөтүнүн маалымдашынча, бул чара талиптердин маалымат аркылуу коомчулуктун пикирине таасир этүүсүнө жол бербөө максатында жасалды. Карапайым жарандар Пакистан басылмалары өкмөткө каршы мүнөздөгү пропагандалык макалаларды көп чыгарганын айтышып, ооган өкмөтү “туура чечим кабыл алды” дешүүдө.

Кабылдын жашоочусу Мухаммед Нажем жекшемби күнү Reuters агенттигине берген интервьюда өкмөттүн чечимин жактырганын айтты:

Пакистандык гезит саткыч "ал-Каиданын" ана башы Усама бин Ладендин жок кылынганын кабарлаган гезиттерди сатууда. Лахор шаары, 3-май 2011
Пакистандык гезит саткыч "ал-Каиданын" ана башы Усама бин Ладендин жок кылынганын кабарлаган гезиттерди сатууда. Лахор шаары, 3-май 2011
- Ооганстандын ички иштер министрлигинин пакистандык гезиттерди тыйган чечимин туура деп санайбыз. Бул туура чечим, себеби пакистандык гезиттер пропагандисттик мазмундагы жана антиөкмөттүк макалаларды жарыялап жаткан.

Пакистандык гезиттерди жайылтууну тыйган ооган өкмөтүнүн кадамын гезит менен соода кылган ооган жараны Мухаммед Самим да жактады:

- Ооган ички иштер министрлигинин Пакистан гезиттеринин жалпы Ооганстанда тыйганы бизди сүйүндүрдү. Бул туура чечимди биз жактырабыз.

Бул чара кабыл алынардан алдың Ооганстандын ички иштер министрлиги пакистандык гезиттердин мазмунун иликтеп, аларда “сөз эркиндигинин рухуна каршы” материалдар көп экенин тактаганын билдирген.

Ооганстандын ички иштер министрлигинин өкүлү Нажиб Даниш жекшемби күнү Кабылда журналистттер менен болгон жолугушууда пакистандык гезиттерде Ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы багытталган окуя-жаңылыктар көп басылганын да белгиледи:

- Ооган ички иштер министрлиги Ооганстандын чыгышына кээ бир Пакистан гезиттеринин киришине тыйуу салды. Ооган ички иштер министрлиги жүргүзгөн мониторинг жана текшерүүдөн кийин пакистандык гезиттерде сөз эркиндигине жана Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө каршы айрым бир окуялар басылганы аныкталды.

Ооганстандын ички иштер министрлигинин айтымында, чек ара полициясы өлкө чыгышындагы Пакистанга чек аралаш Нуристан, Кунар жана Нангархар провинцияларында дүкөн-күркөлөрдү тинтип, пакистандык гезиттерди чогулта баштады.

Пакистандык гезиттерди өлкө ичинде сатууга Кабылдын тыйуу салуусу коңшулаш эки мамлекет арасындагы жагдайды бир кыйла курчутушу мүмкүн. Ансыз да ооган өкмөтү Пакистандын куралдуу күчтөрүн чек араны көзгө илбей, ооган тарапты аткылайт деп бир нече айдан бери күнөөлөп жүрөт.

Расмий Исламабад өз кезегинде ооган тарапты өлкөнүн тоолуу аймактарын жабыт кылган согушчандардын чек араны бузуп өтүп, Пакистан аскерлерине тийе-качып кол салуусуна каршы чара көрбөйт деп айыптап келет.

Өткөн бейшемби күнү Ооганстандын тышкы иштер министри Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөп, Пакистан менен дипломаттык мамиле коркунучтуу абалга жетип калганын айткан.

XS
SM
MD
LG