Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Алайда Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси белгиленүүдө


Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси.
Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси.

Ош облусунун Алай районунда тарыхый инсан, мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тараткан маалыматка караганда, 11-12-сентябрь күндөрү өтө турган мааракенин алкагында Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери ачылды.

Бул күндөрү спорттук мелдештер, кол өнөрчүлөрдүн шырдак, боз үй, каада-салтты чагылдырган көргөзмөлөрү өтүп жатат. Мааракеге арналып төкмө акындар арасында айтыш сынагы, ат оюндары, салбурун, ордо уюштурулган.

Маалыматка караганда, бул күндөрү Ош-Эркештам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.

Алымбек датка (болжол менен 1799 же 1800-ж. туулган) 19-кылымдагы кокондук ири саясий ишмер.

27 жашында Мадали хан тарабынан Коконго кызмат кылууга чакырылып, ал жерде мамлекеттик ишмердик жолго түшүп, датка деген наамга ээ болгон. (КЕ)


Шерине

XS
SM
MD
LG