Польша Беларус жана Украина менен чек арасында аба каттамдарына чектөө киргизди. Маалыматка караганда, мындай чектөө ушул жылдын 10-сентябрынан 9-декабрына чейин күчүндө болот. Польша Аэронавигация кызматынын маалыматына ылайык, чектелген тилке EP R129 зонасы деп белгиленди.
Аталган зонада түнкүсүн учууга толук тыюу салынып, күндүз аскердик учактардан башка учактарга каттоого уруксат берилет. Маалыматка караганда, алар алдын ала учуу планын тапшырат.
Латвия болсо, Беларус жана Орусия менен чектеш аймактардагы аба мейкиндигин 18-сентябрга чейин жапты. Өлкөнүн Коргоо министри Андрис Спрудс мындай чаралар аба мейкиндигин көзөмөлдөөнү күчөтүп, уруксаты жок учуучу аппараттарды аныктоого шарт түзөт. Министр муну алдын алуу чаралары деп атады. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү атайын аскердик машыгууларынын алкагында жогорку даярдык абалында турат.
Шаршембиде эртең менен Вырыки-Воля айылынын тургуну Томаш Весоловскийдин үйүнө учуучу аппараттын сыныгы кулап түшкөн.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын Польшанын аба мейкиндигин бузганын чукул жыйында караганы жатат. Варшава ал окуяны «агрессия» деп атады.
Москва Польшадагы жайларды бутага албаганын айтууда. (AiA)
Шерине