Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 7-Апрель көчөсүн бойлой салынган “Асман”, “Мейкин”, “Сый ордо”, “Ата”, “Ак булут” жана “Ак Сарай” банкеттик залдарынын кожоюну (35 жаштагы С.А.С.) 10-сентябрда кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында тергөөдө Иса Ахунбаев көчөсүнөн Абсамат Масалиев проспектисине чейин салынган ресторан, тойканалар “кызыл сызыктан” чыгып, шаар куруу эрежелерин одоно бузуу менен курулганы аныкталган.
УКМК шектүү ишкер каржылык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, мамлекеттик кызматкерлер менен сүйлөшүп ресторандардын аянтын чоңойтуп алганын кошумчалады. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Шектүүнүн жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)
Шерине