Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Депутаттын талаштуу сунушу: Абдибаеваны сындаган юристке каршы арыз түштү

Депутат Айсаракан Абдибаева педофилге же кылмышкерге пробация берүүнү сунуш кылбаганын айткан. Коллаж.
Депутат Айсаракан Абдибаева педофилге же кылмышкерге пробация берүүнү сунуш кылбаганын айткан. Коллаж.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны мандатынан ажыратуу боюнча демилге көтөргөн юрист Адилет Мерканов УКМКга чакыртылганы белгилүү болду. Мунун алдында коомдук бирикмеден анын үстүнөн сотко арыз түшкөн.

Мерканов доо арыз депутаттын күйөөсү Жолдошбек Сулайманов төрагалык кылган Свердлов райондук сотуна берилгенин айтып, муну "кызмат абалынан пайдалануу" деп сыпаттап жатат. Абдибаеванын жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыш үчүн жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу коомчулуктун сынына кабылып, анын депутаттык мандатын чакыртып алуу үчүн кол топтоло баштаган эле. 31 900 адам кол койгон петиция Жогорку Кеңешке берилген.

"Жалпы Жогорку Кеңештин аброюна асылды"

Парламент депутаты Айсаракан Абдибаеваны мандатынан ажыратуу боюнча демилге көтөргөн юрист Адилет Меркановдун үстүнөн "Эл коррупцияга каршы жана демократиялык өзгөрүүлөр үчүн" деп аталган коомдук бирикме сотко арызданганы белгилүү болду. Арызда “депутаттын аброюна шек келтирилгени” жүйө катары көрсөтүлгөн.

Өзүн бирикменин жетекчиси катары тааныштырган Бекболот Калыбеков соттон бир гана депутаттын эмес, Жогорку Кеңештин дагы ар-намысын коргоп берүүнү өтүнүп жатышканын айтты.

Бекболот Калыбеков
Бекболот Калыбеков

"Канчалык патриот болбосун, Кыргызстандын улуттук мыйзамдары бар, ал мыйзамдардын талабынан чыкпашы керек. Эл өкүлүн ЧМО деп айтууга укугу жок. Депутат Айсаракан Абдибаева түздөн-түз зомбулук кылгандарды түрмөдөн чыгаргыла деген жок. Бирок ЧМО деген сыяктуу сөздөр менен депутаттын аброюна асылуу - жалпы Жогорку Кеңештин, жалпы кыргыз элинин ар-намысына, беделине доо кетирүү. Биз ошол негизде сотко берип жатабыз. Себеби мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө түздөн-түз залака келтирип жатат".

Мунун алдында Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу боюнча петицияга кол койгондор 31 900 адамга жетип, юрист Адилет Мерканов Жогорку Кеңешке арыз менен кайрылган эле.

"Өспүрүмдөрдүн укугун коргоо үчүн аягына чейин барам"

Ал өзүнүн үстүнөн жазылган арыз депутат Айсаракан Абдибаеванын күйөөсү төрагалык кылган Свердлов райондук сотуна түшкөнүнө көңүл бурууда.

Адилет Мерканов
Адилет Мерканов

"Акаарат келтирди, беделине терс таасирин тийгизди" деп Свердлов райондук сотуна беришиптир. Бир коомдук бирикменин атынан берилиптир. Көңүл буруучу нерсе - кызыкчылыктар кагылышы деген мыйзам бар. Депутат Абдибаеванын күйөөсү дал ошол Свердлов райондук сотунда отуздай судьяны жетектеп отурган төрагасы экен. Бул канчалык акыйкат сот болот, же болбосо жөн эле бир сөз эркиндигин басуу, менин оозумду жабууну көздөгөн иш болот, аны көрөбүз. Анткени Абдибаева өзү Жогорку Кеңештин депутаты, эбегейсиз бийлиги бар, күйөөсү райондук соттун төрагасы болсо, биздей карапайымдардын оозун жабууга аракет кылып жатышат. Биздин башыбызды кесип алышы мүмкүн, бирок тилибизди кесе албайт. Жаш өспүрүмдөрдүн укугун коргоо үчүн аягына чейин барам".

Доогер тарап процессуалдык кодекстин негизинде жоопкердин жашаган жерине жараша Свердлов райондук сотуна кайрылышканын айтып жатат. Бирок Меркановдун айтымында, анын жашаган дареги башка аймакта.

"Жарандык-процессуалдык кодекстин 10-беренеси боюнча доо арыз менин катталган жериме - Ысык-Көлдүн Түп райондук сотуна берилиши керек болчу. Мыйзам жазганды билбесе да жазылган мыйзамды адвокаттары менен чогуу отуруп, окуп койсо болмок. Булар биздин ишкана катталган даректи көрсөтүп, Свердлов райондук сотуна кайрылышыптыр. Ачык эле билип туруп, кызыкчылыгы үчүн ошол сотко кайрылышкан. Мени эртерээк күнөөлүү кылууну көздөп турушат, буга көзүм жетип турат", - деди юрист.

Меркановдун жүйөсү боюнча "Азаттык" Жогорку сотко кайрылып, бул иш депутаттын жолдошу төрагалык кылган райондук сотто каралышына түшүндүрмө сурады. Жогорку сот азырынча жооп бере элек.

15-октябрда юрист УКМКга чакырылганын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Атайын кызмат азырынча маалымат бере элек.

"Эч ким куткара албайт"

Депутат Абдибаеванын жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар үчүн жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу коомчулуктун сынына кабылып, анын депутаттык мандатын чакыртып алуу үчүн кол топтоло баштаган.

Айсаракан Абдибаева парламенттин 7-октябрдагы отурумунда талкуу жараткан билдирүүсүнө түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Зордуктоо”) жана 157-беренесине (“Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) байланыштуу сунуш берүүсүнө шайлоочулары жана башка жарандардын кайрылуусу негиз болгонун кабарлаган. Ал педофилдерге же кылмышкерге пробация берип, жазасын жеңилдетүү жөнүндө сөз сүйлөбөгөнүн кошумчалап, өзүнө каршы атайын каралоо иштери жүрүп жатканын жана аны аныктоо өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрыларын айткан.

Коомчулуктун курч реакциясын жараткан билдирүүнүн талкуусу бүтө электе президент Садыр Жапаров дагы бул маселеге кайрылды. 12-октябрда Баткенде эл менен жолугушуусу учурунда жергиликтүү тургундардын бири 23 жаштагы тууганы 16 жаштагы кыз менен жакындаша коюп, Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин ("Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") негизинде камалып кеткенин, кыз да, анын ата-энеси да милицияга арыз жазбаганын айтып, бошотуп берүүнү суранган эле.

Мамлекет башчысы арыздын бар-жогуна карабастан жигит кылмыш жасаганын айтып, бул талашка чекит койгондой болгон.

Садыр Жапаров Баткенде.
Садыр Жапаров Баткенде.

"Аны эч ким куткара албайт, сот да, прокурор да, милиция да, мен да. Жигит башы менен ойлонушу керек. Ал 23 жашта, жасаган иш-аракеттеринин маанисин толук түшүнөт", - деген Жапаров.

Кыргызстандагы расмий статистика балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар көп катталып жатканын көрсөтүүдө. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы сегиз айында жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү 266 кылмыш иши катталган.

Алардын 228и сотко жөнөтүлүп, 30у боюнча тергөө уланууда. Бир кылмыш иши кыскартылган.

2025-жылы мындай мүнөздөгү 444 кылмыш иши катталып, алардын 381и сотко өткөрүлгөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG