Абакта ачкачылык кармап жаткан алты аялдын бири, мурдагы депутат Орозайым Нарматованын абалы начарлаганы кабарланды. Ал арада президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине камактагы аялдар тууралуу пикирин билдирип, алардын ишин сот чече турганын айтты.
Орозайым Нарматованын абалы
17-декабрда Омбудсмен институтунун кызматкери Бишкектеги №1 тергөө абагында төрт күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматова менен жолугушуп чыкты.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын маалыматына караганда, Нарматова ашказанында жара бар экенин айтып, ооруп жатканына даттанган. Тергөө абагынын дарыгерлери ооруну басаңдатуучу ийне сайып, дары берип жатышат.
Орозайым Нарматова ден соолугунун начарлаганына карабай ачкачылыгын токтотпой турганын билдирген. Тергөө абагынын кызматкерлери да Нарматова ачкачылыгын улантып, суу гана ичип жатканын ырасташкан.
Кемпир-Абад иши боюнча камалып, тергөө абагында ачкачылык жарыялаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын абалы начарлаганын 16-декабрда адвокаты Гуляна Убалиева “Азаттыкка” кабарлаган.
“Бүгүн түштөн кийин алсыздыктан эсин жоготкон. Анын ашказаны буга чейин эле ооруп жүргөн. Дарыгерлер “алсыз болуп атасың, глюкоза сайыш керек” десе макул болгон эмес. Ушундан кийин ашказанынын оорусун басыш үчүн дары сайышыптыр. Орозайымдын эртеден кечке башы ооруп, үч күндө төрт килограмм арыктады”, - деди жактоочу.
28-октябрда Москвадан алып келинип эки айга камалган Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы 9-декабрда каралып, Бишкектин Биринчи май райондук соту абак мөөнөтүн кийинки жылдын 20-февралына чейин узарткан.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Нарматовага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” деген беренеси менен 14-ноябрда дагы бир айып угузулганы белгилүү болгон.
"Кыздарын тыйып коюшпайт беле..."
Президент Жапаров 17-декабрда "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде "Кемпир-Абадды коргоо комитетинин" мүчөлөрүнүн абактагы мөөнөтүнүн узартылышы, аялдарга ырайым кылып, үй камагына чыгаруу сунуштары жана башка маселелер тууралуу оюн билдирди.
Ал журналисттин камактагы аялдардын энелери, тарапташтары ачык кайрылуу кылып жатканын, президенттин аларды айкөлдүк кылып чыгаруу ниети барбы деген маанидеги суроосуна мындай жооп узаткан.
"Азыр мага кайрылып жаткан энелер эки жылдан бери эң жок дегенде бир жолу: "Ай кыздар, тартиптүү болгула, калп сөз сүйлөбөгүлө, жалаа жаппагыла, төңкөрүштөн айланасыңбы!" деп тыйып коюшпайбы. Кеч боло электе ошол аялдарга, кыздарга акыл үйрөтүшпөйт беле. Экинчиден, ошол аялдарды колдорунан жетелеп алып төңкөрүш жасайбыз деген чогулушка мен алып барган жокмун да. "Сен жүз кишини, сен миң кишини портерлерге жүктөп кел" деп план түздүргөн жокмун. "Элди портерлерге жүктөп келгиле" дегидей эл ким аларга? Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Кимдин ким экенин, ким кандай иштеп жатканын эң сонун билишет", - деди Садыр Жапаров.
"Камалгандар Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылгысы келген" деген
Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин белгилеген.
"Күч органдары кылдат иштеп, өз убагында басып калышты. Камашты. "Төңкөрүш жасайбыз" деп план түзүп атышса башынан сыламак беле? Эми алардын тагдырын мен чечпейм, сот чечет. Ак болсо актайт. Күнөөлүү болсо соттойт. Мен эч кимисине "чыгарып кой" деп буйрук бере албайм. Кийлигишпегеним үчүн Октябрь окуялары боюнча баарын актап жиберишти. "Соттордун ишине кийлигишпегиле" деп эч кимди кийлигиштирбей жатам".
Анткен менен Садыр Жапаровдун маегинен кийин юрист Таттуубүбү Эргешбаева президент маегинде кармалгандарды ачык айыптап жатканын, бул сот ишине кийлигишүү катары бааланарын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар тууралуу буга чейин да пикирин билдирген. 26-ноябрда Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар өлкөдө башаламандык уюштурууну пландашканын, бул ишке сот чекит коёрун айткан болчу.
"Ачкачылык акыркы арга"
Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда.
14-декабрда абакта жаткан алты аял эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогону белгилүү болгон. Камалгандар Кыргызстандын азыркы жетекчилиги авторитаризмди орнотуп жатканын белгилеген.
"Бизди ачкачылык акциясын баштоого түрткөн негизги себеп - саясатчылардын, активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин кеңири чөйрөсүнө карата жасалган массалык саясий репрессиялар, негизсиз кылмыш иштерин козгоо, адилетсиздик жана мыйзамсыздык. 2022-жылдын 23-октябрынан бери биз куугунтуктоо максатында ашынган, оор кылмыш – массалык башаламандык уюштурууга даярданган деген айыптын негизинде абакта отурабыз. Сөз эркиндигине, биригүү эркиндигине, тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигине болгон укукту мыйзамдуу түрдө ишке ашыруу тергөө органдары тарабынан кылмыштуу аракет катары таанылып, ошол эле учурда 23-октябрдан бери тергөө органдары айыпталуучуларга карата эч кандай тергөө амалдарын жүргүзбөгөнү, кылмыш ишинини негизсиз экенин ачык эле тастыктап турат. Ага карабастан Биринчи май райондук соту бизди камакта калтырууну 2023-жылдын 22-февралына чейин узартты. Кыргызстандын жетекчилиги биздин укуктарыбыз менен эркиндигибизди басмырлоого, саясий оппозицияны куугунтуктоо менен Кыргыз мамлекетинин демократиялык негиздерин системдүү түрдө талкалап жатканын, биздин республикада президенттик авторитаризм эле орноп калбастан, анын эң жаман көрүнүшү - террористик ыкмаларга таянган залимдик формасы орун алууда", - деп жазылган кайрылууда.
Камалгандар ушул тапта жалпыга таандык демократиялык баалуулуктар жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн күрөшүүнүн жалгыз, акыркы мүмкүнчүлүгү катары ачкачылык жарыялоону туура көрүп жатышканын билдиришкен.
Алар ачкачылыктан келип чыкчу кесепеттерге президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, бир катар тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор жооптуу болорун эскертишкен.
"Мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалып, эки айга камалышкан. Ички иштер министрлиги жана бийлик жапырт кармоонун себебин Кемпир-Абад маселесине байланыштырган.
Бирок камакта отургандардын бир тобу суракта Кемпир-Абад боюнча эмес, мамлекеттик төңкөрүш аракети тууралуу соболдор берилип жатканын айтып чыгышкан.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 13-декабрда сот чечими чыгардын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып улам бир айып токулуп жатканын билдирген.
"Мурда башка жомок токулду эле, эми жаңы жомок айтылып атат. Эки ай ичинде бир жолу эле сурак болду. Анда эки гана суроо берилди".
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, жашы 60тан өтүп калган Гүлнара Журабаева өзүнүн кыймыл-аракетинде кылмыш жок экенин, бейкүнөө камакта отурушканын кайталаган. Активист Перизат Суранова болсо кылмыш ишинде фигурант болгон Жогорку Кеңештин депутаттары жок болуп кеткени таң калычтуу экенин белгилеген.
12-13-декабрда сот жүрүп жатканда абактагы айрым саясатчылар жок дегенде аялдарды бошотууну суранып, абакта отурган эки ай ичинде мурдагы депутат, 70 жаштагы Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлап кеткенин айтышкан болчу.
Бирок бөгөт чарасын карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.
Бир катар укук коргоочулар, адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырып келет. Кыргыз милициясы жана бийлик шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.