Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:30

Эл үнү: “Көктөгү сан жылдыздай чачыраба”


Элдик ыктыярдуу кошуун. Бишкек. "Форум" кеңсесинин жаны. 2010-жыл, 14-май
Элдик ыктыярдуу кошуун. Бишкек. "Форум" кеңсесинин жаны. 2010-жыл, 14-май

“Эл үнү” апталык берүүсүнө кайрылган бир катар угармандар Конституциянын жаңы долбооруна карата пикирлерин билдиришип, айрымдары Кыргызстан кыйын кезеңди башынан өткөрүп жатканда биримдикте болуп, бардык тоскоолдуктарды жалпы улуттук ынтымак менен жеңүү керектигин айтышты.

Өзүн парапсихолог санаган Рапахан Айдаркулова айым 17-майга чейин эл арасында дагы коогалаң болоору ыктымалдыгын, аны сүйлөшүү жолу менен тынч чечүү керектигин 10-майда айткан болчу.

- Мага ааламдан көп эле аяндар келет. Ошол аяндардын көпчүлүгү далилдери менен ишке ашып, тарыхый окуялардын болушун алдын-ала айткан. 17-майдын алдында да көп коогалаңдар турат. Ошол үчүн мен элге айтаар элем: калың эл мүмкүн болушунча “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, бир багытка, өздөрүнүн келечегине ой жүгүртүү менен мамиле кылса. Анан калың эл ынтымакта болсо. Себеби мен көргөн нерсенин бетин кудай нары кылсын. Айрымдары мына кечээ жакында болуп өттү. Мына ушуларды мен 5 жыл мурда айтканда эч ким маани берген эмес.

Рапахан айым, ошондой эле, "Улуу Рухтардын кайрылуусун" элге жеткирип коюу эп деп санайт.

Анын оюнча, бул кайрылууда мындай саптар бар:

Манастын жортуулдан кайтышы. Жоомарт Кыдыралиевдин сүрөтү.
- Улуу Рухтардын элге кайрылуусу бар.

Эгерде ошол кайрылуу элге жетсе бир ойго келээр.

“Оо, урпактар!
Бир доордо бир ирет сүйлөөрүм бар,
Таш балбал кеп-кебине конок берсең.
Көктөгү сан жылдыздай чачыраба,
Сайдагы кара таштай ыдыраба.
Чар тарабыңдан чөөлөр аңдып турат,
Кезигип таламайга калып калба.

Бир доор бүтүп, жаңысы алмашарда,
Биригип баш койгула бир жакага.
Көсөм Бакай, Акбалта жолун улап,
Бирдиктүү күчтүү жеңге кол сунгула.
Төбөңдө түбөлүктүү теңир турат,
Артыңда төшү түктүү жериң турат.
Алдырып азыткыга жолдон тайсаң,
Манастын көккө жазган анты урат”.

Бул кабар жогору жактан келген кабар.

Ушуну жаамы кыргыз журтуна жетсин деп айтып отурам,
- деди Рапахан Айдаркулова айым.

“Эл үнү” берүүбүзгө адилеттикти, акыйкатты издеп кайрылгандар да болду.

Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан Тыңчыбек Жайыков:

- Мен “Азаттыкка” чындыкты айтайын деп келдим. Биринчиден, ушул Курманбек Бакиевдин бийлигиндей болгон биздин айылда үрөнчүлүк чарбасынын директору бар. Ал бетине чындыкты айтып, сындаганым үчүн мени 2 жылга ак жеримден кестирип жиберген. Мына эми жаңы бийлик, Убактылуу өкмөт келди, эми чындык, акыйкаттык болуп, мени актаар бекен деген тилек.

7-апрел ыңкылабында шейит кеткен балдардын жакындары болсо Убактылуу өкмөт Курманбек Бакиевдин кан төгүүгө тиешеси бар делген бир туугандарын алигиче колго түшүрбөй, мыйзамдын алдында жоопко тартпай жатканына нааразылыгын билдиришти.

“Эл үнү” пргограммасына кайрылгандар Конституциянын жаңы редакциясынын долбооруна карата дагы өз пикирлерин билдиришип, Баш мыйзамдын долбооруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү сунуштарын айтышты.

Кадырман угарман!

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз, Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди алдын-ала жаздырып коюңуз. Эрежеге төп келген, далилге негизделген, кишинин беделине шек келтирбеген пикирлерди жана аларга айрым жоопторду кийинки берүүбүздө уктурмакчыбыз.
XS
SM
MD
LG