Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Өзбекстанда парламенттик шайлоо


Ташкендеги шайлоо бекеттеринин биринде. 2007-жылдын 23-декабры, ЕККУнун архивинен.
Ташкендеги шайлоо бекеттеринин биринде. 2007-жылдын 23-декабры, ЕККУнун архивинен.

Бүгүн Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, шайлоочулар добуш берүүгө жогорку активдүүлүк менен катышты. Шайлоо өлкө парламенти – Олий Межлистин төмөнкү палатасындагы 135 орун үчүн өткөрүлдү. Төмөнкү – Мыйзам чыгаруу палатасындагы мандаттардын саны мурдагы 120дан 150гө көбөйтүлгөн. Өзбекстанда добуш берүүгө укуктуулардын жалпы саны 17 миллион адам.

27-декабрдагы парламенттик шайлоого катышууга расмий каттоодон өткөн жана президент Ислам Каримовдун саясатын колдогон төрт саясий партияга гана уруксат берилди.

Алар: Либералдык- демократиялык партия, Өзбекстандын Элдик демократиялык партиясы, “Милли Тикланиш” ("Улуттук кайра жаралуу") жана “Адолат” Социал-демократиялык партиялары. Ошондой эле 15 орун дароо эле Өзбекстан Экологиялык кыймылына берилген.

Өзбекстандык мурунку мамлекеттик кызматкер, мурунку элчи, учурда качкын макамы бар Ташпулат Юлдашев добуш берүүгө барган жок:

- Жок. Мен добуш берген жокмун. Анткени мен муну мааниси жок деп ойлойм. Мен шайлоолорго көптөн бери барбайм. Анткени, менен аялым шайлоо комиссиясынын мүчөсү болчу, андыктан мен иштин баары кандай жазалаарын билем. Ошондуктан, андай иш чарага катышуунун эч мааниси жана зарылчылыгы да жок,- деди Ташпулат Юлдашев.

Бул шайлоо Өзбекстандагы башкаруу системасына өзгөрүү алып келеби, башкаруучу режимге таасир эте алабы деген мааниде саясий серепчи Улан Жуманаев мындай пикирин билдирди:

- Эми бардыгы түшүнүктүү да. Мен Өзбекстанга качан башка система орноорун билбейм. Бирок азырынча бул шайлоолор баягы орусча айтканда жөн эле шайлоо өттү аты да.

Улуттар Уюмунун эксперти, геоэколог Николай Дронин Өзбекстан Экологиялык кыймылына дароо парламенттен орун берүү менен эл аралык коомчулукка көз боемочулук кылгандай деген пикир менен бөлүштү:

- Каримов бул шайлоо демократияны сыноо деп атады. Ал эми парламентте экологиялык фракциянын пайда болушу ошол демократиялык кадамды далилдөө катары тартууланды. Албетте, бул батыштык байкоочуларга карата жакшы уюшулган табылга, ал эми жашылдар болсо парламентке өтүштү. Кантсе дагы Батыш аларды түшүнүп эле турат, бирок Өзбекстан менен талашып-тартышкысы келбейт. Эмне үчүн? Анткени, Ооганстанда чоң аскерий операциялар күтүлүп жатпайбы. Демек, жашылдар дагы бул жерде өз ролун ойнойт.

Журналист Каарманбектин оюнча Өзбекстанды канчалык сындаган менен шайлоо жараянын өтүшүнүн өзү өлкө үчүн жакшы көрүнүш:

- Канчалык тоталитардык режим деп аталбасын, мындай шайлоону өткөрүү менен Өзбекстан өзүн демократиялык мамлекетмин дегенди көрсөттү. Ал эми шайлоо канчалык деңгээлде таза, ишенимдүү өттү – ал башка маселе. Демек, Өзбекстандын демократиялык өлкөмүн дегенинин өзү жакшы башталыш.

Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинде добуш берүү кандай жүрүп жатканын билүү үчүн барган кабарчыбыз куру кол кайтты. Элчиликтен кабарчыга маалымат берүүдөн таптакыр баш тартышты.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму шайлоого байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан. Ага негиз катары Өзбекстандагы шайлоочуларга бирдей саясий атаандаштык укугун камсыз кылбагандыгын белгилеген.

Камиля Садыкова Либерал демократтар партиясынын мүчөсү, бирок ал өз партиясынын тизмесине илинбей калган. Анын себеби тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматына мындайча билдирди:

Менин жогорку билимим бар. Мага акчанын кереги жок, мага өкмөттүк кызматтын да кереги жок. Мен өз өмүрүмдү өлкөм, президент үчүн садага чапканга даярмын. Бирок мени ээлеген кызмат ордуң жок, өкмөттө сени колдогон кишиң да жок деп талапкердигимди каттабай коюшту. Алар мени шылдыңдап, талапкерлердин тизмеси эбак түзүлгөн деп айтышты. Бирок мыйзам боюнча, талапкердигимди койгонго менде дагы убакыт бар болчу. Бул тууралуу президент Каримов билбейт болуш керек.

Эгер Камиля Садыкова тизмеге илингенде, бул жолку шайлоодо парламентке депутат болуп калышы мүмкүн болчу, анткени жакында Өзбекстанда парламенттеги орундардын отуз пайызын аялдарга берүү тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG