Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

«Рейтинг»: Зеленский алдыда


Украинанын президенттигине талапкерлер Петро Порошенко жана Владимир Зеленский. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын президенттигине талапкерлер Петро Порошенко жана Владимир Зеленский. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасынан кийин өткөрүлгөн биринчи эркин сурамжылоонун жыйынтыгы чоң саясатта тажрыйбасы жок Владимир Зеленский азыркы мамлекет башчы Петро Порошенкодон кыйла алдыда экенин көрсөттү.

«Рейтинг» социологиялык тобу жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 51% куудул, актер Зеленскийди кийинки президент катары көрөрүн айтышкан. Ал эми 21 пайызы азыркы мамлекет башчы Петро Порошенкону колдошот.

«Кондитердик миллиардер» деген атка конгон Петро Порошенко өлкө башына келген соңку беш жыл ичинде коррупциянын деңгээлинин жогорулашы анын эл арасындагы аброюн түшүрдү. Мындан тышкары, көп адамдар аны «тиешелүү реформаларды жүргүзө алган жок» деп сындап келишет.

Анткен менен Порошенко 31-мартта өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында 39 талапкердин арасынан экинчи орунду ээлеп, экинчи айлампага катышууга мүмкүнчүлүк алды. Мунун себебин серепчилер анын өлкө чыгышындагы беш жылдан бери уланып жаткан өкмөттүк армия менен орусиячыл козголоңчулардын ортосундагы согушта көрсөткөн чечкиндүүлүгү жана украин чиркөөсүн орустардыкынан бөлүп чыкканы менен түшүндүрүшөт.

Шайлоонун биринчи айлампасында Зеленский добуштардын 30, 24%, ал эми Порошенко 15, 95 пайызын топтогон.

Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

«Слуга народа» же «Эл кызматчысы» деген сериалда орто мектептин мугалиминен президенттикке чейин көтөрүлүп, эл сүймөнчүгүнө айланган мамлекет башчынын ролун аткарып, популярдуулугун жогорулата алган Зеленский былтыр жыл соңунда чыныгы жашоодо да президенттикке ат салышарын жарыялаган. Аны жаштар гана эмес, эски саясатчылардан чарчаган улуу курактагылар да колдой тургандыгын сурамжылоолор көрсөткөн.​

«Рейтинг» социалдык тобу жүргүзгөн иликтөөгө караганда, Зеленский өлкөнүн чыгышында, түштүгүндө жана борбордук бөлүгүндө алдыда. Бирок аны батыш аймактардын тургундары көп жактыра беришпегени байкалган.

Азырынча шайлоочулар бул эки талапкердин бетме-бет жолукканын көрө алабы же жокпу, анысы белгисиз. Анткени экөө тең стадиондо өтө турган саясий эрөөлгө макул болушканы менен убактысы боюнча бир пикирге келише элек.

Зеленскийдин каршылаштары ал Украинанын саясий, каржылык жана социалдык маселелерин кантип чечерин так айта албай жатканын сындап жатышат.

Порошенко атаандашын Орусиянын жана олигарх Игорь Коломойскийдин «кол баласы» деп атап жүрөт. Зеленский өзү мындай домматтарды четке кагууда.

Игорь Коломойский.
Игорь Коломойский.

Украиналыктардын көбү кийинки бийликтен өлкөнүн чыгышында беш жылдан бери уланып жаткан куралдуу кагылышуулардын токтошун, жемкорлукка каршы чыныгы күрөш жүргүзүлүшүн жана улуттук биримдиктин бекемделишин күтөт.

Сурамжылоого катышкандардын 83 пайызы кескин өзгөрүүлөрдү күтөт.

Иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, жарандардын 39 пайызында шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары бурмаланышы мүмкүн деген кооптонуу бар, ал эми 37% буга жол берилбейт деген ойдо. Анткен менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму 31-мартта өткөн шайлоонун биринчи айлампасынын жүрүшүн жалпысынан оң баалаган.

Уюмдун Киевдеги байкоочулары айрым процедуралык маселелерге карабастан шайлоодо талапкерлер ортосундагы атаандаштыкка шарт түзүлгөнүн белгилешкен.

12-апрелде эки талапкер тең Францияга барып, президент Эммануэл Макрон менен жолугушаары маалым болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG