Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:04

Латвиянын улуттук акчасы девалвация коркунучуна кептелди


Латвия - Парекс банктын баш кеңсеси, Рига
Латвия - Парекс банктын баш кеңсеси, Рига

Экономикалык рецессиядан эң көп жабыркаган Латвияда финансылык кризис тереңдөөдө. Былтыр бул балтикалык өлкө Эларалык валюта корунан бир нече миллиард доллар жардам сураган. Эми Латвия улуттук валютасын – латты девалвациялашы мүмкүн деген айың кептер айтыла баштады. Өлкө бийлиги андай имиштерди четке какканы менен, адистер латтын девалвациясы региондогу башка өлкөлөргө терс таасир тийгизет деп ырасташууда.

Бир нече жыл илгери эле Латвия Еврошаркеттин экономикасы эң тез өнүккөн өлкөлөр тизмесине кирчү. Былтыр дүйнөнү каптай баштаган глобалдуу финансылык кризис анын турак-жай тармагынын кыйрашына алып келди. Ошентип, Латвия экономикасы быйылкы жылдын алгачкы 3 айында эле 18 процентке төмөндөдү.

Соңку жумаларда өкмөт еврого байланган улуттук валютаны- латты девалвациялашы ыктымал деген имиштер угула баштады. Муну далилдегенсип, шаршембиде өкмөттүн карыздары аукционго коюлуп, бирок аларды сатып алууну каалаган кардарлар аз болчуп чыкты.

Ал эми негизги кабар Ригадан эмес, Стокголмдон келгенин Копенгагендеги Данске банкынын аналитиги Ларс Кристенсен айтат:

- Швециянын борбордук банкы өткөн аптада чет өлкөлүк валюта резервин көбөйтүү ниетин жарыялады. Финансылык рынок муну Балтика өлкөлөрүндөгү проблемалардын залкасын азайтуу максатында жасалган кадам катары баалады.

Девалвация жөнүндөгү имиштерге Швециянын борбордук банкынын мурдагы төрагасы, Латвия өкмөтүнүн кеңешчиси Бенгт Деннистин комментарийи кошумча жем таштады. Ал девалвациядан качып кутулуу мүмкүн эместигин жашырган жок.

Швециянын камтамасын түшүнүү кыйын эмес. Алардын бир катар банктары Латвияда иш жүргүзөт, девалвация болсо кредиттерди төлөй албай калган адамдар менен фирмалардын санын сөзсүз көбөйтөт.

Бир четинен девалвация экспорттун өсүшүнө түрткү берип, экономиканы тең салмактоого жардам бермекчи. Анткени менен, расмий Рига девалвация инфляцияга, башка проблемаларга алып келет деп, андай вариантты четке кагууда.

Латтын девалвациясынан башка өлкөлөр да, биринчи кезекте кошуна Литва менен Эстония жабыркашы ыктымал. Аналитиктер алар да конкуренттүүлүгүн сактап калыш үчүн өз валюталарын девалвациялашы мүмүкн деп боолголошот.

Кристенсендин айтымында, бул толкундун Болгарияга чейин жетиши ажеп эмес:

- Латвиянын эң өкүнчүтүү абалда экени талашсыз. Бирок аймактагы калган мамлекеттер да финансылоонун тартыштыгы, экономикалык дисбаланс өңдүү поблемалар менен күрөшүп келатышат. Жана март-апрель майында күбө болгон кырдаал дагы кайталанышы мүмкүн деген кооптонуу жок эмес.

Экономикалык баяндамачы Анатол Калетски бейшембиде “Таймска” (The Times) жазгандай, Балтикадагы девалвация евромейкиндикке да, эң жок дегенде Ирландия же Греция өңдүү экономикалары чабал өлкөлөргө терс таасир тийгизиши ыктымал.

Аналитиктердин баамында, азыр Эларалык валюта кору менен Еврошаркет убада кылган акчанын экинчи бөлүгүнүн Латвияга берилиши өтө маанилүү. 1 миллиард 200 миллион евро июлда берилет деп күтүлүүдө. Бирок кредиторлор ага чейин Рига бюджет таңсыктыгын толтурушу керек деген шарт коюшууда.

XS
SM
MD
LG