Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Улук Өмүрзаковдун кызматынын "кызыгы"


Улук Өмүрзаков.
Улук Өмүрзаков.

Башкы прокуратура Улук Өмүрзаковдун Баткенге которулганы тууралуу буга чейинки маалыматтарын четке кагып жатат.

Мунун алдында Өмүрзаков Оштон Баткен облустук прокуратурага которулганы, облус прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалганы кабарланган.

Ал ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси экени белгилүү, Ош шаарында "Мухаммед-Умар" аттуу спорт клубду жетектейт. Буга чейин бул спорт жайына барган балдардын аты аталган кылмыштарды "Азаттык" иликтеп чыккан болчу.

Алгач Улук Өмүрзаков Ош облустук прокуратурадан Баткенге которулганы, бөлүм башчы болуп дайындалганы тууралуу маалымат чыккан. Башкы прокуратура муну ротация менен негиздегенине карабай кандай кызматка барганын так айткан эмес.

“Азаттыктын” кабарчысы 27-ноябрда Баткен облустук прокуратуранын кабылдамасына чалганда, ал жактан “Улук Өмүрзаков облустук прокурордун милдетин аткаруучу болуп келди” деген жооп алды. Бирок мындан көп өтпөй эле Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватова Өмүрзаковдун кызматы тууралуу маалыматтын баарын жокко чыгарды:

- Мен азыр кабылдамадагы кызга чалдым. Ал сиздин сурооңузду укпай калган го. Ал Өмүрзаков дегенди Ороз Кулмурзаевич деп угуп алган окшойт. Баткен облусунун прокурору кайтыш болгон күндүн эртеси эле Ороз Бердибаев милдетин аткаруучу болуп дайындалган да. Андай жагдайда аймакты прокурорсуз калтырганга болбойт, ошондуктан башкы прокурор Баткенге барганда эле Бердибаевди өзү менен кошо ала барып дайындап келген. Ал Башкы прокуратурада улук прокурор болуп иштечү. Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасынын карамагында, резервде, ротация менен Баткенге которулган, бирок ал иштебейт.

Бул макала жазылып жатканда Улук Өмүрзаковдун өзү менен байланышып, пикирин биле алган жокпуз. Эки ай мурун "Азаттык" Оштогу спорт клубдар, анда машыккан айрым адамдар катышканы кеп болгон адам уурдоо, тоноо сыяктуу кылмыш иштерин иликтеп чыккан. Анда ошол учурда Ош облустук прокуратурасында иштеп жаткан Улук Өмүрзаковдун аты аталган болчу. Өмүрзаков болсо дооматтардын баарын четке кагып келет.

Бандиттер байырлаган Ош
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:54 0:00

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев прокуратура кызматкерлерине байланыштуу соңку окуялар боюнча жумушчу топ түзүлөрүн "Азаттыкка" маалымдады:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Эң акыркы жагдайлар боюнча, прокуратура органдарынын жалпы иши, анын ичинде өлүм менен коштолгон окуялар, кызмат которуу боюнча нааразылык болуп жатат. Биздин комитет менен балким Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет чогуу же балким өзүнчө деле жумушчу топ түзүү тууралуу маселе көтөрүлгөн. Азыр бул маселе такталып жатат. Материалдардын баарын чогултабыз, сиздерден, ЖМКдан жана коомчулуктан да сурайбыз. Анткени акыркы убактарда прокуратура органдарында ар кандай көрүнүштөр көбөйүп жатат. Мамлекеттеги тең салмактуулукту, мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган органдагы коомчулукту нааразы кылган жагдайларды иликтеп чыгыш керек.

18-ноябрда Баткен облусунун прокурору болуп иштеп жаткан Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон жана сөөгү тоодо табылган. Кандуу окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Иликтөө бүткүчө облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчы жана Баткен районунун прокурору иштен убактылуу четтетилген.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

Мурунку башкы прокурор Байтемир Ибраев чуулгандуу окуяларда аты аталган кызматкерлер боюнча бул органдын өзү тыянак чыгарбай жатканын сынга алды:

- Прокуратура кызматкери кандайдыр бир чуулгандуу иштерге аралашканы тууралуу ЖМКга жарыяланса, эл арасында сөз болуп жатса, анда бул маселе боюнча сөзсүз түрдө кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы айтылышы керек. Бирок тилекке каршы андай болбой калып жатпайбы. Мисалы, буга чейин Ошто прокуратурада иштеп жүргөн Канжар Кадыралиев тууралуу чуулгандуу маалыматтар тарабады беле. Мына ушул окуя деле сабак болушу керек эле да. Коомчулукка маалымат берип, эгер аралашканы чын болсо аны айтып, андай болбосо "жакшы кызматкер экен, андай иштерге барбаптыр" деп так айтпаса ушундай суроолор жарала берет. Уу-дуу кеп басылбайт. Эгер чекит коюлбаса кайра-кайра талкууланып, сөз боло берет.

Талдоочу Турат Акимов Улук Өмүрзаковго байланыштуу жагдай кадр маселелерин козгой турганын айтты:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Бизде кадр саясатында, мамлекеттик башкарууда же болбосо менежментте жалпы элдин логикасына туура келген, элдин кызыкчылыгын көздөгөн тыянакты, чечимдерди мен көрө элекмин. Ошондуктан эгер мындай дайындоо болуп калса чынында таң калбайм деле. Бизде кландык-мафиоздук система болуп калгандан кийин жогору жакка ким жакын болсо, кимдин сөзү өтсө анда анын кесибине, тажрыйбасына, ал тууралуу коомдук пикирге деле карашпайт. Элибиз мамлекеттик чечимдерге эч бир кийлигишип, таасир эте албайт. Ошондуктан каалагандай чече беришет.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиевдин Кыргызстандагы эң кирешелүү "Мегаком" мамлекеттик компаниясына кызматка барганы талкууга түшкөн жана мындан улам ал кызматтан өз арызы менен кеткен. Алиярбек Абжалиев азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG