Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Парламент төрагасы өкмөт өкүлүн зекиди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште төрага Дастан Жумабековдун экономика министринин орун басары Элдар Абакировду "саясатка аралашпа" деп зекигени социалдык тармактарда талкууга түштү.

Социалдык тармактарда, эксперттик чөйрөдө бул окуя депутаттардын өздөрүнүн жүрүм-туруму, өкмөт мүчөлөрүнө кылган мамилеси, этикасы тууралуу сөздөрдү козгоду. Буга чейин да спикердин жалпы жыйындарда министрлерди тыйганы, өкмөт өкүлдөрүнүн кийип келген кийимине чейин кийлигишкени талкууга негиз болгон эле.

Элдар Абакиров 28-ноябрда парламенттин жыйынында “Мамлекеттик мүлк маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын мамлекеттик мүлктү башкаруу тууралуу суроосуна жооп берип жатып, ал өз оюн айтты:

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

- Ирина Юрьевна, биз деле мамлекет жакшы чарбачыл болушун каалайбыз. Бирок азыркы абалды талдай келсек, жагдай андай эмес болуп жатпайбы. Биз өкмөттүн, мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин тез-тез алмашканын негизги проблема деп эсептейбиз жана ошондон улам ишканаларды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттөгү максаты жок. Мындай максаты жок болгондон кийин башкаруунун сапаты да жоголуп жатат.

Бирок Элдар Абакиров бул суроого жооп берип-бере электе эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков аны зекип, тыйып салды:

- Элдар Курманбекович, саясатка кирбей жооп бериңиз. Саясатты аралаштырбаңыз. Ошондой ыйгарым укугуңуз барбы? Ашырбек Мойдунович (өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү - ред.), ушуну эске алсаңыздар. Этика, регламент деген бар. Мыйзам долбоорунун алкагында жооп бериши керек.

Бирок жыйында экономика министринин орун басарына болушкан депутаттар да чыкты. Маселен, депутат Ирина Карамушкина “мындай мамиледен улам айрыкча өкмөттүн жаш мүчөлөрү өз пикирин билдирбеген чоркок кадрларга айланып жатат” деген пикирин айтты:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

- Урматтуу төрага, жаштардын, жаш кадрлардын өздөрүнүн ою бар, алар, өкмөттөгү айрым жаш кадрлар чынында эле өлкөнү жакшы жакка өзгөрткүсү келет. Бирок өкмөттө, бул жерде аларга такай эле басым-кысым кылып, зекип жатып, натыйжада өз оюн айта албаган чоркок кадрларды даярдап жатабыз. Ушундан улам мындай чоркок адамдар кызматка отуруп алып, өлкөнүн өнүгүшүнө жолтоо болуп жатат. Анткени алар өз пикирин, чындыкты айткандан коркушат. Экономика министринин орун басары туура айтты! Мен аны дагы бир жолу колдойм. Эгер сиз азыр кызматыңыздан кол жууп кала тургандай коркунуч болсо да токтобоңуз! Болбосо биз алдыга бир кадам, артка үч кадам жасап өнүкпөй эле бир орунда эле тура беребиз.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Элдар Абакиров бул мыйзам долбоор боюнча атайын баяндамачы экенин эскертти:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Элдар Курманбекович Жогорку Кеңештин комитетинин, өкмөттүн чечими менен баяндамачы болуп атайын келгенден кийин өкмөт, ушул багыттагы саясат боюнча сүйлөгөнгө толук укугу бар. Болгон маселени ачык-айкын талкуулашыбыз керек. Элдар Курманбекович, сиз жаңы технократтардансыз. Сиз жогорку билимди жакшы жайдан алгансыз. Ошондуктан сиз ачык-айкын, баарын айтыңыз. Мамлекеттик мүлктү сатып, жеке менчикти өнүктүрүп, ага сый мамилени бекемдешибиз керек. Саясат ошондой болушу керек. Ошон үчүн сиз айткан тезистериңизден баш тартпаңыз.

Парламент жана комитеттердин жыйындарында министрлерди же алардын орун басарларын кагып-силккен, зекиген, мунун айынан кайым айтышкан учурлар маал-маалы менен эле болуп турат. Эмнеси болсо да бул соңку окуя депутаттар менен өкмөттүн, өкмөт мүчөлөрүнүн кызматтык мамилеси, этика тууралуу талкууларды жандантты.

Мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиевдин пикиринде, орой мамиле адатка айланып калды.

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

- Мамлекеттик этика деген бар, - дейт ал. - Мамлекеттик системада иштеген кызматкерлердин өзүнүн этикасы болушу керек. Бирин бири урматтап, пикирин сыйлап, жакшы мамиле кылышы керек. Ал жагынан эми бизде маданиятсыздык болуп жатат. Мындай көрүнүш эми күнүгө эле болуп жатпайбы.

Ал эми жарандык активист Динара Ошурахунова парламенттин өз жоопкерчилигине токтолду:

- Парламентте атайын өкмөттүк саат өтөт. Ошол жерге депутаттар жакшы даярданышы керек. Конкреттүү суроолорду берип, документтерди окуп даярданышы керек. Бизде болсо өкмөттүн баарын чакырып алып, ар бирин кичинекей баладай кылып урушуп, кагып-силкип, окута беришет. Министрлерди, алардын орун басарларын депутаттар дайындайт. Ошондуктан алардын баары - парламенттин, андагы партиялардын кадрлары. Эгер өкмөт башчы ошол кадрларды өзү тандап, өзү дайындаса анда ошол өкмөттү урушса болот эле. Парламент жоопкерчиликтин баарын алышы керек. Ошол өздөрү дайындаган өкмөттүн деңгээли, суроого жооп бергени, ошол тармакты билер-билбеси - мына ушунун баары депутаттардын жоопкерчилиги.

Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарында этика боюнча комитет иштечү. Азыркы чакырылыштагы парламентте андай комитет да жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG